|
Назира Айтбекова, актриса: “ТАСМАГА ЖЫЛАҢАЧ ТАРТЫЛГАНГА ДУХУМ ЖЕТПЕЙТ”№992 10-16-декабрь, 2021-ж
– Салам. Жакында Москва шаарына иш сапары менен барып келдим. Ошол жакта жүргөндө Айсалкын деген мигрант кыз баарын даярдап, “келип эле бериңиз” деп фотосессия кылып берди. Эксперимент жасаганды жакшы көрөм, макул болдум. Ошол кыз тарткан сүрөттөрдү өзүмдүн баракчама чыгардым. Көчүктүн деңгээлинде эле ой жүгүртүп, киндиктен өйдө сүйлөбөй калдык. Маанилүү текст жазсаң, маанисиз эле былжырай бергендер көп. Кээде элге оюңду образ менен түшүндүрүш керек болот. Бул образ да ошонун бири. – Ак көйнөк менен түшкөн сүрөттү мурун эле тарттыргам. Аны Саламат Иманов деген жигит тартып берген. Ал эми кара костюмчанды Москвада Айсалкын тартып берди. Экөө тең көп “жакты” белгисин алып жарышып калды окшойт. Чыгармачылык, эмгек, искусство катары карасак, эки сүрөт тең сонун чыкты. Элге жагарынан күмөнүм жок болчу. – Мен атайын "жакты" белгиси көбөйсүн деп же хайп үчүн эле бир иш жасабайм. Тек гана элге айтчу сөзүм болгондо же үнүм жетпей жатканда мындай кадамга барышым мүмкүн. “Ушул сүрөт бум жаратат” деп да күтпөйм. Кечээги аты чыкпай жаткан кыз болсом башка кеп болмок. Азыр мага хайп кылыштын кажети жок. Эл менин баракчама катталса, же активдүү болсо маанилүү сөздүн тегерегинде талкуу болуп, коомго пайдасы тийип жатат деп эле түшүнөм. – “Киндиктин деңгээлинде эле тегерене бербей, андан чыгалы” деген ойдо бул образды чыгаргам. Коомдо бирөө мага окшош “тентек” болуп турбаса, эртең эле Ооганстанга айланып кетебиз. Коомдун баланста болгону дурус. Дене жаратылыш да, жаратылыштан уялып жатканыбыз аябай таң калычтуу. Мисалы, мен бирөөнү жылаңач көрсөм, айыптабайм. А көөдөнү жылаңач болсо башка кеп. Биз уяла турган көп нерсе бар, аларды көргөндө жерге кирип эле кетейин дейсиң, анан эле “саның көрүнүп калыптыр” деген болбогон кеп да! – Ачык сценалар менен кинону чет өлкөдө эле тартпаса, кыргыздардан андай сунуш түшпөсө керек. Киного жылаңач тартылбайт болчумун, төшөк сценаларын ойнобойт болчумун. Ага дух жетпесе керек. Эгерде ошол жери сөзсүз керек болуп жатса, кинонун маани-маңызы так эле ошол жеринде катылып жаткан болсо, анда дублёрдун тартылышын суранмакмын. Ал эми чет өлкөдө жылдыз болуп калсам, кызыл килемге узун, кыргыз оюмдары бар этно стилдеги кийимдер менен чыкмакмын. Өз элимде, жеримде каалагандай эркелей алам, “тентектик” кыла алам. – Уулум Ариет интернетте отурбайт. Социалдык тармактарды такыр колдонбойт. “Инстаграмда же Фейсбукта отуруунун маанисин түшүнбөйм, мага кызыксыз” деп көп айтат. Сүрөттөрүмдү, мен тартылган фильмдерди көрбөйт. Ачыгын айтсам, уулум менин күйөрманым эмес. Бир нерсе сурасам, кеңешсем “ал сенин жашооң, сенин тандооң, мен сага киришпейм” деп айтат. Баламды кичинесинен менин жашоомо, менин чек арама кирбегенге, менин тандоомду сыйлаганга үйрөткөм. Бул чекти ал жакшы билет, анткени мен да анын чек арасын билем, тандоосун сыйлайм жана жашоосуна кийлигишпейм. – Илим Карыпбековду тааныйм. Аябай жакын деле тааныш эмеспиз, бирок көргөн жерден “азамат кызсың” деп мактап турат. – Шайлоого бардым. Атайын Балыкчыга барып, шайлап келдим. Негизи кимди шайлаганыбыз ар бирибиздин тандообуз, эркиндигибиз, купуя сырыбыз. Бирок кимди шайлаганымды айткым келди. Анткени ал жигитти жакшы көрөм. Тилек Токтогазиевге добуш берип келдим. Досум болгону үчүн, жан дүйнөсү, жүрөгү, тилеги таза болгону үчүн шайладым. Мээси иштегендин, жан дүйнөсү тазанын баары жагат. – Жашоомдо көп эле нерсе бар, мисалы, китеп окуу, өзүмдү изилдөө, жаратылышка чыгып эс алуу, саякаттоо. Балам менен апамды түрдүү ашканаларга алып барып, өзгөчө тамактардын даамын таткан жагат. Ошондой эле жазганды жактырам. Ой-толгоолорумду кагазга түшүргөндөн ырахат алам. Эмнегедир өзүмдү келечекте көп китеп чыгарчудай сезе берем. Жакында жашоомду ошол нукка бурат окшойм. – Жан дүйнөнүн тынчтыгы сонун эмеспи. Жан дүйнөң тынч болсо, санаа тартпаса, жүрөгүң таарыныч туйбаса, ыйлабаса, наалыбаса сонун! Өзүмдөн негативдин баарын алып, позитивдүү агым менен кооздойм. Жашоодо дайым кубанып турам, сүйөм, бакыт тартуулайм, үйрөнөм, өсөм! – Жөн эле жашоодон ырахат алып жашоону максат кылдым. Пайдалуу, элди ойготкон маектерди жасасам, из калтырсам дейм. Жаңы кинолорго тартылгым келет, жаңы эмгектерди күтөм. Чоңойдум окшойт, бир өлкөгө батпай жатам. Башка өлкөдө жашап көргүм келип жатат. Ушундай эле жөнөкөй максаттар, каалоолор... Нуржамал Жийдебаева Назира Айтбекова: “Эркек болом деп аябай кыялданчумун“
Автор: Канимет Данияров
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(20)
Taalai-bek
![]()
13.12.2021. 12:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азаматсын,баракелде,дагы эмне демекчибиз. Улгу болуп журо бер кыргыз кыздарга... Акыретте ошо сени ээрчиген кыздар же сага лайк баскан адамдар менен кошо Алланын алдына жооп берип жаткандп окунуп калбасан болду. Айтайын дегеним азыр да кеч эмес ойлонууга. Боорум ооруйт.Анткени сен кыргызсын. Сен мусулмансын.Сен бир боорубузсун...Ойлон Назира ойлон садага...
Taalai-bek
![]()
13.12.2021. 12:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
А
KaGaH
![]()
13.12.2021. 12:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
койчу энең,сөз көп бирок унчукпай коёюн
Tyttty1990
![]()
13.12.2021. 15:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Аятун саятун Куранда кийинген жыналачтар деп айтылган. Мейли ар ким өзү үчүн жооп берет.
erkeleim
![]()
14.12.2021. 13:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Умная дурачка. Эми баласы чонойсо тыйып алаар. Кайненеси жазган эле короздун канына жуунат деп. Байкуш бул кыз оорукчан. Неге маданият министри дагы деле бул больнаяга реакция кылбай жатат ошо окундурот. Баардык граматаларын алыш керек. Келгиле инстаграммына баарыбыз жалоба кол чогулталы. Жаштарга ото жаман улгу да.
my_Opinion
![]()
14.12.2021. 14:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
erkeleim,эн туура айттын созуно кошулам. Озбекстанга окшоп жёстко наказать этиш керек баардык жактан кысып, ошондо эсине келет бул кыз. Бишкектин жигиттери бир аз жоошурак келишет экен. Мисалы Ошто или башка жерде бул кызды корсо ошол жерде чаап салышат или токмоктоп ур тепкиге алышат
my_Opinion
![]()
14.12.2021. 14:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
erkeleim,кантип кочодо беймарал журот бул кыз тушунуксуз. Таш паранга алыш керек бул коом бузарды. Ош тарапка келип калса буну жон койушпайт Оштун эли. Оштун эли намыстуу абийирдуу келишет.
surgeon777
![]()
15.12.2021. 01:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
my_Opinion,бул кызды колдобойм,бирок Оштун эли абийирдуу,намыстуу деп болунбой эле койчу,Москвадагы эже-карындаштарындын журум-турумуна не дейсин?
my_Opinion
![]()
15.12.2021. 10:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
surgeon777,причём тут Москва? Сен темадан жазчы болунду деп сразу ичиндеги ирип кеткен мусор ойду жазбай.жазардан мурда жакшы окуп тушунуп анан жазсан. Бул жерде эч кандай болуну созу жок. Ойду туздо бир аз!
surgeon777
![]()
15.12.2021. 19:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
my_Opinion,бул менин оюм эмес,факт)
KG-312
![]()
17.12.2021. 11:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
my_Opinion, Кой ай антип мактанба, Оштун блоггер кыздарын деле көрүп жүрөбүз, курбусу экөөсү ичип алып, аласын көрсөтүп бүт Кыргызга уят болгонун!!!
BISHKEK-312
![]() SUPER.KG видео
14.12.2021. 18:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялдык кыска акылы менен дагы пок жеп алыптырда!
BISHKEK-312
![]()
14.12.2021. 18:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даражаң көчүкө түшүп кетсе ошолда, публика жпга айланасың каласың!!!
Tiken
![]()
15.12.2021. 23:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назира Куранды же Библияны тытыптыр десе тан калыштын кереги жок го))) чуулуу адамдай корунот. Бирок, кээ бир ой-толгоолору ынанымдуу. Бул айымга эркек кишиден "внимание" керек сыяктуу сезилип жатат. Элине "ысык суроттордон" тартуулай бер, дагы да кутобуз... Кошумча, жыланачтарды кандай сыйласан мешок кийгендерди да урматтай бил...
Girl1996
![]()
16.12.2021. 00:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баласын эле ойлоп кыжалат болдук биз уй-булобуз менен. Эрттен чонойсо кандай бала болоор экен деп
Girl1996
![]()
16.12.2021. 00:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Назираны жакшы корчуу элем, ушундай суротторун коруп да негедир кир жугузгум келбеген болчу, берген комментарийлерин окуп конулум кала тушту...
Turdueva
![]()
17.12.2021. 01:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйынткыз тили буудай кууруган сабатуу соз жок бирок жыланач суроторун жон эле койбоптур, жыланач суроттордо эч кандай маданият жок Жан дуйносу жаланач калыптыр ошону элге корсотуптур
KG-312
![]()
17.12.2021. 11:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсалкын, Саламат Иманов (Ф.И син өзгөртүп алыш керек экен блин бузуку) үчөөңө да наалат, каргыш болсун бузукулар. Бул биринчиси эмес, кой деген сайын кутуруп атасыңар блиндер!!!
Datka7777
![]()
20.12.2021. 07:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсалкынды да сени да итердим
Asyljanym
![]()
27.12.2021. 11:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге баарынар эле терс пикир жазып жатасынар. Чечинсе Айтбекова чечинди корсотсо Айтбекова корсотуп жатат. Эинеле арданып жатасынар. Ар бир адам озу билетта. Аябай эле уялып жатсанар катталбай койгула лентанардан чыкпай калат
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|