|
Бакыт Осмонканов, режиссёр: “МЕН МЫКТЫ АКТЁР ЭМЕСМИН”№987 4-10-ноябрь, 2021-ж.
– Тасма элге жагып, кубанып турган учурубуз. Мактагандар көп, мындай мактоону биз деле күткөн эмеспиз. Көрүүчү кандай кабыл алгысы келсе ошондой кабыл алганы жакшы. Мен азыр муну айткым келди десем, эл барып ошону издейт. Азыр кино жаңы коюлду, рекорд болгону 4-5 айдан кийин билинет. Бирок ошого баратабыз. Жолдо тартылганга ысыкта абдан кыйналдык, сыртта 40 градус ысык болсо, машинанын ичинде 50-60 градус ысык болуп жатты. Анын үстүнө тасмага тарта турган машинабыз дагы эски болгондуктан улам эле бузулуп жатты. Эми көрүүчүлөрдүн реакциясынан кийин баары жөн эле болгон эмес экен дедик. Ар бир ийгиликтин артында оор жумуш турат. Эгерде жумуш жеңил өтүп кетсе мен аябай кыжалат болмокмун. Жеңил иш эч качан жакшы жыйынтыкка алып келбейт. – Ойлор көп. Биздин комедия тартканыбыздын себеби – биз юмор жаатында көп жылдан бери алектенебиз да. Ошондуктан өзүбүздүн жакшы билген ишибизди кылалы дедик. Кинолорубузда аз болсо дагы драма бар. Ушинтип акырындан үйрөнүп келе жатабыз. Кыргызстанда башка жанрларды эл көрбөйт. Эл кинотеатрга ыйлаганы эмес, эс алганы барат да. Мен деле өзүм каалаган жанрда тасма тарткым келет. Азыр эми учурдун талабы комедия болуп жатат. Үй-бүлөмдү багам десең элге керек нерсени бериш керек. – Сынга жакшы карайм, бирок конструктивдүү сынга. Жөн эле бир нерселерди айта бергендерге көңүл бурбайм. Эмнеге жакпаганын толук факт менен санап берсе, мен ошону угам. Бизде тасма кинотеатрларга чыгардын алдында ар кайсы кесиптин ээлерин студияга чогултуп, кинону коюп берип пикирин угабыз. Окшош пикирлер болсо тасманы ошого карап оңдойбуз. Катуу сынга кабылганымды деле билбейм, “Напарниктер-1” режиссёрлук кылган биринчи кином. Анда көп нерсени билчү эмесмин, оператордун айткандарын укпай тарта берип, техникалык жактан көп эле кемчиликтер болгон, ошондо көп сындар айтылган. – Өзүмдү актёр катары сезбейм. Актёрмун десем профессионал актёрлор таарынат, анткени алар окуган. Мен айла жоктон эле актёрмун. Анткени сценарийди өзүм жазам, кандай ойнош керек экенин билем. Жеңиш экөөбүзгө эл көнгөн, ал болсо тубаса талант. Мен эң мыкты актёрлордун катарына кирбейм. Бирок мыкты режиссёрлордун арасына кирем, комедия жанрында. – Оор, бирок кылса болот. Биринчи кезекте мен өзүмдү режиссёр катары кабыл алам. Кинодо эң негизгиси сценарий болгондуктан ага дагы көп убакыт бөлөбүз. Продюсерлик бул айла жоктон. Өз каражатыбызды чыгарабыз, аны өзүбүз көзөмөлдөбөсөк болбойт. Менин 400 миң доллар акчам болсо “сен муну, тигини кыл” деп режиссёр болуп эле отура бермекмин. – Ким кааласа кино тарта берсин. Тарыхта деле мыкты кинолор дароо жарала калган эмес. Жалаң гана акча табууну көздөгөндөр акырындан иргелип кете берет. Себеби алар атаандаштыкка чыдабайт. Аракет кылып, өзүнүн убактысын, мээнетин бергендер акырындан алдыга чыга берет. Атаандаштыктын артынан сапат өсөт, сапаттын артынан кыргыз киносу өнүгө берет. – Кызыкчылыктарыбыз көп эле, үй-бүлөлүк катыштабыз. Футбол, спорт жөнүндө көп сүйлөшөбүз, чогуу тамактанабыз. Мен үйдө отурганды жакшы көрөм, ал машина карайм деп базарга, футбол көрөм деп стадионго барып жүрө берет. Бир жылдары Чемпиондор Лигасын көрөм деп Түркияга чейин кетип калган. Анын кызыкканы көбүрөөк, мага үйүм жетиштүү. Саякаттап Лос-Анжелеске барганда үч күндө үйүмө кетким келген. – Өзүмдү ойнойм, так эле ошондоймун. Өзүмчүл, олуттуумун, туугандар, достор менен көп катыша бербейм. – Менде үй-бүлөгө болгон жоопкерчилик өтө чоң. Колуңда эч нерсе жок болсо деле балдарды төрөй берген болбойт. Баланын күнөөсү жок да, баланын жата турган жери болушу керек. Жок дегенде стабилдүү жумушуң, потенциалың болгондо үй-бүлө куруш керек. Мен окуумду бүтүп, жумушум, алдыга койгон пландарым болгондо 26 жашымда үйлөнгөм. Үй-бүлөдөн артык жоопкерчилик жок. Эркектер чоң жоопкерчиликти моюнга алгандан кийин тытынып иштеп табышыбыз керек. Баланын өз ырыскысы бар дегенге мен деле ишенем, бирок кандай болбосун биринчи даярданыш керек. Кудай ырыскыны берет, бирок өзүң дагы аракет кылышың зарыл. – Менин 3 балам бар, улуусу Нурсултан 1-класста окуйт, кызым Нурай бала бакчага барат. Кичинекейибиз Алинурга 11 ай болду. Мени апам бир дагы жолу урган эмес. Мен кээде улуу баламды чымчып коём. Бирок урганга толугу менен каршымын. Интернеттен баарын көрө алам, бирок балага байланыштуу агрессияны көрө албайм, жүрөгүм чыдабайт. – Кайрылып жатып тажадым. Кээ бирлер “Бакытка добушуңарды сатпагыла деп айтып коюш оңой, үйдө ун жок болсо эмне кылалы?” деши мүмкүн. Бирок бир чыдап койгулачы. Бир жолу өзүбүздү сыйлап, сатылбай жүрөгүбүз менен добуш берип көрбөйлүбү... Динара Акимова “Кино элге жакпай акча тапсак жаман” дейт Бакыт Осмонканов
Автор: Гүлзада Абдырахманова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(1)
nurka_85
![]()
15.11.2021. 01:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Аяш " киносу Красноярск шаарында да аншлаг менен коюлду, билет жетпей туруп коргондор дагы болду, Кире албай калгандар дагы суранып жатышат. Ото сонун кино болуптур. Динка менен Жениш вообще сонун ойноптур. Соз жок. Ийгилик.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|