|
Мурадил Данияров, ырчы: «БЫЙЫЛ ҮЙЛӨНӨЙҮН ДЕСЕМ БОЛБОЙ КАЛДЫ»№992 10-16-декабрь, 2021-ж
– Саламатсыздарбы? Жалал-Абадда чыгармачыл топтун башын бириктирген "Салтанат ордо" деген уюмду жетектейм. Учурда ар тармактын кызматкерлерине стимул болсун деп жыл жыйынтыгын чыгарып, мыктыларды сыйлоо аземин уюштуруу менен алекпиз. Мыктыларды аныктоо СМС-билдирүү аркылуу жүрөт. – Жок, андай деле эмес. Болгону тойлорго чакыруулар ал жактан көп болуп жаткандыктан барып келе бербей деп эле Жалал-Абадда болуп жаткам. Буюрса, эми Бишкекке келем. – Албетте, бар. Башкы бетке биринчи жолу чыкканда сүйлөгөнгө сөз таба албай сүрдөгөм. Бирок азыр деле сүрдөө бар, камера алдында баарында эле болсо керек. – Негизи “экөөбүз эки жактан иштеп, батир белек кылалы” деп Алмаз Шаадаев сунуш киргизип калды. Азыр көп нерсени Инстаграм аркылуу жасаса болуп калбадыбы. Компаниялар менен жарнамалап берели деп сүйлөштүк, ошол жарнамалоонун негизинде эле батир алып бердик. Бардыгын Алмаз Шаадаев чечти, мен болгону барып, келишимге кол коюп бердим. – Жок, айлык деле беребиз. Эми бардык иштин баасы болот, негизгиси, түшүнүшүп иштешебиз. – Лутфилла Бусурманкул уулу менин чыгармачылыктагы устатым, ал киши мага көп нерселерди үйрөттү. Ошол кишинин арты менен мен көп ийгиликтерге жетип жатам. Эми бардык эле адамдарда түшүнбөстүктөр, пикир келишпестиктер болот, идеалдуу мамиле болбосо керек. Бизде деле ошондой эле түшүнбөстүктөр болгон. Анан белегимди алып концертинде чын жүрөгүмдөн куттуктоо үчүн бардым. – Ыраазычылык билдирүү, кечирим суроо катарында. Ал киши менин чыгармачылык жолума чоң жардам берген. Устатым деп мактанып, бардык эле жерде айтып жүрөм. – Элдос жашоодогу да, сахнадагы да досум. Көп учурларда кеңешип, бири-бирибизге жардам берип, бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Быйыл чогуу концерт берели дегенбиз, тилекке каршы, жетишпей калдык. Элибиздин жакшылыктарынан колубуз бошобой калды. Концерт бериш үчүн даярданыш керек, анын артында да чоң эмгек жатат. Эми буюрса, келерки жылы жазда өзгөчө концерт өткөрөлү деп пландап жатабыз. – Бул ыр 2016-жылы чыккан. 2017-2018-жылдары тойлордо ырдап жүрдүм. Анан бир күнү Шергазы Турдукулов деген тамада “ушул ырың менен күйөө баланы тойканага алып кирип бербейсиңби” деп калды. Мага ал идея башында жаккан эмес, “макул, байкап көрөлүчү” деп алып кирдим. Кандай кылышты, каякка бастырышты, кимдердин жанына алпарышты билбейм да. Ары-бери басып эле бир кызыктай болду. Мага такыр эле жаккан жок. Бир күнү досум “мени да тойканага алып кирбейсиңби” деди. Анан кандай кылып киргизишти, кимдин жанына турушту үйрөнүп, "апаларын тургузуп гүл бердиребиз, андан кийин кызды алып келебиз, гүл бердиребиз" деп пландап, даярданып алып анан киргиздик. Ошентип бул нерсе уланып кетти. – Негизи быйыл үйлөнөм деп жаткам, бирок болбой калды. Бардыгы Жараткандын буйругу менен экен. Мына жасайм десең деле убактысы келмейинче эч нерсе кыла албайт экенбиз да. Үйлөнүш дагы өзүнчө бир маселе да (күлүп). Кээ бирлер “өзүңдүн адамыңды сезесиң, ушуга гана үйлөнөм деп каласың” деп калышат го. Мен деле издейм, караштырам, таанышып сүйлөшкөнгө, мүнөзүн билгенге аракет кылам. Бирок менде эч эле андай сезим боло элек. “Качан ошентип өзүмдүн адамым экенин сезем?” деп калам. Үйдөгүлөр да үйлөн деп жатышат. Ата-энем Орусияда, быйыл келип үйлөн дешти, бирок ар бир нерсенин өзүнүн убакыт-сааты болот экен. – Чындап эле сүйлөшкөн кызым жок болчу. Эми туугандар издешкен жок. Мен өзүм сүйлөшүп, жылдызыбыз келишеби деп карап жаттым. Анан убактысы келмейинче болбой турганын билдим. Буюрса, 2022-жылы үйлөнөм деп ниет кылып жатам. – Туура, менин ырларым шаңдуу, тамашалуу. Себеби кайгылуу ырды кайгы тарткан адам ырдаса жеткире ырдайт да. Мен азыр кайгылуу ыр ырдасам, аны жеткире ырдай албайм. Бардык эле ырчылар билет болуш керек, бир темага кирип алсаң, кайра андан чыгыш кыйын. Ырларымдын бардыгы бир темага эле байланыштуу болуп жатат деп өзүм дагы ойлонуп калам. Мага жаккан ырларды ырдайм, эл ичинде бирөөнө жакса, бирөөнө жакпайт. – Элиме жакшы ырларды сунуштап, жакшы ырым менен элдин эсинде калсам дечүмүн. Аябай элдин эсинде калдым деп айтуудан алысмын. Элдин жакшылыктарына барып, кызмат кылып жүрөбүз. Ал нерсеге жетиш үчүн эмгектенип, жакшы чыгармаларды жаратып, өзгөчө клиптерди тарттырыш керек. Буюрса, аракет кылып жатабыз. Баарын убакыт көрсөтөт. – Окурмандар, көрөрмандар, баарыңыздарга ден соолук каалайм. Кыштан аман-эсен чыгалы. Динара Акимова “Жалгыз уул болгон үчүн из калтырайын деп ырдап чыккам” дейт ырчы Мурадил Данияров
Автор: Нуркыз Курманбек кызы
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(1)
Ulanwo
![]()
14.12.2021. 10:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шашалыш уйлонбо кара жакшылап
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|