|
Юрий Бобков, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “БУТ ООРУ МЕНИ 5 ЖЫЛДАН БЕРИ КЫЙНАЙТ”№992 10-16-декабрь, 2021-ж
– Саламатчылык. Операция жакшы өттү. Сол тиземе кемирчек коюп беришти. Тизелеримде кемирчек жок болуп, сөөктүн үстүнө сөөк туруп калган болчу. Операция жасалгандан кийинки күнү турам деп жатып туура эмес кыймылдап алып, тигилген жери ажырап кетти. Эртеси кайрадан операция жасашты. Азыр жакшы. Эми кийинки жылдын февраль айында оң бутумдун тизесине операция жасалышы керек. – Ооба. Кыргыз элиме ыраазычылык билдирем. Америкадан да чалып абалымды сурап, акча салгандар болду. Нью-Йорктон Ислам деген жигит 500 доллар которду. “Эмне мынча көп котордуң?” десем, “байке, бул эч нерсе эмес, сизге унаа алып берсе да жарашат. Сиз Кыргызстанга керексиз” деди. “Кудай шыпаасын берсин, чуркап кетиңиз” деген көп жакшы сөздөр жазылды. Бул сөздөр абдан дем берет экен. Ырчылар келип колдоо сөздөрүн айтып жатышты. Анжелика, Мирбек Масалиев келип, жардам беришти. Ырыскелди Осмонкулов “кайрымдуулук концертин коёлу” деген сунушун айтты. Мирбек Атабеков жолугуп, “концерт болот, ага катышам, бул менин кошумчам болсун” деп 500 доллар таштап кетти. Акинай Бекмурзаева деген ишкер айымды айта кетпесем болбойт, каражаттын өзөгүн ошол киши түзүп берди. 8 жылдан бери ооругандарды Түркияга алып барып дарылатууга жардам берип жүргөн Акылбек Исаков деген жигит менен тааныштым. Ал операциянын баасын 50 пайызга арзандатып берди. Бул жактан мени алып кетип, Түркияда да жардам берип жаныбызда болду. Операция негизи 12 миң доллар экен, мага 6 миң долларга жасашты. Мындан тышкары шеринелештер, эстрада жамааты, эл-журт, баарына ыраазычылык айтам. Биринчи кезекте акча үчүн эмес, элиме жакшы кызмат кылыптырмын, эмгегим талаада калбаптыр деп кубанат экенсиң. Элдин батасы, жакшы сөзү менен баары жакшы болду деп ойлойм. – Мен акча чогулбайт деп ойлогом. Анын үстүнө убада кылынган жерден акча болбой калды. Аялым “үйдү саталы, мага сенин ден соолугуң керек. Мындан кичинерээк үй алабыз” деп айтып жатып үйдү сатыкка койгонбуз. Бул операцияга эл жардам берди. Эми экинчи операция үчүн кайрадан элге кайрылып жардам сураган туура эмес да. Ошондуктан үй азыр да сатыкта. – 1994-жылы Бейшеке деген досум экөөбүз килейген карагай ташуучу унаа менен келатып бакты сүзүп алганбыз. Ошондо оң бутум жабыркап, операция жасалган. Андан бери сол бутума таянып жүрүп ага күч келип, кыскасы, эки тиземде тең кемирчек жок болуп калган. 5 жылдан бери кыйналып жүргөм. 2 жылга чукул болуп калды, рентгенге түшкөм. Врач “тез арада операция жасатыш керек” деди. Буга чейин кызыбызга 2 жолу операция жасаттык, өзүм үйгө кире бериштеги тепкичтен кулап кетип, оң ийинимден 3 жолу операция болгом. Бутума операция жасатыш үчүн Түркияга бара албай калам го деп көңүлүм чөгүп калган. Врачтар “башка эч нерсе кыла албайбыз, сөзсүз операция жасатыш керек” дешти. Чынын айтканда, ооруну басуучу дарылардын жардамы менен жүрдүм. Отурган жеримден араң турчумун. – Ооба. Мен үйдөн чыга албайм да, кечээ “Ырдайлы кыргыз ырларынын” жамааты үйгө келип, жаңы жылдык программанын сценарийин түздүк. – Жамааттагыларды балдарымдай көрөм. Бул жакшы долбоор, аны жок кылбаш керек. Долбоор өлбөсүн деп убагында унаамды сатып, акчасын жумшагам. Долбоордун башында Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов турган. 2000-жылы фестиваль катары өткөргөнбүз. Биринчи фестиваль болгондо катышуучулардын чогулуп жатканын терезеден карап туруп, ар кайсы жерден, ар кайсы улуттан болушса да бир туугандай кучакташып учурашып жатышканын көрдүм. Анан жүрөгүм жылып, “кой, бул керек экен” деп калдым. 2008-жылга чейин ойлонуп жүрдүм. Фестиваль жылына бир жолу гана болот, бул жетпейт экен, дайыма теледен чыгып турчу көрсөтүү тарталы деп ошол кездеги Улуттук телеканалдын директору Мелис Эшимкановго бардым. Ал дароо колдоду, “алгач пилоттук көрсөтүү тартып көрсөт” деди. Тартып көрсөттүм. “Кийинки көрсөтүүлөргө катышуучуларды кайдан табасың?” деди. Андан бери 21 жыл өттү, табылып эле келе жатат. Бул долбоордон канча жылдыз чыкты. Анатолий Цой, Силима, Раллия жана башка бир топ ырчылар менен мактансак болот. Көрсөтүүбүзгө 22 өлкөдөн катышуучулар келди, Жапониядан 50дөй, Индиядан 7-8 адам, Америка, Германия, Жаңы Зеландия, Кытай, Иран, Ооганстан, Куба жана башка мамлекеттерден келип катышышты. – Түгөлбай Казаков айткандай, “Досум Үсөн” – кыргыз эстрадасынын фабрикасы. Топтогулар менен 5 жыл сайын концерт беребиз, майрамдарда чогулуп турабыз. 50 жылдыгыбызга карата мартта концерт өткөрдүк. Жакшы өттү. Президенттен, Маданият министрлигинен куттуктоо келди. Мындан башка да көп куттуктоолор болду. Топ мындан кийин да ишин уланта берет. Ден соолук болсо баары болот. Элсом: 0708 606870 Элкарт (KICB): 9417 0100 3389 9219 Optima Bank: 1091822000180171 Өздүк эсеп: 41718024103 Optima Bank картасынын номери: 4169 5853 4098 1116 Байланыш телефону: 0708 606870 Перизат Музуратбекова “Март айында экинчи операцияга барам” дейт Юрий Бобков
Автор: Нуркыз Курманбек кызы
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|