|
Альбина Имашова, актриса: «ТРОЛЛЕЙБУС АЙДАГЫМ КЕЛЕТ»№969 1-7-июль, 2021-ж.
Чыккан жылы – 2004-жыл Кыймылдаткычынын көлөмү – 2000 сантиметр куб Эң жогорку ылдамдыгы – 200 чакырым/саат Баасы – 6800 доллар – Ооба, жолдошум Арнис экөөбүздүн кыялыбыздагы унаа. Дегеним, анча кымбат эмес, үй-бүлөлүк бюджетибизге ылайык жана көлөмү жагынан ыңгайлуу. Алганыбызга 2 жыл болуп калды. Эсеп боюнча болжол менен жетинчи же сегизинчи унаабыз. Бул мактана тургандай кнопкасы жок, бирок көңүлүбүзгө жаккан унаа. Мен болсо 11 жылдан бери рулдамын. – Биз кичине кезде Жигули, Волгалар шумдук унаалар эле. Ошолорду айдап көрүү кыялым болчу. Бишкекке окууга тапшырып келгенде троллейбус айдагым келчү. Анткени алардын айлыгы көп болчу. Мен театрда иштеп жүргөндө 350 сом алсам, троллейбус айдаган тааныштарым 3000 сом алышчу. Айлыгына кызыгып жок дегенде троллейбус айдасам дечүмүн. Бирок троллейбусту да, Жигулини да, Волганы да айдап көрө элекмин. – Окуп, үйрөнүп, сынакты жалаң 5ке тапшырып алгам. Дээримде да бар окшойт, жакшы айдап кеткем. Инструктор мени мактаган. Мындай нерсе менен тамашалашпаш керек. Кандуу жолдо жүргөндөн кийин кылдат болуш керек. – Мен да мугалиммин. Окуп алса да, окубай эле үйрөнүп алса да ал ар бир адамдын өзүнөн көз каранды. Кээ бирлердин кабыл алуусу мыкты, кээ бириники кеч. Баары кабыл алуудан жана тажрыйбадан көз каранды. Кайсы жумуш болбосун тажрыйба керек. Бардык жумушта эле урунуп-беринесиң, жыгыласың, турасың, күлөсүң, ыйлайсың, анан тажрыйба топтолот экен. Мен айдаганды үйрөнгүсү келгендерге кышында үйрөнсөңөр деп кеңеш бергим келет. Анткени ал унаа айдоо үчүн эң кыйын учур. Кышында үйрөнсөңөр, жайында айдоо оңой болуп калат. – Ооба, бул өң кир көтөрүмдүү болуп Арнис экөөбүзгө тең жагат. Биз унаа жуучу жайга алып барбай эле өзүбүз жууйбуз. Убактыбыз болбой калганда жууй албай калабыз. Ошондуктан кир көтөрүмдүү өң болгону дурус. Негизи тетиктерин, бузулган жерин, бензинин, баарын Арнис карайт. Ал айтмакчы, мен “лётчикмин”. “Лётчик элесиң, жууп койбойсуң, май куюп койбойсуң, даяр унааны айдап кете бересиң” дейт. – Эң биринчи унаабызды бир топ сүздүк. Баары бир эркектердин туюму күчтүү болот экен. Биз, айымдар, алаңдап, дүрбөлөңгө алдырып жиберебиз. Бул унааны сүзгөн жокпуз. 2 ай мурун театрдын алдына токтотуп койсок бирөө сүзүп кетиптир. Оң жак капталы бир аз кирип калыптыр. Уруп кеткен айдоочуга кайрылам: Эгер оңдоп берем десеңиз, биз каршы эмеспиз. Телефонуңузду да таштабай уялбай кетип калыптырсыз. Окуп жаткан болсоңуз, биз сизди күтүп жатабыз. Бир ирет айланып барып токтоп калганбыз. Жаанда айдаган кооптуу да. Катуу жаан жаап жаткан, караңгы да кирип калган. Жол көрүнбөй калды. Суу тартып кетип айланып кеткенбиз. Кудай сактады, эч нерсе болгон жокпуз. Жаныбызда кыздарыбыз бар болчу. Арнистин тажрыйбасынын күчтүүлүгү менен айланып барып эле токтоп калдык. Андыктан жаанда абайлаш керек. Кудай бөөдө кырсыктан алыс кылсын. – Кудайдын кулагы сүйүнсүн, экөөбүз тең эреже бузбайбыз. “Коопсуз шаар” долбоору иштеп баштагандан бери бир гана жолу айып пул келди. Анда да ал жолдун эрежеси өзгөрүп кеткенин билбей калгандыгыбыздан болгон. Негизи МАИчи байкелер менен маселе болгон эмес, биз алар менен доспуз. Алар бизди рейд учурунда гана токтотушкан. Жолдошум рулда отурганда мен “тигил жактан унаа келатат, жөө жүргүнчү келатат” деп айтып турам. Мен рулда болсом ал мага айтып турат. Анан да биз рулда отурганда телефон менен сүйлөшпөйбүз. Зарыл болуп жатса жол чыракка токтогон учурда гана “рулдамын, анан чалам” деп жооп берип коём. Алыс жолго чыгып жатканда 4 дөңгөлөгүн, тормозду, баарын текшерип чыгабыз. Баарыбыз эрежелерди сактасак, жол кырсыктары аз болмок. Трасса бош болуп калса эле газды катуу баскандар бар. Бул темир да, аны кээде башкарасың, кээде башкара албай каласың. – Кээде жаңы үйрөнүп жаткандар алдастап калышат. Жиним келип баратса да кайра аларды түшүнгөнгө аракет кылам. Көбүнчө түз кетип баратып буруларда “поворотник” берип койгондорго кыжырдана берем. Эрте берсе, өз жолумду тандайм да. – “Мен сизди тааныйм” деп учурашып, жакшы сөздөрүн айтып өткөндөр бар. Жол чыракта турганда учурашкандар көп. Инстаграмдан “унаа айдап баратыптырсыз, олуттуусуз го” деп жазып калышат. Унаа айдап баратканда бирөөнү жалжайып карабайсың да. – Биз башка өлкөлөрдү да көрдүк. Казакстанга барганда ал жакта биздегидей тыгын болбосун байкадык. Анткени жол чырактан бурулуу үчүн унаага кошумча жолдор бар экен. Жөө жүргүнчүлөр өзүнчө өтө беришет. Бизде унаалар бурулуу үчүн жөө жүргүнчүлөрдү күтүшөт. Анан 2 унаа өткөндөн кийин убакыт бүтүп калат. Мындай кошумча жолдор бир аз болсо да тыгынды азайтмак болушу керек. Перизат Музуратбекова Актриса Альбина Имашова унаасын сүзүп кеткен айдоочуга кайрылды
Автор: Медина Найманова
Оператор: Мухамедзиямидин Турдубек уулу, Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|