|
Маркумдун туугандары: “СИҢДИБИЗ БАЛАСЫНЫН КӨЗҮНЧӨ АСЫНЫП АЛМАК ЭМЕС”№981 23-29-сентябрь, 2021-ж.
– 2021-жылдын 19-сентябрь күнү Кемин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Орловка шаарындагы үйлөрдүн биринде аял өз өмүрүн кыйгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Кемин – Биз 4 бир тууганбыз. Медина менден кийинки сиңдим. Жолдошу Алишер менен 2016-жылы баш кошушкан. Күйөө баланын биринчи аялынан уулу бар. Баланын апасы таштап кеткенде сиңдим өз баласындай жакшы караган. Сиңдим менен күйөө балам баш кошкондон кийин жакшы жашашты. Сиңдим күйөөсү кол көтөрүп жүргөнүн кээде айтып калчу. Кайнатасы Мединага кол тийгизбей коргоп жүрчү окшойт. Ал кишинин көзү өткөндөн кийин кайненеси экөөлөп сабап башташканын Мединадан кийинки сиңдим айткан. 2017-жылы уулдуу болушту. 2018-жылы Жанко аттуу кичүү сиңдим 2-3 күнгө Мединанын үйүнө конокко барган. Ошол сиңдимдин көзүнчө кайненеси Мединанын чачын жулуп, үстүнө минип алып сабаган экен. Сиңдим алы жетпей ажырата албай коюптур. Апасы Мединаны сабап жатканда Алишер үйгө келип калган экен. Бирок эч нерсе дебей, башка бөлмөгө кирип кетиптир. Апасы ошол замат тура калып “булар мени сабашты” дептир. Ошол күнү сиңдим менен Медина экөө келип, андан кийин күйөөсү менен жашабай калган. Медина жолдошунан кетип калгандан кийин 3 жыл чогуу жашашкан жок. Кийин күйөө балам баласына жолукканы келип жүрдү. Бара-бара бала атасын таанып көнө баштады. 1 ай мурун элдешишкен. Августтун аягында апама күйөө балам телефон чалып “акыркы жолу кечириңиз, шайтанга азгырылыптырмын” деп жалдырап жатып сиңдимди алып кетиптир. Кайра жашап баштаганда эле убадасын унутуп кол көтөргөндө кошуналар көрүп милиция чакырыптыр. Милициянын көзүнчө сиңдимди баласы менен кошо ыргыта чапкан экен. Ошондо баласын көтөрүп милициянын унаасына чуркап барып отуруп, кутулуптур. 19-сентябрь күнү саат 17:40та апам, Мирайка аттуу сиңдим, Медина үчөө видео байланыш аркылуу күлүп-жайнап эле сүйлөшүшүптүр. Апам Москвада иштечү. Эртеси Мединанын тишин дарылатканга акча салмак экен. Мирайка “эртең эс алам. Орловкага силердикине конокко барайын” десе, “жок, сен келбей эле кой. Эртең өзүм Бишкекке тишимди дарылатканы барам, чогуу келебиз” дептир. Ошентип сүйлөшүп жаткан кезде ары жактан Алишердин “дагы каякка сейилдегени жатасың?” деп кыйкырган үнүн угушуптур. Апам “ошондо эле жүрөгүм бир нерсени сезген” деп жатпайбы. Сүйлөшүп бүткөндөн жарым саат өтүп-өтпөй апама жаман кабар айтылыптыр. Жаңы эле апасы, сиңдиси менен жакшы маанайда сүйлөшүп отурган кыз кантип асынып алат? Мединанын мүнөзүн жакшы билебиз. Өлгүсү келип жүргөн болсо сиңдиме чалып “баланы алып кетчи” демек. 4 жаштагы баласын жанына коюп алып кантип асынып алмак эле? Жок дегенде “Баяман жалгыз калды, мен өлдүм” деп СМС жазмак (ыйлап). Азыр апамдын абалы өтө оор. Биздин кабыргабыз кайышып, ичибиз ачышып турат. – Медина каза болгондун эртеси сөөгүн жерге бериш үчүн Нарынга алып кеткенбиз. Ал жакта молдолор майрам сууга алып жатып денесиндеги көк ала тактарды көрүп “киши колдуу каза болгон, кайра экспертиза жасаткыла” дешти. Тергөөчү “көп жатып калганда дене көгөрө берет” деп жатат. Бирок бул зомбулуктан калган тактар. Болбосо аксакалдар, молдолор “сөөктү кыйнап ары-бери сүйрөй бербейли” дешмек да. Көптү көргөн аксакалдар “моюнундагы изи да өзүнө кол салганга окшобойт” дешти. Ошондуктан кайра сөөктү Бишкекке алып келип комиссиялык экспертизага бердик. Биз укук коргоо органдары бул окуяны дыкат иликтеп беришин талап кылабыз. – Моюнундагы такты, денесиндеги жаракаттарды көргөндө эле киши колдуу болгон деп ойлодук. Ошондуктан Токмоктун соттук-медициналык эскспертизасы чыгарып берген “өзүн-өзү асып алган” деген жыйынтыкка макул эмеспиз. Сөөктү Бишкек шаарындагы республикалык өлүкканага алып барганга туура келди. Тууган-урук адилеттүүлүккө жетмейин аягына чейин күрөшөбүз. Мен милиция кызматкери болуп 20 жыл иштегем. Өзүн-өзү өлтүргөн адамдын кекиртек тушунда эле из калат. Мединада жиптин изи тегерете, желкесине чейин болуп жатат. Көк ала тактар сол колунда, бутунда, кабырга тушунда бар. – Эң биринчи келиним менен пикир келишпестик болгондо кудагыйга чалып “кызыңызды алып кетиңиз, болбой калды. Тынч жашай албайт экенбиз” дегем. Апасы келип көчүрүп кеткен. Көп өтпөй кайра оокаттары менен көчүрүп келип “кудагый, келиниңизди, небереңизди кабыл алыңыз. Мен Түркияга кетип жатам. Мединанын бара турган жери жок” деген. “Мейли, мындан ары тынч жашоо болобу? Күйөөм да каза болуп калды” десем, “кызым сөз берет, ак десеңиз ак, көк десеңиз көк болот” деди. Кошуналар билет, келинге өйдө карап сүйлөчү эмесмин. Мени сабады дешкени жалган, сиңдиси экөө мени сабаган. Ошондо ажырашып кетишкен. Уулум менен келиним экөөнүн ортосунда уруш-талаш болчу, ар бир үй-бүлөдө жаңжал болуп турат эмеспи. Эгер көк ала койдой сабап жатса эмне үчүн энеси алып кетип, сотко берип чуркаган жок? Уулум бул келин менен ажырашкандан кийин кайра жарашып алганын билген эмесмин. Таң калдым. Уулума “ага жолобо деп айтпадым беле? Кандай экенин билесиң да” десем сүйлөбөй койду. Окуя болгон күнү балам козу алганы базарга барып, келгенден кийин “апа, чыйрыгып ооруп жатам” дегенде дары берип жаткыргам. Үйдө болчу. Келиндин туугандары “силер Токмоктун экспертизасын сатып алдыңар” деп жатышат. Биздин сатып алгыдай шартыбыз жок. 5 маал намаз окуган балам андай ишке барбайт. – Медина менен 16 жашымда таанышкам. Башында кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүп, кийин сүйлөшпөй калганбыз. 19 жашымда кайра сүйлөшүп баштаганбыз. Биринчи келинчегим менен таежелеринин айынан ажырашып кеткенбиз, уулумду өзү менен кошо ала кеткен. Медина экөөбүз сүйлөшүп баштаганда баланы таштап кеткен. Кийин Медина менен баш кошуп, балалуу болуп жашап жүргөндө апам менен келинчегимдин ортосунда пикир келишпестик болду. Алар кырылышып кеткенде аялыма “кет” дегем. Кийин телефон чалып жүрүп дайынсыз болуп кетти. Көрсө, Москвага кетиптир. Бул жакка келгенден кийин Инстаграмдан баламды сурап жазып, сүйлөшүп калдык. Баланы көргөзбөй жүрчү, кийин жибип жолуктуруп калды. Туугандары менен батыша албай калганда Орловкадан батир ижарага алып жашап жатканбыз. Окуя болгон күнү апамдын үйүндө болчумун. Медина телефон чалып “эртерээк келип, баланы алып кет” деди. Барсам эшик ачык экен. Уктоочу бөлмөдө балам мультфильм көрүп отуруптур. “Апаң кана?” десем “тамак жасап жатат” деди. Ашканага кирсем асынып алыптыр. Бир колум менен өйдө көтөрүп, бир колум менен жипти моюнунан чечип биринчи жардам көрсөткөнгө аракет кылдым. “Тез жардам” келип каза болуп калганын айтышты. Кемин РИИБине алып кетип суракка алышты. Башында Мединага кол көтөрчүмүн. Жарашкандан кийин сабаган эмесмин. Мурда ичимдик ичип калчумун. Кийин таштап, намаз окуп калдым. 20-сентябрда Бишкекке алып барып кийим сатып берип, тишин дарылатмакмын. Динара Абдыкадырова Кеминде асынып алды делген келиндин өлүмүнүн чоо-жайы
Автор: Айсалкын Качкынбекова
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу, Дүйшөн Керималиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(4)
Paprikafm
![]()
27.09.2021. 13:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундайларга тан калып бутпоймун, эркек кол котордубу, уйдо уруш жанжалбы, 3 жылдан кийин неге кайра келип жашайсынар, бир баланы бир озунду гулдой кылып багып алат элего, неге эле озунорду кор кыла бересинер
Stervamyn
![]()
27.09.2021. 14:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Газ тутугу сынып калмак,адамды которо албай
Baktyluu_bolgum_kelet
![]()
28.09.2021. 15:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карабашыңарды жегиле апаң экөөң, чырактай келин каза болду ((
Elnura_2322
![]()
03.10.2021. 03:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайненеси кийлигишип жургону 100% билинип турат, ушулар эле олтурушкон. Уялбай суйлоп коюшкандарын. Аллахым жазанарды берсин, байкушум ай, баласынын козунчо эле олтургон го, бала кичинекей болуп мумкун айта албай жатат го
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|