|
Калмира Билимбек кызы, балбан: “ФИНАЛДА ЖЕҢИШКЕ ЖЕТИП АТАМДЫ КУЧАКТАГЫМ КЕЛГЕН”№977 26-август - 1-сентябрь, 2021-ж.
– Саламатсыздарбы, чоң рахмат! Сезимдерди баары бир сөз менен айтып жеткире албайм. Ошол учурда тартылган сүрөт-видеолордон эмоцияларды эл көрүп жатат. Баарынан бир упай айырмачылыкта утулган аябай оор тийди. Ошол жерден “поезд кетип баратат, ушул поездге бир гана упай жетпей калып калдым” дедим. Бирок бул нерсенин артында жакшылык турат деген толук ишеничтемин. Поездге түшүп кетүүнү да бир күнү мага насип кылар. – Биринчи айлампадагы күрөшүм мен үчүн аябай оор өттү. Атаандашым монгол кызы болду. Акыркы 30 секундда 2 упай алып, 6:4 эсебинде жеңишке жетиштим. Экинчи каршылашым болгон америкалык балбанды 10:0 эсебинде жеңдим. Жарым финалда орусиялык кызды 5:0 эсебинде жеңип финалга чыктым. Финалда кандай күрөшсөм утам, кантип каршы чабуул кылышым керек деп көп ойлондум. Менин максатым алтын медаль болчу. Мурдагы Дүйнө чемпиондугунда жанымда атам жок болуп калган. Ошондо “атам жанымда турса жакшы болмок” деп кейигем. Кудайга шүгүр, мында атам кошо барды. Финалга чыкканымды көрүп сүйүндү. Анын сүйүнүчүн көрүп мен дагы сүйүндүм. Финалда утуп, чуркап барып атамды кучактаганымды элестеткем. Бардыгынан ошол ишке ашпай калганына абдан өкүндүм. – Өзүм Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында төрөлүп-өскөм. 9-классты айылдан бүтүрүп, Бишкекке келгем. Азыркы учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык колледжинин 2-курсунун студентимин. 4 бир тууганмын, үйдүн эң улуусумун. Менден кийин бир эркек, 2 кыз бар. Иним дагы күрөшөт. Атам Капарбек уулу Билимбек 1977-жылы төрөлгөн. Бишкектеги спорт интернатын бүтүргөн. 2009-жылдан баштап машыктыруучулук кесип менен алектенет. Апам үй кожойкеси. Үйдөгү 3 спортчуга чыдап жаткан апама аябай баа берем. – Күрөшкө 5-6 жашымда келгем. Атам жеке машыктыруучум. Айылга ашар жолу менен спорт зал курушуп, Тайлак баатыр атындагы спорт клубун ачышкан. Айылда биринчилерден болуп атамдын карындашы Гүлжаз эжем кыздар менен машыгууну баштаган. Ошол эжелеримдин арты менен күрөшкө келгем. Ата-энем “кичинекей кезиңде эле шамдагай болчусуң” деп айтып калышат. Атама жакын болчумун, апам жибербесе да ыйлап жатып атам менен залга барчумун. Атам мендеги шыкты байкап, “буюрса, кызым күрөшөт” дей берип, ошону менен күрөшүп калгам. – Албетте, Олимпиададан эжелерибиз медаль алып келишти, бул бизге чоң мотивация болду. Биз дагы алышыбыз керек деп калдык. Биз алар менен чогуу машыгуу өтөбүз. Айылда күрөшүп жүргөндө Айсулуу эженин чет мамлекетте күрөшүп жүргөнүн көрүп, мен дагы чет өлкөдө күрөшүүнү кыялданчумун. – 2-сентябрда Казанда КМШ өлкөлөрүнүн мелдеши болот. Ошол жакка барып күрөшөбүз. Алтын медаль алганга болгон күчүмдү жумшайм. Динара Акимова Калмира Билимбек кызы: "Машыгууну айылда ашар жолу менен курулган залдан баштагам"
Автор: Медина Найманова
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(4)
Kyialkech
![]()
30.08.2021. 13:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Калиира азаматсың! Кыргыз элинин сыймыгы болуп жүрө бер! Ак-Талаа эли сен менен сыймыктанат! Көптөгөн жетишкендиктерге жетиш. Ийгилик каалайм сага!
Kyialkech
![]()
30.08.2021. 13:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акталаадан Бугубаев Талант жана Кыял
Taalaibek.
![]()
30.08.2021. 22:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик Калмира, сен утасын!
mr.ulan89
![]()
31.08.2021. 01:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак-Талаанын сыймыгы келечекте Олимпиадага катышып чемпион болуп алтын утушуна тилектешмин
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|