|
Анара Шайымкулова, "Сармердендин" шайыр жеңеси: “САРМЕРДЕНГЕ” ГҮЛБҮНҮН СУЛУУЛУГУН КӨРҮШ ҮЧҮН КЕЛГЕНДЕР БАР ЭЛЕ”№966 10-16-июнь, 2021-ж.
– Саламатчылык. Мен 1978-жылы 28-январда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Карамарт айылында төрөлүп өскөм. Орто мектепти аяктагандан кийин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинде окудум. Үй-бүлөлүүмүн, жолдошум, 3 балам бар. Учурда Болот Эдигеев атындагы “Арашан” элдик ансамблинин солистимин. “Сармерден” долбоорунун алып баруучусу – шайыр жеңесимин. – Менин жерден боорумду көтөрүп, Анара экенимди тааный баштаганда эле ырчы болом деген кыялым бар болчу. Ыр уксам эле жаттап алып ырдап, барпыраган көйнөк кийип кошуна балдарга концерт коюп берчүмүн. Кээде кадимкидей теледен ырдап жатканымды "көрчүмүн". Мектепти аяктаганда атамдын каалоосу менен мугалимдик кесипке окуп калдым. Бирок ошондо деле "баары бир ырдап чыгам" дегем. Атам да, апам да жакшы ырдайт. Апам ыр жазчу. Университеттеги бардык маданий иш-чараларга катышчумун. Бир жолу Рыспай Абдыкадыровдун ырларын аткаруу боюнча сынак болуп, мен “Кымбатымды” ырдадым. Ошол жерден Арзыбек Бедияров көрүп, “Күлгүн жаш” тобуна чакырды. Ошол топто иштедим. Окууну аяктагандан кийин университетке мугалим болуп орноштум. Аз убакыттан кийин Жалал-Абаддагы облустук филармонияга ырчы болуп кирдим. 3-4 жылдай эмгектенгенден кийин борборго аттанып, бул жактан Айбек Карымовдун “Ай теңир” тобунда эмгектендим. Бир жылга жетпей Айбек байкенин аталаш инисине турмушка чыктым. Андан кийин 5-6 жылдай бала карап үйдө отуруп калдым. Кийин кайрадан ырчылыкка кайттым. – Тилектер орундалат экен. Чыгармачылыгымды түшүнгөн, колдогон инсанга турмушка чыксам экен деп тилечүмүн. Жолдошум, кайын журтум дайым колдойт. Балдарды карап ортодо ырдабай калдым дебедимби. Ошондо жолдошум “ырдагысы келбей калды” деп ойлоп жүрүптүр. Мен анда соода менен алек болчумун. Бир жолу Гүлнара Кахарова менен сүйлөшүп калсам, “сага душмандык кылып жатам. Айбек “жакшы ыр ырдалбай калбасын” деп сен ырдаган “Биздин сүйүү” ырын мага берди” деди. Дароо эле көзүмдөн жаш кетти. Булкунуп барып жолдошума “Айбек аке ырымды берип коюптур” десем, ал “сен ырдайт белең? Анда эмне жүрөсүң?” деп мени таң калып карады. Ошол жерден кайра ырдап чыгарым чечилди. Ал ырды Гүлнара эже ырдап чыккан жок. Кийин Тилек Найманбаев аттуу иним экөөбүз жаңылап ырдап чыктык. – 11-классымда обон чыгарам деп аракет кылдым. Бирок такыр окшошпой койгон. Мага обончулук талант берилбесе керек деп ойлойм. “Карамартым” деген ыр “Мени ээрчиткен ак жарык” деген концертимдин алдында жазылган. Досторум “өзүң эле обон жазбайсыңбы. Бул өзүңдүн Карамартың да. Башка обончу сезимдериңди сезе албайт” деп калышты. Анан үйдөн кыңылдап көрүп “менден чыкпайт окшойт” деп өзүмдөн өзүм уялдым. Болбой эле аракет кылып жазып көрүп досторума угузсам, жакшы баа беришти. Анан элге сундум. Азыр толкунданып жүргөн чагым. Уккандар жакшы ойлорун айтып жатышат. Өзүм да тойбой кайра-кайра угуп жатам. Бирок өзүмдү обончумун деп айта албайм. – Негизи кыргыз сөзгө сөздү кынаган, кепке кепти улаган таланттуу эл. Ар бири ырдайт, ар бири жамактатып сүйлөйт. Менде да бар, 4-8 сап жамактай алам. “Сармерденде” болбой эле айтышка чыгарып коюшчу. Болот Назаров, Баян Акматов менен айтышкам. Бир кезде бул өнөрдү өнүктүргүм келип, “Айтыш” фондуна барып, ыраматылык Элмирбек Иманалиевге ички туюмдарымды айткам. Ал “сизден чыгат, аракет кылыңыз” деген эле. 2 жолу барып, анан көр тириликтин айынан барбай калгам. Көзү өткөндөн кийин “Элмирбектин шакирти аталып сабак алып калсам болмок” деп аябай өкүндүм. – Социалдык тармактардан кастинг жарыяланганын окуп калдым. Комментарийлерде колдонуучулар көп кыздардын атын жазып сунушташыптыр. Салыштырмалуу менин атым көп жазылды. Кастингге катышып, 30 кыздын арасынан өтүп кеттим. – Эки жаркылдаган кыргыздын кызы биз менен азыр да жашаса кана? Жаткан жерлери жайлуу болсун. Салыштыруулар болот. Гүлзат эже жаркылдаган адам болчу. Күлүп-жайнап алып барчу, чындап шайыр жеңе эле. Гүлбү сулуу аял болчу. Сулуулукту да баарыбызга бере бербейт экен. “Сармерденге” Гүлбүнүн сулуулугун көрүш үчүн келген күйөрмандар бар болчу. Экөө тең тиги дүйнөгө кетишти. Каза болгон адамдар менен салыштырган туура эмес деп ойлойм. Мен да өз аракетимди кылып жатам. Канчалык шайыр жеңе болуп жатканымды эл таразалайт. Мага улуу аксакалдар “өмүрлүү бол” деп көп бата беришет. Кудай мага 70 жаш берчү болсо, эл мага 80-90ду Кудайдан сурап кошуп койду деп күлүп калам.
– Ооба, экөөбүз бир туугандайбыз. Талант адамдык сапаты бийик, тарбиясы жакшы жигит. Мени дайым сөзү менен жөлөп-таяп турат. Менде алпаруучулук талант аз, ырчылык көбүрөөк. Каалоом күч болуп, колумдан келишинче аракет кылып жатпаймынбы. Талантта Кудайдан берилген талант бар. – Жаш кезде шайыр, бетке чабар болчумун. Азыр токтолуп баратам. Ачык-айрым, керек кезде шайыр, кээде өзүм менен өзүммүн.
“Мага өмүрлүү бол деп көп бата беришет”дейт шайыр жеңе Анара Шаимкулова
Автор: Медина Найманова
Оператор: Руслан Алыбаев, Чыңгыз Калбердиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|