|
Эки акындын айкели жасалды! ЭЛИНЕ ЖЫЛМАЙГАН ЭКИ ЗАЛКАР№990 25-ноябрь - 1-декабрь, 2021-ж. Төкмө акын, ырчы Элмирбек Иманалиев жана акын Зайырбек Ажыматовдун эстелиги жасалды. Болгондо да бул айкелдердин тургузулушу АКШда эмгектенип жүргөн мекендешибиз аркылуу ишке ашууда. Иштин көбү бүтүп, азы калыптыр. Мыкты саамалык менен бөлүшүүнү туура көрдүк. Эстелик кандай жасалды, образы кантип иштелип чыкты, архитектуралык жасалгасы кандай болот деген суроолорго чогуу жооп алалы.
Тилекке каршы, Тамила канча аракет кылса да эстелик жакшы чыкпай туруп алды. “Жакындарынын сынынан өтсүн” деген талабым бар эле. Жакындарына жаккан жок, образын, келбетин бере албай кыйнала берди. Айла жок экөөбүз иштешүүнү токтоттук. Тамилага “берген акчам сенин жакшылыгыңа жарасын, доолабайм. Эки залкардын атын акча үчүн булгабайм” дедим. Кийин сураштырып Азамат Абдракманов деген жигитти таптым. Ал жигит “эки залкардын айкелин жасасам” деп кыялданып жүргөн экен. Жасады, эмгеги мага, эки залкардын жакындарына да жакты. 2021-жылдын апрель айында архитектор Нурсейит Мамбетказиевди таап сүйлөштүк. Оюмда боз үй болсо, экөө ошонун төр жагында отурса, айланма отургучтар коюлса деп элестетип жаткам. Бирок архитектор өзүнүн вариантын айтты. Архитектуралык жасалганы комуздун үлгүсүндө жасай турган болду. Экөөнүн тең долбоору даяр болгондо көркөм кеңештен өттүк. Ал жерден да жактырышты. Бизге ошол кездеги маданият министри Кайрат Иманалиев жардам берип, анын жардамы менен президент Садыр Жапаровго көрсөтүлдү. Ал жактан да колдоо таптык. Айкелдин азыр чоподон жасалган варианты бүттү, техникалык жумуштары калды. Эки залкарга элинен эстелик болсун дедим. Менин же башка бирөөнүн атынан эмес, элдин атынан болсо дегем. Ал үчүн акчаны элден чогултуу керек. Кимдин колунан канча келсе, ошончону чөнтөгүбүздөн чыгарып берсек жакшы болмок. Бай же коррупционер бирөөгө барып алардын акчасы менен айкелди тургузуу Элмирбек менен Зайырбекке карата туура мамиле болбой калат деп ойлогом. Идеямды министрге айтсам “80 пайызын мамлекеттин атынан кылалы” деди. Арзан долбоор эмес, 15-20 миллион сомдун айланасында каражат кетет. Долбоорду негиздеген адам катары мен канча акча короттум, ал жагын айтпай эле коёюн. Мен айткан иштин баары бекер жасалган жок. “Кеткен акчаңды айта турган болсоң, анда эмне бул ишке киришесиң?” деп айткандар болот да. Ошол үчүн ал жагы айтылбай эле калсын. Эстелик кайда коюлат деген маселе бар, долбоор “Ынтымак-1” деген жаңы ачылган паркка ылайыкталып жасалды. Эки адам чыныгы дос болсо ушу эстеликтин жанына келип шерттешип, антташып жүрө турган руханий баалуу жер болсо дейм. Скульптор дагы, архитектор дагы менин идеямды сонун кылып ишке ашырып беришти. Ишибиз ийгиликтүү аяктайт деп ойлойм.
Нуржамал Жийдебаева Эки акындын айкели жасалды
Автор: Гулзада Абдырахманова
Оператор: Руслан Алыбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(2)
raikakyz
![]()
30.11.2021. 17:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баракелде! Эки достун достугу унутулгус достуктун символу болот. Жакшы бүтүп калсын башталган иш.
mbk
![]()
02.12.2021. 09:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат Кылыч Кыргыз сизге, азаматсыз!!!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|