|
Азиз Батыров, ырчы: “СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫМ МЕНЕН УРУШУП, ТААРЫНЫШКАН КЕЗДЕ ЫРЛАР ЖАРАЛЧУ”№984 14-20 октябрь, 2021-ж.
Максатай: – Жарайт. Мен Баткенде төрөлгөм. Кичине кезимде Бишкекке көчүп келгенбиз. Ушул жактан мектепте окуп, кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биология бөлүмүндө окудум. Окуу жайдан комуз ийримине да барчумун. Андан кийин филармониянын алдындагы 2 жылдык студияда окудум. Азиз: – Баарын мен баштайм да (күлүп). Максатай биринчи курска жаңы келгенде мен “Манас” университетинде 2-курста окучумун. Окуу жайда “Сармерден” деген уюм бар, өнөр балдары чогулуп алып кыз-жигит болуп айтышчубуз. Ошол жерден таанышканбыз. Бир сүйлөшүп көргөндө эле мага мүнөзү жаккан, оор басырыктуу, орундуу сүйлөгөн кыз. Башында бир жерлерден таап, акындардан суранып ырларын алып, СМС кылып жазып жүрдүм. Жиндидей эле жооптор келет. Жинденем, бирок чочутуп албайын, жаман мүнөзүмдү көрсөтпөй турайын деп жаман жазса деле жакшы сөз жазам. Бир күнү курбулары менен бир отурушка баратыптыр. Аны угуп жиндеп баштадым, “барбайсың” деп алгам. Анда кыз-жигит эмеспиз. Отурушка жибербей дос кыздары менен үйүнө жеткирип салдым. Билбейм мага эмне болду, кызганып кеттим окшойт. Андан кийин билдирүүлөрүмө жакшы жооп берип, чалсам сүйлөшө баштады. Тез-тез жолуга турган болуп калдык. Ошондо эле тойдо ырдачумун да. Тойдон келген баштыкты “кыздар менен же” деп берчүмүн. Анда экөөбүз тең окуу жайдын жатаканасында жашачубуз. Ошентип экөөбүз кыз-жигит болуп 7 жыл сүйлөштүк. Ортодон таарынып, көпкө сүйлөшпөй калып, ырларды чыгарып жиберген күндөр да болду. “Мен сизди унутушум керек эле” деген чыгарма ошол урушуп жүргөн кезде чыккан. Бирок рахмат, урушуп калганыбызда жакшы ыр жаралып калган экен. Эл арасында ырдалып жүрөт. А.: – Бизди ата-энелерибиз да билчү. 7 жыл оңойбу? Чындыгында, башканы алам деп издеп деле жүрдүм. Бирок окшоштура албайт экенсиң. Муну сүйгөндөр түшүнөт. Анан апам тойду тездетип салды. Сүйлөшпөй жүргөн кезде “Сүйүү таптым, сүйүнчү” деген клибимдин бет ачары болду. Максатайды чакырган эмесмин. WhatsApp’тагы тайпага жазгам. Ошол жактан окуп эле келиптир. Келгенине таң калгам. Ал жерден апам көрүп эле “кызым, бас” деп эшикке чакырып алып, “сени балама алып берем” деп сүйлөшүптүр. Ушинтип баш кошуп калдык. 2 жылдан бери, Кудайга шүгүр, арабызда бир дагы өйдө-ылдый болгон жок. М.: – Көп жакшы сапаттары бар. Сөзүнө турат, ачык-айкын, баарын бетке айтат, туура жүрөт, өтө таланттуу, идеяга бай, эмгекчил, боорукер, камкор. М.: – Биздин үй-бүлөдө атам, чоң атам комузчу. Мен да музыкалык мектепте 5 жыл окудум. Атамды көрүп кыялданчумун, келечекте жолдошум атамдай болуп комузду сонун чертсе экен деп. Таанышкан учурда эле комуз черткенин, өзүн алып жүргөнүн, баарын атама окшоштурдум. Менин адамым экен деп ошондо эле сезгем. М.: – Үйдө атам комуз чертсе, апам ырдайт. Бир жактарга барганда бири комуз чертип, экинчиси ырдачу. Экөө сүйүүдө жашашат. Бири-бирине жөлөк-таяк болушту. Ошону көрүп чоңойдук. Мен да ошондой үй-бүлө курууну самадым. Жолдошумдун чыгармачылыгын түшүнөм, колдойм. Үйдө шарт түзүш керек болсо, ошого аракет жасайм. Мүнөзү жаман деп айта албайм. А.: – Албетте, сүйүүнү алып келген, табыштырган, үй-бүлө курганга себепчи болгон – комуз. Үйдө төрдө 18 комуз илинип турат. Балабыз да комузчу болот окшойт. Комуз алып бер дейт. Кичинекей комуз алып берейин деп базарга жетпей жатабыз. А.: – Жаңы келин болуп келгенде кызыктар болгон. Бизде Ошто жаңы келген келин эл ойгоно электе саат 4-5терде туруп 40 күн эшиктин алдын шыпырат. Мен “эртең менен уктап калбайлы, туруп шыпыр, уят болот, кошуналар карайт. “Азиздин келинчеги турбай койду” деп айтышпасын. Бир аз ырымын кылып кой. Эч болбосо суу сээп кой” деп, ойготкучту койдук. Эртең менен турсам саат 8 болуп калыптыр, Максатай жанымда уктап жатат. “Тур. Уят кылбадыңбы сен, чурка” десем, туруп жоолугун салып чуркап кетип баратып эле токтой калды. Көрсө, апам менен эжем “кошуналар эмне десе дей берсин” деп шыпыртпай коюшуптур. М.: – Мен салт катуу болушу керек деп эшиктин алдын шыпырууга даярданып баргам. Саат 5те чыксам, апам көрүп алып “кызым, эрте турбай эле кой, азыр суук. Кирип уктап эс алып, 10до тур” деп киргизип койду. Апам аябай түшүнүктүү, бизди колдойт. Апамдын эрке кызы болдум окшойт. “Калааганыңды кыл” дейт. Өзүмдүн апамдай. Барганда эле өз кызындай кабыл алып, билбегенимди үйрөттү. Мен да апама жакын боло түштүм. Экөөбүздүн баары уктап жатканда таң атпай туруп чогуу чай ичмей адатыбыз бар. Апам экөөбүздүн көп жагыбыз окшош. А.: – Кыз-жигит болуп сүйлөшкөндө эле пландарыбыз бар болчу. Экөөбүз тең магистратурага окуйбуз дегенбиз, окуп бүтүрдүк. Өмүрүбүздү билимге арнайбыз, мугалим болобуз, комузду өнүктүрөбүз деген кыялыбыз бар болчу. Анда Максатай 17 жашта, мен 19 жашта болчубуз. Ойлоп көрсөк, баары аткарылып жатыптыр. Менден “келинчегиң да комузчу, аны эмнеге чыгарбайсың, үйдө эле отура берет” деп көп сурашат. Чындыгында, чык же чыкпа деп эч качан чек койгон эмесмин. Эгер чыккысы келсе колдойм. Үнү укмуш болсо ырдатмакмын. Ырдай албайт дебейм, бирок профессионалдык деңгээлде эмес болгону үчүн өзү деле ырдабайт. Мага “ии, байкуш, ырдай албаса да чыгып алды” деген сөздөр жакпайт. Ырдай албай жатса да жармашып сахнаны бербегендер бар. Ошондойду каалабайбыз. Бардык жакта профессионалдуулукту жакшы көрөм. Ошондуктан Максатайдын күүчүлүктү өнүктүргөнү туура деп ойлойм. Учурда дуэт күүлөрдү даярдап жатабыз. Жакшы тилектерди көп кылсам керек, Кудай баарын өз орду менен берип жатат, шүгүр. Перизат Музуратбекова “Жети жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук” дейт ырчы Азиз Батыров
Автор: Гулзада Абдырахманова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(2)
Jaka1978
![]()
18.10.2021. 23:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
Margana93
![]()
21.10.2021. 16:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула алтындар
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|