|
Сагын Эргешов, ырчы: «ЭРОТИКАЛЫК ТАСМАГА ТАРТЫЛАМ»№973 29-июль-4-август, 2021-ж.
– Саламатсыз, ооба, даярмын. – Ооба, биринчи эле Гүлжайна Атаканова менен мамилеси бар деген хайп кеткен, ошондон бери эле хайптын үстүндө жүрөм. – Биринчи хайп чыкканда ырчы эмес, алып баруучу болчумун. Хайптын аркасынан тааныла баштагандан кийин ырчы болдум. “Ырларымды такыр укпай коюшту” деп айтпайм. Анткени клиптерим миллион жолу көрүлүп жатат. Болгону хайп элге таанылышыма жардам берди. – Интервьюда “менден балалуу болгусу келген айымдар көп” деп ачыгын айта коём деп ыңгайсыз абалда калдым. Бирок чындыгы ушул, андай сунуш кылгандар көп. – Жок (күлүп). Мен кымбат донормун. – Кудай сактасын, жасаткан эмесмин. Көзүмдүн алдында грыжа бар. Ошондуктан көзүмдүн алды шишип турат. Ал ден соолугума залал берсе көзүмө операция жасатам. – Кичинемден ата-энем өтө эркелетип чоңойткон үчүн өзүмдү дайым эле келишимдүү, өзгөчө жигитмин деп сезем. – Хайп эмес. Сезимдер да болушу мүмкүн, убакыт көрсөтөт. – Кыз бала качан ачыгын айтчу эле (күлүп)? Анын үй-бүлөсү менен тааныштым. Лаззаттын атасынын 50 жылдык юбилейи болуп, ошол жактан таанышканбыз. Мага жагат. – Жок, барбайм. Ушуну так кесе айта алам. Мен Лаззатка үйлөнсөм өзүмдүн кайын атам болот. Ал киши президенттин бир тууганы. Эмнегедир элде “Сагын Лаззаттын үй-бүлөсүнө кызыгып эле ушундай кадамдарга барып жатат” деген ой болуп жатат. Менин өзүмө жараша кирешем бар. Эч кимге көз каранды эмесмин. Баш кошсок деле мен кайын журтума көз каранды болбой жашап кете алам. – Мен кыздар менен ырдап же клипке тартылып койсом эле ушундай сөздөр чыгып кетип жатат го (күлүп). Чыгармачылыкта канча жолум бар билбейм, бирок ошол жолдо көп эле кыздар менен иштешем деп ойлойм. – Ооба, жакында Бек Жумакадыров деген жигит сунуштап, ачык кадрлары бар тасмага тартылып, актёр катары өзүмдү сынап көргөнү жатам. Эротикалык тасмага түшкөнгө даярмын. Жашоодо элдин баары эле бул ишти кылат, муну ачык тартып койсоң эле жемеге каласың. Менин көз карашым башка. “Ушуну айткыча өлүп эле калбайсыңбы” деп жазышат, аны билип эле турам. Күнөө кылып, тозокто күйсөм ал менин ишим да. Ага анча күйүкпөй эле коюңуздар дегим келет. Мейли, бирок жазса жаза беришсин. – Чыгармачылыктай эле карайт. Алар “кандай кылсаң өзүң бил. Биз 18ге чыгардык, мындан аркысы өзүңдүн жашооң” дешет. Мен бир туугандардын кичүүсү болгонум үчүн да ушундай эркиндик ала алдым окшойт. – Казакстандан келет, кыргыз актрисасы эмес (күлүп). – Ичтери күйөт да. Эркектерге жаккым деле келбейт негизи. – Көк бөрү ойногонго деле мүмкүнчүлүк бар, кол жеткис нерсе эмес. Бирок жолумду тандагам да, ушул Сагынды эле жактырып тургулачы, ээ, кыздар (күлүп)? – Мен 7 бир туугандын кичүүсүмүн. Улуу бир туугандарым чоңоюп, өз жолдорун тандап тарап кетишкенде апам, атам үчөөбүз калганбыз. Ошол үчүн эркиндик мага көп берилди окшойт. Атам менин оюм менен көбүрөөк болду. “Жеткинчек” программасына тартылып жүргөнүмдө атам өзү алып барып, алып келип турчу. Эсимде, үйдө ал кезде тиричилик буюмдары жок эле. 9-класс кезимде официант болуп иштеп, акчама үйгө муздаткыч, чаң соргуч алып келгем. Буга ичи күйүп, чогуу жүргөн балдар мени сабап кетебиз деп да пландашкан экен (күлүп). Аны мен кийин уктум. – Чогуу эле жүрчүбүз. Бирок мени көрө албагандар көп эле. Мугалим эже “аларга теңелбе, сенин жолуң такыр башка болот” деп айтып калчу. Ошондой эле болду. – Жок, жайдары баламын. Ошол кездерди эстеп эле ызаланып кеттим окшойт. – Апамдай болгон эже адилетсиздик менен мени жумуштан кетирип койгондо үнүмдү эч кимге жеткире албай калып ыйлагам. Анда телеканалда иштечүмүн, 19 жаштардагы студент болчумун. – Кыргызстан эмес, чет өлкөгө таанылгым келет. Клиптеримдин баарын чет мамлекетте тартам. Чоң сүйлөбөйүн, бирок чоң ийгиликтерге жетем. – Жок, мүмкүн эмес, күндөрдүн ортосунда түн бар. Нуржамал Жийдебаева "Ачык кадрлары бар сериалга тартылам" дейт ырчы Сагын Эргешов
Автор: Медина Найманова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Минтип жазганды ушул жерден үйрөндүм
кто знает тот поймёт!))))
Конул айланат уже.