|
Алмаз Шаадаев, ырчы: “АТА-ЭНЕМ МЕНЕН 2 ЖЫЛ ЭЛЕ ЧОГУУ ЖАШАДЫМ”№982 30-сентябрь - 6-октябрь, 2021-ж.
Көзүмдөн кандайымды көрүп, туйган. Нан жапса күйгөн жерин өзү алып, Бышканын, даамдуусун мага сунган... Анатай Өмүрканов аганын төрт сап ырынан эненин балага болгон сүйүүсүн билсек болот. Бул жолку маектешим ырчы Алмаз Шаадаев апасы тууралуу айтып берди. – Апамдын аты Нарынкүл, өзү Ысык-Көлдүн кызы болот. Ата-энеси Нарында жашап жүргөндө төрөлүп, атын Нарынкүл коюшуптур. Кичинесинен Кемин шаарында тайларынын колунда чоңойгон экен. Биз үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Эң улуусу мен, анан 1992, 1993-жылы төрөлгөн удаалаш эки иним, анан 2006-жылы туулган кичүүбүз бар. Апам кичүү инимди кыз болсо деп каалаган экен. Жүрөгүнүн түпкүрүндө эле “кызым жок” деген өкүнүчү болбосо, бизге такыр билгизбейт (күлүп). Кээде тамашалап “кыз башка үй-бүлөгө кетип калмак, 4 эркегимдин баары жанымда калат” деп калат. – Атамдын аты Нарынбек. Күлөсүз да, чын эле (күлүп). Экөөнүн таанышканы да бир укмуш. Студент кездеринде окуу жайдын жатаканасында таанышып калышыптыр. Атамдын достору апама “сени бир жакшы досубуз менен тааныштырабыз” дешиптир. Апам макул болуп атын айтып “Нарынкүл” деп колун сунса, атам “Нарынбек” деп колун сунуптур. Апам “ажыкыстанбай өз атын айтпайбы, мени шылдыңдап жатат” деп ойлоптур. “Атаңар мага бир тал роза алып бербей үйлөнгөн” деп айтып калат. Атам жолугушууга барганда такси менен барып, апамды узатары менен таксиден түшүп, троллейбуска отурчу экен, апам көрүп калат да. “Атаңар акчага сараң болчу” деп күлүп калат. Сүйлөшүп жүрүп үйлөнүшүптүр. – Атам бир мүнөз, жоош адам. Көпчүлүктү көп жактырбайт. Апам тескерисинче ачык-айрым, тарс-турс бетке айткан, чечкиндүү киши. Апам экөөбүздүн шайырдыгыбыз, дардаңдап жүрө бергенибиз окшош дешет. Үй-бүлөнүн мотору – апам, “коробкасы” – атам (күлүп). Апам менен көп сырдашам. Бирок эркелеп, кучакташып, өпкүлөп дегендей нерселерди жасай албайм. Анын себеби бар. – Үчүнчү атам Шаада, чоң атамдын атасы. Ошол Шаада атамдын кемпири 102 жашка чыгып каза болду. 9 айлык кезимден баштап чоң апам жана анын кайненеси, ошо Шаада атамдын кемпири экөө мени багышкан экен. Мен эс тартканда 98 жашта болчу, жамакчы эле. “Нарынбеги Нарында, Нарынкүлү жанында” деген сыяктуу ырларды жаттатып, мага “ата-энең келгенде ырдап бересиң” дечү. Ооз комуз да чертчү. Өз ата-энемди “байке, жеңе” дечүмүн. Аларга “мени качан алып кетесиңер?” деп ыйлачу экенмин. Анткени ата-энем менен чогуу инилерим кычыраган кийимдерди кийип алып келишчү. А мен кой-козу кайтарып айылда жүргөн бала элем. Ичим күйүп “мен деле шаарда ушинтип кычырап жүрсөм” дечү окшойм. – 4-классымда мени баккан чоң атам ооруп калып, мени “өз ата-энесине барсын” деп чечим чыгарыптыр. Мени алып кетишти, жүрөгүм каалап тургангабы, өз ата-энеме тез көндүм. Бирок ата-энем менен көпкө чогуу жашаган жокмун. 6-класстан түрк лицейге окууга өтүп, 11-класска чейин жатаканада жашап, каникулда барып жүрдүм. Ата-энем менен 2 гана жыл чогуу жашаптырмын. Ошол үчүнбү, ата-энеме айтайын деген ойлорумду айта алчу эмесмин. Эмоциямды көргөзө албайм. Беттеринен өбө албайм. – Ойлорумду апама айтам. Кээде айтпасам деле билип алган туюму бар. Ата-энем Нарында, борборго тез-тез келип турушат. Болочоктогу келинчегимди апама көрсөтөм. Апам азыртадан эле “сага жакса болду, аны менен мен жашамак белем” деп калат. Азыр менин бойдок жүргөнүм анын да баш оорусу болуп жатат окшойт, “жакшы кызга туш келсең экен” деп көп айтат. – Ата-энем түрк лицейде окуганым үчүн экономист болот деп ойлошчу. 9-класста эле мен Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырам деп чечкем. Ата-энем болбой койгон. 11-классты бүткөндөн кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин туризм бөлүмүнө окууга өтүп кеттим. “Сен “Манас” университетине өтсөң, ырларыңды жаздырып беребиз” деген убадалары бар болчу. "Силер каалаган окууга өттүм, эми ыр жаздырганга акча берип тургула” десем, “жөн турчу, ырды эмне кыласың?” деп коюшту. Өмүрүмдө биринчи жолу ата-энеме ошондо таарынгам. Сумкаларымды алып, эч кимге айтпай-дебей Нарындан Бишкекке кетип калгам. Аркамдан келишип, 200 долларга алгачкы ырымды жаздырып таарынычымды жазышкан (күлүп). Азыр кичүү инимди гитара үйрөтө турган курска жаздырып коюшуптур. Апам “Алмаз, ушуну ырчы кылчы” деп менден суранат, “апа, 1000 ырчы болсо ашып кетсе 15и элге таанылат, мунун талантынан, мен жол гана көрсөтөм” деп айттым. – Музыка жаатында билим алган жокмун, вокалга да барбадым. Кафелерде ырчы байкелерди ээрчип жүрүп элге таанылып кеттим. “Кеп бийик ноталарды ала алганыңда эмес, кеп жүрөктө. Ырчы жүрөк менен ырдаш керек” деп бирөө айткан. Ошол туура деп ойлойм. “Дээң” деген хит ырды билимдүү музыкант ырдаганы чанда. Вокалдан сабак алып Европаны багындырат белем, мага ушул эле жетет деп чечкем. – Апамдын уулдары жипке тизген шурудай. Арасынан мен эле тартип бузуучумун. Инилерим тыкан, ичпейт, чекпейт, кечкисин 10до жатып, эртең менен 7де турган режимди бузбаган балдар. Үй-бүлөдө “сасыткы өрдөк” менмин. Апам буга сүйүнүп сыймыктанып калат. Эки иним мамлекеттик кызматта иштейт, ошогобу дайыма апам алардын акчаларын аяп турат. Алар акча берсе албайт, “мага Алмаз алып берет, бас базарга” деп мени алдына салып алат. “Апама алып бербегенде, кимге алып бермек элем?” деп жөнөйм (күлүп). Нуржамал Жийдебаева "Инстаграм мен үчүн олуттуу эмес, бирок ал аркылуу батирлүү болдум" дейт ырчы Алмаз Шаадаев
Автор: Медина Найманова
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(5)
Gukush8993
![]()
05.10.2021. 01:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окуп жатып кечке кулдум "Сасыткы ордок дегени жакты да
Gukush8993
![]()
05.10.2021. 01:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мээримге тойбогон балдар ошондой болуп калышат окшойт
Marni
![]()
06.10.2021. 23:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gukush8993, Ооба да. Байкуш баланын детская травмасы бар экен. Эми апасынын мээримин алыш үчүн апасынын каалаган "каприздерин" аткарат. Созависимый да, кыскасы. Психологго барса болмок.
Marni
![]()
06.10.2021. 23:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий, байкуш. Чоң атасынын колунда, кийин интернатта жашаса. Ата-эне мээримин деле көрбөптүр да. Боорум ооруду. Билимдүү жигит тура. Түрк лицейине да баары эле өтө бербейт. Ырларын деле укпаптырмын. Бирок, адам катары сыйлап калдым.
Marni түзөттү 2021-10-06 23:05:53
uli95
![]()
09.10.2021. 16:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алмаз тааныйм ырчы катары бирок бир ырынды жактырып укпаймын! Бирок капризныйлыгын айтып калышат. Музыкалык билимин жок демек сенин ырчылык сапарын кыска. Бар бол!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|