|
Мирлан Самыйкожо, акын: “СҮЙҮҮНҮ ЧЕКТЕГЕН АДАМ ЖИНДИ”№976 19-25-август, 2021-ж.
Биримдиктин билегин күчтөгүлө. Тагдырыңды өзүңдүн колуңа алып, Тыштан келген жардамды күтпөгүлө.
Турпагыңа белгиңди чийип, кыргыз, Тууңду көтөр ар дайым бийик, кыргыз. Түркөйлөргө чөгөлөп тизе бүкпөй, Түндүгүңдүн алдына бирик, кыргыз!
– Ыр 2017-жылы жазылган. Көркөм окулуп, видео коштолуп интернет айдыңында тарап жүргөн. Өзүм сүйлөгөндө ыр саптарын көп колдоном. Өзүмдүкүн эмес, Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов, Алтынбек Исмаилов, Эрлан Жумагазиев, өйдөлөп кеткенде Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиевдин ырларын айтып жүрөм. Ырымды балбан аянтта айтканда “ыр айтылат” дегендей кабыл алдым. Бирок балбан эле болбостон сөз менен орой чалганды, торой чалганды билген Акжолго баа бердим. Окумал адам экенине сүйүндүм. Баатырдын жүрөгүндө алоолоп жанган өрт болгонуна кубандым. Аянтта ырымдын жаңырганына эмес, жеп-жутарлар жутуп койгон алтын-күмүштү балбандарыбыз алып келгенге сүйүндүм. Туу көтөрүлүп, байрак желбиреп жатканына сүйүндүм. – Чыгармачылык менен тиричиликти кошо алып кетүү керек экен. Акындарды тилемчи катары көргөндөр жок эмес. Акын жаман жашабаш керек. Акысы жок. Кудай аларга акындык сапатты бергенден кийин ал акча тапканды билбей калмак беле? Чыгармачылык – өзү бизнес. Мисалы, бул жерге (ред.: эс алуучу жайды айтып) эч ким келбейт деп ойлошкон, Кудайга шүгүр, этно-комплекстен киши үзүлө элек. Табылды Эгембердиев “мен кумдан, таштан роман жазып койдум” дебеди беле. Романы турат. Көр тириликке көмөлөнүп кирип кетсе, акындыгы кайда калат деп жатасыз да, андай болбойт. Ушул жердин ташын тизип жатып деле эргүү келет. Бул жерде ырлар окулуп, манас айтылып, чечендер айтышып турган жер болсо деген максатта боз үйлөр тигилип, кыргыз даамы жасалып жатат. – Ырды атайын тийишип же бир нерседен үмүт кылып жазган жокмун. Ал менин ырым эмес, элдин үнү, үмүтү, ишеними. Мен айтпасам, башка бир акын айтышы керек эле. Ыр тарап кеткен учурда менин жакындарым да чочулашты. Бирок Садыр мырзанын мырзалык мүнөзүн бааладым, мага кысым көрсөткөн жок. Кызаңдаган жок, унчуккан жок. Бирок кандайдыр бир деңгээлде өзүнүн ырга болгон түшүнүгүн билдирди. – “Башкаларга жол бошот” дегендей айттыңыз го (күлүп). Биз деле карып кеткен жокпуз, бирок алып барганча айтышты карап отурган ырахат. “Айтыш” фондунун 20 жылдан берки кыргызга кылган эмгеги зор. Буюмду, табакты жасаган уста болот эмеспи. Бирок адамдан акын жасап чыгарган уста да болот экен. Учурунда 4 төкмө акыныбыз калган. Азыр 40тан ашык акын бар. Эл акындын сөзүнө эргип жатса, биз жыргайбыз. Акындын сөзүн эл сайга агызбай, кумга көмбөй, көөдөнгө куюп жатканын көрүп ырахаттанабыз. Термелип калат эл. Уктап калган сезимдер, дух ойгонот. Жан дүйнөнүн ачкалыгы кара курсактын ачкалыгынан жаман. Эл жырткыч болуп калат. Жан дүйнөбүз ачка болгон үчүн көчөгө чыгып эч кимге керексиз төңкөрүштөрдү жасап жатабыз. "Неге адамга берилет кайран жаштык, Көккө шаңшып бир ирет учпаган соң? Неге ичесиң тамакты лапылдатып, Турмушуңдан бир мөөрөй утпаган соң? Не сүйлөйсүң бирөөгө кыйынсынып, Өз катының сөзүңдү укпаган соң?.." Мисалы, ушул ырды укса куру кыйкырып жаткан бирөө токтоп калар. – Студент болуп келгенде ыраматылык акын Калмурат Рыскулов “сен даяр төкмөсүң” деген. Анткени азыркыдай кара сөз менен эмес, жалаң уйкаш кылып сүйлөчүмүн. “Ош базардан” комуз сатып берип “Айтыш” фондуна алып барам, акындардан башкача обон үйрөтөм” деген. Бат эле көзү өтүп кетти. Үнүм жок, мен созгондо филармониядагы эл качып кетмек го. Тартынсам керек. – Өмүр өзү чектелүү болсо, дагы чектелип жашагым келбейт. Өзүмдү эле эмес, өзгөнү да чектебейм. Кыз сүйсөң ачык сүйүп, жаман көрүп жатсаң аны деле ачык айтып жашаш керек. Жасалмалуулукту жаман көрөм. – “Ий, ушунун эмнесин сүйүптүр?” дейбиз кээде. Эмнесин сүйгөнүн билиш үчүн сүйүп жаткан кишинин көзүн, көөдөнүн чукуп алып өзүнүкүнө такса ошондо түшүнөт. Көксулууну деле “сулуу эмес экен го” дегендер бар. Аны Жеңижоктун көзү менен караш керек. “Арзышкыла, сүйгүлө, кубангыла, Ак сүйүүсүз жүргөндөн уялгыла” деп Элмирбек Иманалиев айткандай, сүйүп жашаш керек. Сүйө алган адам гана сүйүлүп жашайт. Сүйүүнү чектебеш керек, чектеген адам жинди. Аялды сексуалдуу объект катары карабаш керек. Чабал болуп бараткан үчүн ошентип жатабыз, мырзалар. Кадырын кетирип, сүйүүнү төшөк менен ченебеш керек. “Ий, бети жок, аялы туруп сүйүүнү айтат” дегендер да чыгышы мүмкүн. – Сүйө алсаң, чалкый алсаң, балкый алсаң, сүзө алсаң – сүйүү океан. Сыймык байке да сүйгүч, сүзгүч. Ал кыз сүйгөндөй биз сүйө элекпиз, чынында. Далили – менин аксылык кызга арнаган бир эле ырым бар, анын көлдүгү, таластыгы, нарындыгы, оштугу, дегеле ал ыр арнабаган кыз калган эмес. Жеңем жанында турган го интервью берип жатканда (күлүп). Чыгармачыл адамдардын аялы муну түшүнүш керек. Кызганып, итиреңдеп-битиреңдей бербегени туура. Коё бер, сеники болсо келет, болбосо кетет. – Ооба, сүзүп жүрөм, бирок келинчегимди жонума кондуруп алып сүзүп жүрөм (күлүп). Бир да ырым айрылып, тытылып кеткен эмес. Ишенген адам сүздүрөт, кошо сүзөт. – Этпей койду (күлүп). Мындай да, мен өмүрлүк жарымды сүйбөй койгондой кырдаал болгон жок. Аны мен эки өмүрдө сүйөм. Чыгарма чыкканда “сонун ыр экен” деп мактаган биринчи адам келинчегим болгон. Телефонуна чалуу келгенде ырдай турган жерине ошол ырды коюп алган. Өзүм уялгам, “жинди го” деп... – Урушпаңызчы, ал эмес эле, сиз урушуп жатасыз да (күлүп). Бул эми адамдын бийиктигинен, тереңдигинен кабар берет. Келинчегим “ал эле-бул эле, анделектин гүлү эле” деп чектегенде менин башка ырым чыкпай калмак. Мисалы, аянтта элди толкуткан ырым да чыкпай калышы мүмкүн эле. “Карандаш сымал учталдым, учталган сайын кыскардым” деп Шайлообек Дүйшеев жазмакчы, канатымды кыркып коймок. Мен деле келесоо эмесмин, ар кимди сүйүп эле жүрө бербейм. Үйдө эле жүрөм. Өмүрү башка жерге түнөп көргөн эмесмин. Таңга маал болсо да келем (күлүп). Ал билет келеримди. Моюнумда балдарым бар, балдар бул жакта турсун, келинчегимдин тагдырына жоопкерчилигим бар. – 2008-жылы баш кошконбуз, сүйүшүп-күйүшүп, ыркырашып-чыркырашып жашап келе жатабыз. Үч балабыз бар. Биздин үй-бүлөнүн кармап турган көпүрөсү – апам. Биз менен чогуу жашайт. Жашоонун өңгүл-дөңгүл учурларында көпүрө болуп өткөрүп коёт. Кадимкидей эле кыйынчылыктарда апамдын жону менен өтүп кеттик. Ушуну дайым сезем. Менин тагдырыма энемди да, аялымды да өзгөчө кылып жазыптыр. Экөө эне-баладай. Апам, бир тууганым, балдарым, жарым турганда мен эч нерседен коркпойм, күндөй жаркып, түндөй балкып жашай берем. – Буркан-шаркан мүнөзүм бар. Сөккүм келсе сөгөм, мактагым келсе мактайм. Кыскасы, сыпайы эмесмин. – “Ырас өзүм өңдөнүп” дегендей, өзүмө окшош жинди достор көп. Арасында тазасы менмин (күлүп). “Ала кушту атынан аташ керек, адамсыңбы, адамча жашаш керек” дегендей, жинди катын болсо ошентип сактайм да. Анткени ал жинди. Ойлору жинди, жүргөн-турганы жинди, чектелбейт. Ошентип эле жашасын. Нуржамал Жийдебаева Мирлан Самыйкожо: "Сүйүүдө чектелбеш керек"
Автор: Гулзада Абдырахманова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|