|
Валентина Шевченко: “КЫРГЫЗ ЭЛИНЕ КУБАНЫЧ ТАРТУУЛАСАМ ДЕЙМ”№990 25-ноябрь - 1-декабрь, 2021-ж.
– Мекенге болгон бул сапарды биз көпкө пландадык, негизи сентябрь айында келмекпиз, шартка байланыштуу жылып калган. Мына акыры өз үйүмдөмүн. Жергеме келгениме кубанычтамын. Кыргызстан – менин мекеним, күч-кубат алган жерим. Эки жыл мурун алган демим менен наамымды ийгиликтүү коргоп жатам. Дагы да ошончо күч алып кетем деп ойлойм. Келгениңиздерге ыраазычылык. Кыргызстан, алга! Биздин өлкө аябай уникалдуу, ак көңүл эли, жакшы адамдары, ажайып жаратылышы бар. Ашканасы тууралуу айтпай эле коёюн, тамактарын аябай жакшы көрөм. Бишкек мурункудан кеңейип калгандай сезилди. Көп жаңы имараттар, жаңы турак жайлар курулуптур. Бирок мага эң жага турган жери – эски шаар, борбор ошол бойдон экен. Менден көбү "сага эмне мотивация берет?" деп сурашат. Мага мотивацияны силер бересиңер. Ушундай жолугушуулардан кийин ар бир беттешти жеңгим келет. Кыргыз элине көбүрөөк кубаныч тартууласам дейм. Бул мен үчүн өтө маанилүү. – Эгерде адам профессионалдуу түрдө машыкса жана машыгууну сүйүп турса, анда эч кандай оорчулук болбошу керек. – Алдыдагы планым – мындан ары да талыкпай машыгып чемпиондук курду коргоону улантуу. Ар бир беттеште жөн эле мушташып койбостон, өзгөчө чеберчиликти, мыкты техникалык тарабымды көрсөткүм келет. – Ар бир нерсенин өзүнүн боло турган убактысы бар. Эгер кыз 21 жашта турмушка чыккысы келсе, бул анын жеке тандоосу, башка куракта турмуш кургусу келеби, бул дагы жеке тандоо. А күйөөгө 40 жашта эмес, керек болсо 60 жашта тийе берсе болот. – Жашоодо баарын жасоого мүмкүн. Башкысы, талыкпай машыгып, аракет кылыш керек. Кыргызстанда ММА боюнча мыкты мушкерлер бар. Эң негизгиси, каалоо керек. Буюрса, алдыда UFC уюмунда мырзаларды эле эмес, кыргыздын кыздарын дагы көрө алабыз. – Рафаэль азыр жаш, көп түйшүк тартып жатат десе болот. Күн сайын машыгат, балким, өзүн издеп жүрөт. UFC уюмунда күч сынашуу кыйын. Жоопкерчилик өскөн сайын көп ойлоносуң. Айрым учурда жаштар ачууга алдырып жиберишет. Менимче, Рафаэль эмоцияга алдырып койду. – “Сокку” (“Bruised”) тасмасынын тартуу иштери башталганча актриса Хэлли Берри менен эки айдай даярданганбыз. Албетте, бул өтө чыңалыңкы иш экен, күнүнө 5 сааттан машыгып жаттык. Тартуу иштери 5 күн болду, ар бир күнү бирден раундду тартып жаттык. Жумушубуз таңкы саат беште башталып, кечки саат он экиде аяктап жатты. Мен үчүн бир аз оор болду.
– Мен Аманда Нуньестин жакшы же начар формада болушун күтпөшүм керек. Биз экинчи ирет кездешкенде ал өтө мыкты формада болчу, бирок ал беттеште мен жеңгем. Аны менен беттеш сөзсүз болушу керек. Бирок ал менден качып жаткандай таасир калтырууда. Качан болбосун беттешүүгө даярмын деп айтып келем, тагыраагы, UFC уюму бул беттешти өткөрүүнү кайсы убакта кааласа мен ошол учурда аны менен беттешүүгө даярмын. Динара Акимова Валентина Шевченко Бишкекте күйөрмандар менен жолугушту
Автор: Азат Бейшенбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|