|
Гүлнур Асанова, ырчы: “ЖҮРӨГҮМ КАРМАП, ӨЛҮП КАЛАТ ОКШОЙМ ДЕП ОЙЛОДУМ”№968 24-30-июнь, 2021-ж.
– Бар болуңуздар. Кыргызда элечектин түрлөрү көп. Элечек аймактарга, урууларга карата ар кандай болот. Мен кийип турган кытайлык кыргыздардын улуттук кийимдеринин элементтерине жакын элечектердин бири. Элечектин ушундай түрүн жакшы көрөм. Бул жаңы тигилген эмес, энелерибиз тигип, кийип, бизге белек кылып калтырган элечек экен. Улуттук кийимибизге баа берем, кылдат мамиле жасайм, суктанам. Кыргыз болуп калганыма сүйүнөм. – Ооба, оор. Бирок оордугунун да пайдасы бар. Ал энелерибизге бүкүрөйбөй түз басканга жардам берген. – Бизде мактана турган баалуулуктарыбыз көп. Ошол эле “Манас” эпосу. Ал дүйнөдөгү эң чоң эпос. Мен муну менен сыймыктанам. Мен үчүн салттуу музыкабыз, улуттук кийимибиздин орду өтө чоң. Аяр мамиле жасайм. Биз, өнөр адамдары, улуттук баалуулуктарды ала жүрүп, пропагандалашыбыз керек. Азыр жаштар Батышты карап калган учур. “Элечек деген эмне?” деген жаштарды угуп калдым. Бул мага өтө катуу тиет, кайгыртат. Мен чет өлкөлөрдү көп кыдырдым. Чет элди улуттук кийимибиз, аспаптарыбыз менен гана таң калтыра алдык. Улутубуздун баалуулуктарын ар бирибиз билип, даңазалап, муундан муунга калтырсак жакшы болмок. – Орустарда Надежда Кадышева деген фольклор ырчысы бар. Орустар да бир кезде фольклорду укпай калган. Ошондо Кадышева фольклорго эстраданы аралаштырып ырдап чыкканда ырлары аябай жайылды. Бизде да ошондой ыкма менен ырдаган ырчылар бар. Болгону эстрада менен фольклорду аралаштырып, ортодогу балансты кармап жайылтууга туура келет. Эл укпайт дебейм, угат. Ошол эле айтышты мурда укчу эмеспиз да. Азыр болсо зал толо элдин кол чаап сүрөп отурганын көрүп жатабыз. Мыкты жаш төкмөлөр өсүп чыгышты. Азыр биз түпкүлүгүбүзгө кайтып жатабыз. Бир учурда комузду көтөргөндөн уялган ырчылар болгон экен. Азыр сыймыктануу менен көтөрүшөт. Өткөндө Дөөлөт Сыдыков манас айтканда жамгыр жааса да кетпей эл аянтта канча саат турду? Кичинекей бала ойноп, жыргап, орто жерден ар кайсы жакка кулап, анан үйүнө кайтат го. Биз да ошондой болдук. Ойнодук, жыгылдык, эми кайтып жатабыз. – Мен салттуу музыка жана фольклор кафедрасында 7 жыл окудум. Анан кулагыма сиңип калган ноталарды бирөө бузуп ырдап жатса, кааласам да, каалабасам да байкала берет. Эски ырларды ырдагысы келгендер алгач түпкү нусканы угушу керек. Ал үчүн консерваторияда фонотека бар. Ошол жакка барып укса болот. Издениш керек. Изденбей, жалкоо болуп жатышабы, билбейм. Ар бир аткарып жаткан ишке жоопкерчилик менен караш керек. Өнөр адамы болсоң, чыгармаларыңа жоопкерчилигиң жогору болушу зарыл. Көп көрүү топтоп, акча табыш үчүн гана каалагандай ырдай берген туура эмес. – Чындыгында динде ырдаганга болбойт. Бирок баатырдык эпостор, жаратылыш, ата-эне, бир тууган, ынтымак тууралуу жакшы нерсеге чакырган ырларды ырдасам болот. Ага дагы жаңыча стил менен келиш керек болуп жатат. Сүйүү, махабат тууралуу ырларды унуттум. Азыр дин багытында илим алуу менен алекмин. Ошондуктан чыгармачылыгым артта калды. Бирок чыгармачылык таптакыр калып калбайт. Шариятка туура келген багытта уланта берем. – Ичкиликтен издегенден көрө динден издеген жакшы эмеспи. Жаныбыз кыйналганда баарыбыз эле Кудайга кайрылабыз. Менде көп жылдар бою даярдыктар болду. Умрага барганда да “жамынышым керек” деп ойлодум. “Эл көрдүм, жер көрдүм. Мага дагы эмне керек?” деп ойлонуп жүргөн учурда коронавирус башталып, үйдөн чыкпай калдык. Ошол кезде оорудан көп адамдар көз жумду. Чубак ажыбыз да каза болду. Мен “Чубак ажы каза болду” деген кабарды окуганда жүрөгүм приступ берип, сол тарабым иштебей, дем жетпей калды. Чындыгында кетип калат окшойм деп ойлодум. Ошондо Кудайдан “азырынча албай турчу. Даяр эмесмин. Мага ал жакта кыйын болот” деп сурандым. Ал жакка барганда “комуз черттим эле. Мынча өлкөнү кыдырып кыргыздын желегин желбиреттим эле, сооп бериңиз” деп талаша албайм да. Анан дарыландым, жакшы болдум. Азыр баары жакшы, шүгүр. – Сулуулук салонумду ижарага бергем. Ошондон каражат түшүп турат. Мага ошол жетет, бойдокмун да. Мурун көп нерсе тапкым келе берчү. Бизнесимди чоңойтсом деп ойлончумун. Азыр Кудайга шүгүр дегенди үйрөндүм. Жан талашпай калдым. Кудайдын ырыскысы кенен. Ырыскы түгөнгөндө өмүрүң түгөнөт. – Таарынычтар менен жашоо оор болчу. Таарынычты жүрөгүңө сактап аласың, өч алгың келе берет. Азыр анын баары унутулду. Андай нерселер мен үчүн оор болбой калды. – Ал боштуктарды ойлонбосоң, толтурам деп аракеттенбейт экенсиң. Таарынычтын баарын коё бергенден кийин артка кайтып, ал күндөрдү эстегиң келбейт экен. Баары убактылуу экенин түшүнгөндөн кийин жашоого көз карашым жеңил болуп калды. – Көңүлүм калган. Мурда кекчил болчумун. Капа болуп, “кечирбейм” деп, өч алгым келчү. Азыр жакшы адамдар, анын ичинде жакшы мырзалардын бар экенине ишенем. – “Үй-бүлөлүк абалыңыз кандай?” деген суроо. Адам акысы, көңүл акысы деген бар. Башка адамга зулумдук кылбаш керек. Мисалы, баласы жок адамга барып, “мынча балам бар, баланчанын кыялы мындай” деп айтпаш керек. Бул ага катуу тиет, зулумдук кылган болосуң. Ошол сыяктуу, учурда мага үй-бүлөлүк абалым тууралуу суроолор ыңгайсыздык жаратат. Перизат Музуратбекова "Жакшы мырзалардын бар экенине ишенем" дейт Гүлнур Асанова
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу, Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Гулнур бактылуу болушуна чын журоктон тилектешмин!!!