|
Айзат Бекиева, 42 жашта: “БАЛДАР БАЛАМ МЕНЕН ОЙНОБОЙ КОЮШСА ЖҮРӨГҮМ ООРУЙТ”№977 26-август - 1-сентябрь, 2021-ж.
– Мен 42 жаштамын. Үй-бүлөбүз менен Токмокто турабыз. 4 кызым, 1 уулум бар. 3 кыздан кийин уулдуу болгондо башкача сезимдер болгон эле. “Элдин ханы болсун, эл керегине жараган жигит болсун” деп атын Элхан койгонбуз. Уулум төрөлгөндө доктурлар балдардын шал оорусу (ДЦП) деген диагноз коюшкан. 4 жашка чыкканда гана Бишкектеги 4-оорукананын дарыгерлери омуртканын кифосколиозу (омуртканын тубаса кыйшайып төрөлүүсү) деген диагноз коюп, корсет кийгизишкен. Кичинекей кезинде белинде 2 томпок бар болчу. Ушунча өсүп кетет деп ойлогон эмеспиз. Корсет да жардам берген жок. Дарыгерлер “5-даражага жетиптир, корсеттин эми кереги жок, кийгизбегиле, өпкөнү кысат” дешти. Эмне себептен омурткасына доо кетип төрөлгөнүн билбейм. Ар ким ар кандай айтышат, так маалыматым жок. Негизи балам буту менен төрөлгөн. Дарыгелер бутунан тартып чыгарганда омурткасына доо кетип калганбы деп ойлойм. – Күндөн-күнгө баламдын ден соолугу начарлап баратат. Мектепте 1-класста гана окуду. Быйыл 5-классты үйдөн окуп бүтүрдү. Ар бир сабактын мугалимдери үйгө келип окутушат. Математика сабагын жакшы көрөт. Мектепке алып барып окуталы десек мектептин директору, мугалимдер да макул болушпады. Элхан менен жашташ балдардын бою узун. Баламдын болсо дене түзүлүшү башкача. Анын үстүнө дарыгерлер да уруксат беришкен жок. “Балдар түртүп кетип жыгылып кетсе абалы ого бетер начарлайт” дешти. Көпкө да баса албайт. Көтөрүп жүргөнгө туура келет. Ошондуктан “баламды Түркияга алып барып операция жасатсак, эл катарына кошулуп мектепке барса” деп тиленем. Июнь айында врач Сабырбек Жумабековго кайрылсак “чет өлкөдөн операция жасатсаңар болот. Бизде керектүү аппараттар жок” деди. Бул сунуш кеч айтылып калды. Кичинекей кезинде операция жолу менен омурткасын түзөтсө болорун билсек аз каражат кетет беле? Учурда Түркияга барып операция жасатып келүүгө 55 миң доллар керек болуп жатат. Аз камсыз болгон, көп балалуу үй-бүлөбүз. Жолдошум айдоочу болуп иштейт. Мен баламды карап үйдөмүн. Мындай суммадагы каражат бизде жок болгонуна байланыштуу кайрымдуу жарандарга жардам сурап кайрылам. Элхан: – Рюкзагыма китептерди салып алып мектепке баргым келет. Балдар менен чуркап ойногум келет. Эшикке балдар менен ойноюн деп чыксам алар мени менен кичине ойноп эле кетип калышат (ыйлап). Апасы: – Үйдөн оюнчуктарын алып чыгат. Балдар бир аз ойноп, оюнчуктардан кызыгы тарагандан кийин кетип калышат. Айла жок үйгө кирет. Өңү бозоруп, маанайы түшүп үйгө кирсе жүрөгүм ооруйт (ыйлап). Өзүм ойнотуп, китеп окутуп алаксытам. Ошондуктан ата-энелерге кайрылып кетким келет. Ушундай өзгөчө балдарды көргөндө тескери карап кетпеңиздер. Негизи ата-энелер балдарына “мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен чогуу ойногула, чочуркабагыла” деп айтып тарбиялашса балам “таштап кетип калышты” деп томсорбойт эле (ыйлап). Элхан: – Кечинде уктап жатканда арт жагым ооруйт. Көп бассам бутум ооруйт. Апасы: – Жамбаш сөөктөрү да ооруйт. Капталынан гана жата алат. Таң атканча оонап чыгат. Төшү да чыгып тургандыктан көмкөрөсүнөн көп жата албайт. Басканда дем жетпей калат. Омурткасы кыйшык өскөнгө ички органдарында да көйгөй болсо керек. – Доктур болуп, элди дарылагым келет. Сбербанк: 4279 3806 8348 8847 Элсом: 0703 93 28 74 Динара Абдыкадырова Төрөлгөндөн тартып оору менен алышкан Элхандын тарткан азабы жана кыялдары
Автор: Медина Найманова
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(2)
ayday9090
![]() SUPER.KG видео
29.08.2021. 11:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алланын ыраазычылыгы учун жардам берели Элхан козуга, шыпаасын берип жакшы болуп кетсин!!
Miraida-toktosunova
![]()
30.08.2021. 14:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сакайып кеттиниздер эртераак аллахым шыпасын берсин оомин!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|