|
Айтурган Эрмекова, ырчы: “МЕН ЭРКИНДИК ЭМНЕ ЭКЕНИН БИЛБЕЙМ”№988 11-17-ноябрь, 2021-ж.
– Саламатсызбы? Ошентип айтышат бекен, ээ (күлүп)? “Калк айтса, калп айтпайт” дешет го, бул сөздүн чындыгы деле бар. Ырчылар да бөлүнөт, кайсы ырчы тойду шаңга бөлөйт, кайсы ырчы элди ала алат, эл билет. Мен бул нерсе менен сыймыктанам. – Ооба, көпчүлүк муну өзбек тилинде деп ойлошот экен, бирок бул каракалпактардын ыры. Муну мага жолдошум “сага ушул ыр аябай жарашат болуш керек” деп сунуштаган. Башында мага жарашпайт болуш керек деп ойлогом. Студияга барып жаздырып көрүп, бул ыр меники экенин билдим. 3 жылдан бери “Гүлбадан” экөөбүз тойлордо жүрөбүз – Табиятымдан шыктуумун, атам, апам, үй-бүлөдө баарыбыз жакшы бийлейбиз. “Кыз-Бурак” командасына да дал ушул бийим үчүн алынгам. Гүлшайыр Садыбакасова, Кенже Дүйшеева эжелерим “бийи өзгөчө экен” деп кабыл алышкан. Концерт болобу, той болобу, “ушул жерин минтип бийлейин” деген менде даярдык болбойт. Өзүнөн-өзү уланып кете берет. – Негизи мен ырчылыктан мурун актриса болом деп кыялданчумун. Жаңы ырдап чыгып келе жатканымда киного тартылып, бирок продюсерлердин келишпестигинен улам кинолор экранга чыкпай калган. Ташкентте тартылган “Тимур” деген тасмада башкы ролдордун бирин ойнодум. Өзбектердин Мирза Азизов деген таанымал режиссёру бар. Ош шаарына делегация менен келгенинде ал кишилерди тосуп алгам. Алай жергесине алып барып, сыйлап, 6 күндө бир туугандай эле болуп калдык. Мүнөзүмдөн улам ал киши мени тартам деп жүргөн тасмадагы ролго ылайык көрүптүр. Орусиядан Голливуд актёру Игорь Жижикин келди. Казактардан “Рекетир” тасмасы менен белгилүү болгон Саят Исембаев, кыргыздардан мен роль жараткам. Бул ролго өзбек актрисалары деле тартылмак, бирок режиссёр ошол ролго мени көрүптүр. Саят Исембаев менен бир тасмага тартылуу үч уктасам түшүмө кирген эмес. Кантип аткарам деген коркуу болгон, бирок жакшы эле аткардым окшойт. Өзүм байкасам, мен олуттуу ролдорго эмес, күлүп, жаркылдаган комедия жанрындагы тасмаларга тартылгым келет экен. – Эркиндикти жолдошум берет. Бирок мен өтө эркинмин деп айта албайм. Эмне кылсам, кайсы жерге барсам, кандай ыр ырдасам, бүт бардыгы жолдошумдун көзөмөлүндө. Ал “бар” деген жерге барабыз, “барбайсың” десе барбайбыз. Үйлөнгөндө мени “ырдабайсың” деп айтса ырдамак эмесмин, анткени мен үчүн үй-бүлө биринчи орунда. Жолдошум Дамир “сен уча турган адамсың, канаттарыңды кыркпайм” деп өзү колдоп ырдап чыгышыма көмөк көрсөттү. Мен сырттан өтө эркин жүргөндөй көрүнсөм керек, бирок мен эркин деле эмесмин, эркиндик эмне экенин билбейм (күлүп). Коргоо, көзөмөл Кудайга шүгүр эле бар. “Өзүң бара бер” деп калган күндө деле мен бара албайм, сөзсүз түрдө жанымда күйөөм, ал бошобой калса кайнилерим болот. – Атам 35 жыл күч түзүмдөрүндө иштеген, бекем тартипке кичинемден көнгөм. Ары жагымдан эле мен бул нерсеге даяр болчумун. Андан кийин “Кыз-Бурак” тобуна келдим. Андагы темирдей тартипти өзүңүздөр билесиздер. Жолдошумдун тартипке бекемдиги алардыкынан да өтүп кетет (күлүп). – Өзүнүн кесиби бар, бирок ал тууралуу айта албайм. Жеке ишкер, бир нече бизнеси бар, аларды телефон менен жайгарып, дайыма жанымда жүрөт. Ушундай инсан, тили менен, сөзү менен баарын жайгарып, акылы бардык нерсеге жетет. Анын жанында ишенимдүү жүрөм. – Жашооңдо болуп жаткан ар бир нерсени эле элге жарыя кыла албайсың. Күйөөм экөөбүз өз оокатыбызды өзүбүз кылып эле келе жатабыз. Чыгармачылыктагы белгилүү эле агабыз “жылдызың жанган сайын бир туугандарың да душман боло баштайт” деген. Дамирдин же менин бир туугандарыма бул сөздүн тиешеси жок, бирок айланабызда ич күйдүлүк кылгандар бар. Биздин жашообузга аралашкандар болду, ошолорго жиним келип жазган элем. – Балдардын үстүнө үйрүлүп күйпөлөктөп эркелете берген апа эмесмин. Мактачу жерден мактайм, туура эмес кылса жазалайм. Кызым кээде “апа, мени көп эркелетпейсиң” деп калат. Апам бизди да ушундай өстүрдү. Жүрөгү менен жакшы көрөт, ал сезилет. Апам өзү жоош, урушчаак эмес, конфликтке баргандан көрө аны айланып өтүүнү жактырган адам. Балдарына да сүйүүсүн жооштугунан билгизе албай калдыбы деп ойлойм. Атама деле мамилеси ошондой, көп ачыла бербейт. Бул эми мүнөз да. – Атама окшошмун. Атам шайыр, ачык, сөзгө чебер, оюндагысын тарс айтып салган киши. Адамдардын көңүл борборунда болгонубуз да окшош. – Жылдыз төлгөм боюнча арстанмын. Арстандар лидер болушат эмеспи. Эч тартынбайм, сахнада иштөө, элди өзүмө тартып алуум да ошол тартынбаганымдан болуш керек. Нуржамал Жийдебаева Айтурган Эрмекова: "Жолдошум ырчылыкты таштайсын дегенде макулдугумду бергем"
Автор: Канимет Данияров
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(5)
Stervamyn
![]()
15.11.2021. 09:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кечке жанында кайтарып жургонду,мен недоверие деп эсептеймин)уйдо да жанында,башка жерде да жанында,эсне кереги бар,ишенбеген учун журот да жанында,озу барбаса,инилерин жиберип)это смешно.Менин атам деле органда иштеген адам эле,тартип каттуу болчу,бирок ээн,эркин эле чонойдум,кысынбай.Ар бир адамдын "личное пространство"дегени болуш керек.Демек,Айтурган андай боло албайт
Turdueva
![]()
15.11.2021. 10:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жанында журсо жакшы экен журо берсин эрчишип куйуусу ошону кааласа жашоосу тынч болот
uli95
![]()
16.11.2021. 15:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Красотка. Супер инфо. видеолорунун ссылкасы барбы?
uli95
![]()
16.11.2021. 15:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Өрт кыз. Сонун ырдайт.Энергичная такая как она есть. Уважаю
Colella
![]()
21.11.2021. 18:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шандуу жургон кыз экенин байкап калчумун. Бир интервьюсун угуп ирээнжип калдым! «Пачка пачка», «Тарс турс», дагы башка ушу сыяктуу создорун угуп. Бул кыз деген маданият адамы да! Деги эле кыз баланын ушундай создорду колдонуп суйлогонун колдобойм, маданият адамы мында турсун. Урматтуу Айтурган кудайым сизге талант бериптир, эми озунуз кичине билим менен толуктап коюнуз. Кичине окуп койсонуз, билиминиз кобоет, анан озунуз эле андай создорду колдонбой каласыз! Аялдык бакыт каалайм!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|