|
Самат Дөөлөтбаков, ырчы: «20 ЖАШТА 30 ЖАШЫМДА МИЛЛИОНЕР БОЛОМ ДЕГЕН МАКСАТ КОЙГОМ»№985 21-27 октябрь, 2021-ж.
– Саламатчылык. Күнүмдүк тиричилик, ишкерлигим, кез-кезде чыгармачылык менен алекмин. – Каверлер чыгармачылыкка болгон суусунумду кандырып турат. Азыр мага ошол жетиштүү. Кесиптештеримдин ырдаганын көрүп артта калып калбайын деп ырдап калам. Каверлердин дүйнөсү ачылганына кубанычтамын. Каалаган ырыңды тандап, өзүңдүн интерпретацияң менен ырдап элге маалымат бере аласың. Музыка дайым менин жанымда. Жан дүйнөмдө кризис болгондо, чарчаганда студияга барам. Өзүбүздүн чакан студиябыз бар. Кавер жаздыруу 2 саатымды алышы мүмкүн. Ошол мага бир айга жетет. Чоң энергия, мотивация берет. – Жаш Самат болчу. Бүгүнкүдөй эле амбициялары чоң, алдыга койгон олуттуу пландары бар адам болчу. Ырдап көрсөм эл кандай кабыл алат болду экен деп эксперимент кылып, 2-3 жылымды чыгармачылыкка арнаган кезим. Азыр ал ырларымды уксам кээде күлкүм келет, кээде сүйүнүп калам. Азыр улуу киши болуп туруп жаш баланы карагандай болуп жатам. Ошол убакта көп уялтпай, мени кабыл алып жакшы мамиле кылган элге рахмат. Азыр да чыгармачылыкка тийип-качып жүрөм, элим ар дайым колдоп келет, рахмат. – Тилекке каршы, азыр жаш муунга китеп окуу керексиздей көрүнөт. Андан көрө сериал көргөн, социалдык тармактарда отурган жакшы деп эсептешет. Китептерди басып өткөн жолу бар, турмуштун ысык-суугун көргөн адамдар жазышат. Алардын бөлүшө турган ойлору бар. Балким, алар биздин доордо жашаган эмес, балким, башка тилде сүйлөшкөн. Ошол китептер аркылуу алар менен диалог куруу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой адамдардын оюн укпасаң кимдин оюн угасың? Мен психология, бизнес жаатындагы китептерди жакшы көрөм. Көркөм адабиятты окуган да жакшы, жок дегенде туура жазганды үйрөнөсүң. Бизде азыр бул чоң маселе. Бир китептин 10-15 бетин окуганда эле мага көптөгөн идеялар, ар кандай ойлор келет. Китептеги ой менен өзүңдүн көз карашыңды салыштырасың, ойлоносуң, анан жоопторду тапканга аракет кыласың. Ошондуктан ар бир китеп ар бир адамга таасир берет деп ойлойм. – Адам канча жашта болсо да “ушул убакта ушул жерде турганыма ыраазымынбы?” деген суроону өзүнө бериши керек. Мен 37 жаштамын. Мен ыраазымын. Мындан кийин да ушундай темп менен жашагым келет. Социалдык тармактарда “сага жыргал” деп жазышат. Негизи баарыбыз бир шартта жашайбыз. Болгону кыялданып тим болбостон ага жетүү үчүн план коюш керек. Ар бирибиздин жашообуз өз колубузда. – 20 жашымда өзүмө 30 жашта доллар менен миллионер болом деген план койгом. Бул эсебимде ашыкча жаткан акча болушу керек эле. 25-27 жашка келгенде Кыргызстанда бул планды ишке ашыруу кыйын болгонун сезип, 35 жашка жылдыргам. 35те ага жеттимби, айтпай эле коёюн. Бирок ошого жетем деп көп аракет кылдым. – Өзүмдүн да, башканын да убактысын сыйлайм. Кыргыздар бири-бирибиздин акыбызды жегенибиз туура эмес. Үй-бүлөдө кээде балдарды катуу эркелетем, кээде катуу кармайм. Дисциплина бардык жерде болушу керек. – Жазылбаган мыйзамдардын көбүн кызым бузуп жатат эркелеп. Кызым 13кө чыгып калды. Өткөөл куракта азыр. Жакшы сөз айтып мени кадимкидей алдап коёт. Жазылбаган мыйзамдар көп эле. Мисалы, фаст-фуд жебейбиз. Бирок 2-3 жумада бир жеп коёбуз. Балдарым алдап алып барышат мени. Мындан тышкары үйдүн чачык жатканын жаман көрөм. Кичинесинен балдарымды тазалыкка үйрөткүм келет. Канчалык колумдан келип жатат билбейм. Колдон келишинче катуу тарбиялаганга аракет кылам. Себеби мени ата-энем катуу тарбиялаган, бул туура деп эсептейм. – Абалга жараша деп ойлойм. Кээде өтө эркелетем, кээде катуу урушуп коём. Өтө жумшак же өтө катуу болуштун кажети жок деп эсептейм. Эркекпи, аялбы, Кытайда төрөлгөнбү, Америкадабы, баарыбыз бирдейбиз, укугубуз бир. Бири-бирибизди түшүнүп, кемчилигибиз болсо аны жаап, бири-бирибизге тирек болсок үй-бүлө күчтүү болот деп ойлойм. – Азырынча чоң аренага чыгуу оюм жок. Бийликке барсам алгач билим берүү секторуна көңүл бурмакмын. Бул жаатта жасала турчу чоң иштер бар. Мектеп куруп коюу жетишсиз. Китептердин сапатын жакшыртыш керек. Совет доорундагы систем менен окутабыз, көп маалымат эскирген. Айрым предметтердин кереги жок, аларды алып салып, ордуна жаңысын киргизиш керек. Мугалимдердин билим деңгээлине көңүл бурушубуз керек. Билим берүү сектору бюджеттен көз каранды. Бирок аракет кылсаң жардам бере турган ар кандай фонддор бар. Биз бир кезде мультимедиалык китептерди алып келип Бишкектеги, Оштогу мектептерге таратканбыз. Алар көп окуучуга жардам берди деп ойлойм. Өкмөт жасачу чоң иштер бар. Жаштарга азыртадан жакшы билим бербесек, кийин жоготуп алабыз. Перизат Музуратбекова “Жинди гана өз оюн өзгөртпөйт"- дейт Самат Дөөлөтбаков
Автор: Гулзада Абдырахманова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(2)
Egizderim-baktim
![]()
26.10.2021. 19:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырларыныз, Перизат менен ырдаган баардык ковёрлорунуз жагат. Уй булоонуз менен бар болунуздар
asefsa
![]()
31.10.2021. 07:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окшош экен, окшош жубайлар бактылуу болушат, бактынар туболуктуу болсун!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|