|
Алтынай Самарбекова, ырчы Адилет Азимовдун фанаты: “АДИЛЕТ БАЙКЕНИН ЫРЛАРЫ, СУЛУУЛУГУ, АК КӨҢҮЛДҮГҮ ЖАГАТ”№969 1-7-июль, 2021-ж.
– Математика, көркөм өнөр, англис тили. Математикадан жакшы окуйм. Бирок көбүнчө ооруканада болуп, мектепке көп бара албай калам. – Башында бутум ооруп ооруканага келсек, жаткырышып, моюнумдан биопсия алышкан. – 2016-жылы кызыма кургак учук деп туура эмес диагноз коюшуп дарылашкан. Баспай калганда гана өпкөсүндө шишик бар дешип, онкологияга которушту. Ошол учурда бир өпкөсүнүн жармы жок калган. Дарт жеп коёт экен. Өпкөсүн алмаштырабыз дешти. Бирок кепилдик жок болгондуктан операцияга уруксат берген жокпуз. Азыр да врачтардын көзөмөлүндө турабыз. Бизди караган врачтарга рахмат, кызым азыр жакшы. Өзүбүз Суусамырдан болобуз. Ал жакта жолдошум, бала-чакам бар. Мен Алтынайга карап, кичүү кызымды да жаныма алып келип Кара-Балтадан ижарага батир алып жашап жатам. Бишкекке ооруканага бат-баттан барып турабыз. Азыр Алтынай гепатит С менен ооруп калып дарыланып жатат. Ошондуктан кызымдын көңүлүн чөктүрбөгөнгө аракет кылып жатам. – Жакшы. Кээде бөйрөк жагым ооруп калат. Ошондо ооруканага барабыз, мага тамчылатма дары сайышат. – Адилет байкени телевизордон көрчүмүн. Анын ырдаганы, өзү, мүнөзү, сулуулугу, ак көңүлдүгү жагат. Азыр “Барам, барам”, “Ачууланбачы” деген ырлары жагып жатат. – Мен апама “Туулган күнүмө Адилет байкени чакырып бериңизчи” дегем. Биз жаткан ооруканада иштеген медайым аны тааныйт экен. Ошол эже чакырып берген. Адилет байке белек алып келген. – Биринчи жолу келгенде жумшак оюнчук, мөмө-жемиштерди алып келди. Ошондо экөөбүз сүрөткө түшкөнбүз. Андан кийин туулган күнүмдө экөөбүз түшкөн сүрөттү чыгарып алып келген. Адилет байкени көрүп сүйүндүм. Келбей коёт деп ойлогом. Вотсапптан жазышып турабыз. Туугандарымдын тойлоруна Адилет байкемди чакырам. Ал келип бекер ырдап берет. Мен башка ырчылардын ырларын көп укпайм. Адилет байкенин ырларын дайыма угам. – Аман-эсен чоңоюп, доктур болсом деп кыялданам Адилет Азимовдун фанаты Алтынай: “Химиотерапия алып жатканда Адилет аганын ырларын укчумун”
Автор: Перизат
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|