|
Гүланда, ырчы: "БИЗГЕ АТАМДЫН КОЛУ ЭМЕС, СӨЗҮ ДА ТИЙГЕН ЭМЕС”№986 28-октябрь-3-ноябрь, 2021-ж.
– Атам Үсөнакун Алымбеков учурда ардактуу эс алууда. Бир мүнөз, жумшак, сабырдуу, көп сүйлөбөгөн жоош киши. “Атанын колу кыз балага тийбеши керек, тийсе бактысыз болуп калат” дешет го. Бизге атамдын колу эмес, жаман сөзү да тийген эмес. Көргөндөр “жакшы киши экен” деп жакшы көрө беришет. Ата-энем бар бактылуумун. “Атасы, апасы барлар картайбайт” дегендей, дагы деле ата-энеме эркелеп кичинекей кызы болуп жүрөм. Ата-эненин көзү барда батасын алып сүйүнтүш балдардын милдети деп ойлойм. Бишкекке көчүп келгендерине 6-7 жылдай болуп калды. Жакында эле кышкысын жылуу, ыңгайлуу үйдө жашасын деп аларга батир алып бердим, кубанып жатышат. Жер үй бар, ал жакта жайкысын огород карап жашай беришет. Кичинебизде атам менен апам эртеден кечке жумушта болушчу. Атам кышкысын бош убактысында бизди тоого алып чыгып чанага сүйрөп ойнотчу. Балалыгымды эстегенде ошол көз ирмемдер эсиме келет. Биздин учурда тартип катуу болчу да. Анда концертке барыш үчүн эртеден кечке жумуш кылып, анан суранып жатып барчубуз. Отуруштарга жиберчү эмес. Дайыма алардын тилин алдык. Ата-энеге катуу сүйлөп, көңүлүн оорутуу туура эмес. Тарбиясына ыраазымын. Жакшы тарбия алгам деп айта алам. Атам энергетика тармагында иштеди. Мен да атамдын кесибин аркалайм деп Кыргыз техникалык университетине энергетика факультетине тапшырып, окугам. Бирок окуп жүрүп эле кечинде кафелерде ырдап баштагам. Ошентип ырчылык менен кеттим. Эже-агайлар көтөрмөлөп эле окууну бүттүм. – Биздин үйдө 4 кыз, бир уул. Байкем Таалай жалгыз эркек болуп эркелеп чоңойду. Аны эркелетебиз, көңүлүн оорутпайбыз, туу тутабыз. Байкем экөөбүздүн келбетибизди окшоштурушат. Ал таланттуу адам. Ырдайт, аккордеондо, гитарада, комузда ойнойт, Нарындын жылдызы. Тойлорго барып ырдайт. Ал кичинесинен каалаганын кылып чоңойду. Окуйм десе окуп, окубайм десе окубай да койчу. Жалгыз уул деп армияга да жиберген жокпуз. Бизге чыгармачылык өнөр тай жагыбыздан өткөн. Ыраматылык Нурак Абдырахманов апамдын байкеси болот. Кичинекейибизде байкеме жигиттер менен кармалып калгандан коркчубуз. Ошондуктан ал үйдө болгондо эч жакка чыкчу эмеспиз. Дискотекага барганда да байкемден коркуп ал жүргөн жерден каччубуз. Бирок ал бизди урушуп, көңүлүбүздү калтырган учур болгон эмес. Бир туугандар болуп ынтымактуубуз, бири-бирибизге жакынбыз, сырдашып, сагынышып турабыз. Байкем бат-баттан келип турат. Айылдан этин, каймагын ала келет. – Жолдошум Айбек жөнөкөй, кичи пейил, сезимтал, боорукер, жумшак адам. Бир нерсе болсо жашып кеткени да бар. Ага караганда мен мерезмин. Ал кино көргөндө деле ыйлай берет. Башкалар “бой көтөрүп жүргөндөй көрүнгөнү менен, сүйлөшө келсең жөнөкөй экен” дешет. Үйдөн балдар ага аябай эркелешет. Айбектин урушканын көтөрө алышпайт, катуу сүйлөп койсо эле ыйлашат. Бирөөнүн жүрөгүн оорута албаган адам. Бирок бир жини келсе аябай жаман. Мен Айбекке ыраазымын, көңүлүмө карап оокат кылат. Бир нерсени өзү эле чечип коё бербейт, менин оюм менен эсептешет, кеңешет. Айбек мени эмнеси менен сүйдүрүп алды деп сурап калдыңыз, мени катуу сүйгөнү менен деп жооп берет элем. “Менин сүйүүм”, “Махабат багы”, “Күн айым” деген ырлары мени сүйүп жүргөн кезде чыгыптыр. Мен деле маани бербептирмин, кийин байкадым. Ырларды арнап эле сүйдүрүп алган. Азыр деле ортобузда сүйүү бар. Сүйүү жок болсо чогуу жашаштын маңызы жок деп ойлойм. Балалуу болгондон кийин сүйүү балага өтүп кетет дегенге кошулбайм. Анткени ал башка сүйүү. Жолдошуңа болгон сезим башка. Бирок дайыма эле баштагыдай сүйүү боло бербейт, ал формасын өзгөртөт. Бара-бара ортодо ишенич пайда болуп, мурдагыдай кызганбай каласың. Очор-бачар болгондон кийин бири-бириңди аяп каласың. Экөөбүздүн башыбыздан көп нерсе өттү. Кудайым деле сыноону көтөрө алган адамдарга берсе керек. Оор учурлардан бири-бирибизге болгон жакшы сөзүбүз, колдообуз менен чыктык. Айбектин мага берген ар бир белеги кымбат. Себеби анын баарын өзүм тандайм. 8-март менин туулган күнүм. Бул кош майрамды мен жакшы пайдаланып калышым керек (күлүп). Ошондо өзүм каалаганымды тандап Айбекке айтам, ал алып берет. Мен зер буюмдарды жакшы көрөм. – Кудай мага бир кыз, бир уул берди. Уулум Молдомуса 9 жашта, азыр 3-класстын окуучусу. Ал мага жакын, кызым атасына жакын. Балам эртең менен турганда эле менин бетимден өбөт, мектепке кетип баратып деле, келгенде деле өбө берет. Жароокер, назик бала. Бир нерсе деп койсоң көзүнүн жашы даяр. “Чоңойгондо Дубайдан мейманкана алып берем, учак алып берем” деп айтат, жаным. Уулум ырдаганды жаман көрөт. Мессидей, Роналдудай футболчу болгусу келет. Мага ак халат кийип алып врач болуп иштеп жүргөн мырзалар жакшынакай көрүнөт. Ошондуктан кээде балам врач болсо деп ойлоп коём. Бирок кесип тандоосуна аралашпайм. Ар бир адам өзү жаккан кесипти тандап, андан ырахат алып иштеши керек. Негизгиси, балам ыймандуу, ата-энесине күйүмдүү болсо экен деп тилейм. Чоңойгондо да жанымда болсо, сонун келиним болсо, ал бизге кызмат кылса деп кыялданам. Перизат Музуратбекова Ырчы Гүланда: “Атамдын колу эмес сөзү да тийген жок“
Автор: Гүлзада Абдырахманова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(12)
Jaka1978
![]()
01.11.2021. 10:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы, молодец, сонун мактанып сын
Jaka1978
![]()
01.11.2021. 10:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жакшы, молодеееец
Gulina00
![]()
01.11.2021. 15:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Келин кызмат кылыш учун,кайнени сыйлап,кайын журт мн калын болуш кк,кайтар дуйно деп коет,М:Айбек теги Озгондон болот,бирок токтогулдукмун деп айтат,апасын,балдарын,аялын ыйлатып таштап койду,каарылык келатат ойлонуш кк,акчасы бар жандап журот Гуляндасы,акчасы жок болсун.
Gulina00
![]()
01.11.2021. 15:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гуланда озу да кайнене болот.
Karakoz90
![]()
01.11.2021. 17:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
эмеге айрым адамдардын оозунан жакшы соз чыкпайт. Баардык эле адам карыйт, жаш кезде ар кандай каталарды кетирет бирок Аллах кечиримдуу катачылыктарын ондосо пендесине жакшы жашоо тартуулайт. Мусулманбыз го бири-бирибизге жакшылыктарды эле каалайлычы.
Sara1993
![]()
04.11.2021. 15:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Karakoz90,анткени Гулянда жакшы созго татыктуу эмес. Бироонун уй булоосун бузуп озунун жаштыгы менен алдап тийип алган.Озу айтып жаткан ата энеге болгон сый урматту унутуп жолдошун апасы менен уруштуруп койгон. Дагы уялбай ата энени сыйлаш керек деп коойт,Камера жок учурда озунан бир дагы жакшы соз чыкпайт.
Talyan007kg
![]()
02.11.2021. 00:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жасаганын айткан Адам эмес!!
ChagyIgan7
![]()
02.11.2021. 13:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эробекет жокпу
Sara1993
![]()
04.11.2021. 15:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошондой жакшы билет экенсин ата энени сыйлаш керек экендигин ал эми Айбек Карымовдун апасын кечке Айбек Карымовго жамндап журуп апасын озуно душман кылып койгонунду дагы эстей кетсен болмок, же болбосо аялын тартып алып оз бактынды куруп бироону атасыз кылып койгонду унуттунбу? Жашоо бумеранг дейт кайра озуно кайтып келет сага келбесе дагы кызына келиши мумкун. Албеттее озунон чыгарсын кызынан эмес.Ошондо коросун бироонун куйоосун тартып алып апасынан ажыратып койгон кандай болот экенин.
Nina.alex
![]()
07.11.2021. 12:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ото начар аял. Айбеги экоо тен
Nina.alex
![]()
07.11.2021. 12:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ото начар аял
Nina.alex
![]()
07.11.2021. 13:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озун кайненене кызмат кылдын беле
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|