|
Аваз Акимов, ырчы: «АЛ ӨЗ АПАМДАН КЕМ КАРАГАН ЖОК»№984 14-20 октябрь, 2021-ж.
Ата-энемдин мени менен сыймыктанганын сезем. Өзгөндө таанып, алар менен сүрөткө түшкөндөр, кафеге кирип калса же дүкөндөн кийим алып калса, бекер же арзандатып берген окуялар көп болот экен. Ошол окуяларды сыймыктанып айтып беришкени жагат. Мен ата-энеме аяр мамиле жасайм, көңүлдөрүн карайм. Катуу сүйлөп же таарынтып алгандан өтө корком. Өмүрүмдө ата-энем менен айтышкан, талашкан, урушкан, катуу сүйлөгөн учур болгон эмес. Мени кубандырганы – апам менен Айдананын мамилеси. Экөө бири-бирин аябай жакшы көрүшөт. Бир жолу айылга барып 15 күндөй жүрдүк. Кетерде экөө кучакташып ыйлашкан. Айдана кучактап алып “сизди сагынам” деп көзүнө жаш алды. “Кайра келесиң” деп сооротсом болбойт. Белектер тууралуу сурап калдыңыз, майрам сайын апам айылдан курут, май, алма салып жиберет. Мен тооктун этин жакшы көрөм, аны кошуп салат. Мен апама гүл, алтын, кийим жана башка ага керектүү нерселерди алып берем. Мен мурда гүлдү кымбатка аласың, анан ал 2-3 күндө соолуп жок болот, эмне кереги бар деп ойлочумун. Бирок айымдар гүл алганда өздөрүн бактылуу сезишет экен. Ошондуктан сөзсүз гүл берип туруш керек, ага себеп болсо, болбосо дагы.
– Балаңды колуңа алып, кылыктарын көргөндө башкача сезимдер болот. “Балам, балалуу болгондо билесиң” дегенди ошондо түшүнөт экенсиң. Кыз кишинин күйүмдүү, мээримдүү болорун мен кыздарымдан да көрүп жатам. Улуу кызым Ариана азыр көбүнчө менин жанымда жүрөт, мени менен уктайт. Кызым уктап жатканда “ушул менин кызымбы, ушунча чоңоюп калдыбы?” деп карап алып эзиле берем, катуу кучактап алам, Кудайга ыраазы болом. Эки кызымдын мүнөзү эки башка. Ариана кичинекей кезинде күлчү эмес, Лиана жаркылдак. Кыздарыбызды эч урушпай, эркелетип жатабыз. Күндө сөзсүз кыздарыма бата берип, жакшы тилектерди кылам. Башкысы, бактылуу болушсун, ден соолугу болсун деп тиленем.
Жакында Айдана “өз атам менен катташпайм” деп жашоосундагы бир сырды ачты. Бул боюнча эч нерсе айта албайм. Ар адамдын өз жашоосу бар. Мен аралашкан жокмун. Бул тууралуу коомчулукка айтып чыгардан мурда кеңешкенбиз. “Бул сенин тагдырың, өзүң чеч” дегем. – Нургүл эжем үйдө жалгыз кыз. Экөөбүздүн ортобуз 5 жаш айырма. Кичине кезимде үйдө эжекем менен көп урушчумун. Анткени эжем үйдү тазалап, полду жууп койсо чаң бутум менен үйгө кирип кетем да. Мен эле эмес, башка бир туугандарым деле ошентишет. Анан эле эжем урушуп, “чыккыла” деп кууйт. Эжем азыр деле баарын көзөмөлдөп турат. Аны президентибиз деп коёбуз. Жалгыз кыз деп эжемди баарыбыз аяп, колдоп турабыз, жакшы көрөбүз. Ал 10 жылдан бери Казакстанда жашайт. Экөөбүз бири-бирибизге жакынбыз, көп сырдашабыз. Үйлөнгөндөн кийин бир туугандардын арасы алыстай түшөт дешет. Тескерисинче, алыстап кетпейин деп коркуп жатып кайра жакындап кетет экенсиң. Перизат Музуратбекова “Кыздарыма өзүнчө, Айданага өзүнчө сүйүүм бар” дейт Аваз Акимов
Автор: Канимет Данияров
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(3)
ulaAjidar
![]()
19.10.2021. 09:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын иним, бактылуу бол...
Birimdik5555
![]()
19.10.2021. 12:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактынар туболук болсун
aizirek...
![]()
20.10.2021. 07:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кайненесин деле кошуп койсо болбой беле??
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|