«СУПЕР СУЛУУЛАР» КАРАОКЕДЕ КӨҢҮЛ АЧЫШТЫ

№422 3-9-декабрь, 2010-жыл.


"Супер - 2010"

“Супер сулуу-2010” сынагынын финалчылары 4-5-декабрь күндөрү Улуттук Филармонияда өтүүчү концертке даярдануу менен гана чектелбей, чогуу-чаран көңүл ачууга да жетишишүүдө. Кантип дейсизби? Азыр айтып беребиз.

Сулуулар сынагы бул жылы мурдагылардан айырмаланып филармонияда өтүүчү концертте жыйынтыкталарын сиздерге кабарлаганбыз. Сынактын катышуучулары учурда көңүлдү чыгыш бийин арабдардан кем калбай бийлөөгө, купальникчен, көйнөкчөн көркөм басууга буруп, болгон күч-аракет менен даярданып жатышкан чагы.
Бири-бирине атаандаш эмес, курбу кыздардан болуп калышсын, эл алдына чыгууга даярдыгы жакшырсын деген максатта аларды чогултуп, чакан кече өткөрдүк. Кече баш калаабыздагы “40х40” караоке барынын жылуу кучагында, жагымдуу атмосферада өттү.


ЖЫЛДЫН СУПЕР КОНЦЕРТИ
4-5-ДЕКАБРДА, ФИЛАРМОНИЯДА!

Гезитибиздин расмий сайтында окурмандардын сынына коюлган жыл мыктыларына талапкерлердин алдыңкы үчтүктөрү аныкталды. Эми алар 4-5-декабрь күндөрү Улуттук Филармонияда өз өнөрлөрүн көрсөтүп, “Жылдын мыктысы” деген наам үчүн ат салышат. Келип, алардын өнөрлөрүнө өзүңүз күбө болуп кетиңиз.
Ага чейин атактуулар бул жылы “мыкты” деген наамды кимге бериши мүмкүн экендигин сураштырдык.

– “ЖЫЛДЫН АДАМЫ” ДЕП БЫЙЫЛ КИМДИ­ КӨРСӨТӨР ЭЛЕҢИЗ?

КАНАТБЕК БЕГАЛИЕВ, балбан:
– Саясатын, башкасын жыйыштыра туруп, “Жылдын адамына” спортчуну көрсөтмөкмүн. Быйыл “Жылдын адамы” деп аталууга Данияр Көбөнов татыктуу.
Кыргызстан ар кандай жагымсыз окуялары менен дүйнөгө атагы чыгып жаткан жылы бир эмес, эки ирет абройлуу жеңишке жетип, өлкөбүздү жакшы жагынан таанытты. Ал “Азиададан алтын алам” дегенинде анча ишенген эмесмин. Мен эле эмес, башкалар да “балбандардын арасында жаштар көп” деп Даниярга анча ишенишпеди. Бирок анын мүнөзүн мен жакшы билем, абдан өжөр бала. Экөөбүз тээ кичинекейибизден бери чогуу күрөшүп келе жатпайбызбы. “Утам” деп айткан эле, утту.

БЕК БОРБИЕВ, КРнын Эмгек сиңирген артисти:
– Мм, "Жылдын адамы" деп аталууга быйыл кимдер татыктуу болду? Адахан Мадумаровду көрсөтмөкмүн. Расмий жыйынтык кандай болгонуна карабай, “Бүтүн Кыргызстан” парламентке өттү деген пикирдемин. Эл асманга шар учуруп, самолёт менен кагаз таратып, үгүт жүргүзүп жатканда “Бүтүн Кыргызстан” бензинге акчасы жок жүрүп эл менен жолугушууларды өткөрдү. Бирөөлөр тутамдап акча таратып добуш сатып алса, “Бүтүн Кыргызстан” акчасыз үгүт жүргүзүп, 145 миң шайлоочунун добушуна ээ болду. Ушунча элдин ишенимине ээ болууда партиянын лидери катары Адахан Мадумаровдун эмгеги чоң.

– БУЛ ЖЫЛЫ КАЙСЫ ЫРДЫ КӨП УКТУҢУЗ?

ЭРМЕК НУРБАЕВ, “Тамашоу” лигасынын алпаруучусу:
– Өзүнүкүн мактайт болбоюн, бирок “Тамашоунун” гимнин көп уктум. Билесиздер да, “Кыргызстан” деген аталышта “Жигиттердин” Азаматы ырдап, калганыбыз коштойбуз. Ошону кайра-кайра жаздырып, оңдотуп жүрүп көп укканга туура келди.
Элдин ырларынан айтсам, Омардын “Кош жүрөгүн” көп кайталап угуп жүрөм. Бул ырды элге жарыялана элек кезде, Омар экөөбүз Маямиге баратканда уккан элем. Омар рулда уйкусурап баратып "братан", уксаң, мындай ыр жаздырганы турам" деп обонун созуп берген. Ал кезде тексти жазыла да элек болчу, ошондо эле жаккан. Азамат, жакшы сөз жаздырып, клип тарттырып, элге жеткирди. Мирбек Атабеков да “жакында чыгат” деп бир ырды ырдап берди. Жагымдуу экен, ошону да жактырайын деп жатам.

АНАРА ЧИЛЕТИРОВА, “Жаш кыял” элдик бий ансамблинин жетекчиси,
www.super.kg сайтынын активдүү колдонуучусу:
– Азырбы? Каныкейдин ырлары менен “ооруп” жүрөм. Бир-эки айдан бери ушул кыздын аткаруусундагы көп ырларды уктум. Ага чейин Дайыр Исмадияровдун “Кара көзүм” деген ырын үйдө да, машинада жол жүргөндө да, силердин сайтыңардан да угуп жүрдүм.

Айбек Нурадилов
star@super.kg



Сулуулар караокеде көңүл ачышты

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(30)
03.12.2010. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концерт супер болот го буйруса.Ийгилик!
03.12.2010. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
консерти коруш керек экен
SUPER.KG видео
04.12.2010. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир нормалныйы жок экен
04.12.2010. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынча кыска-нуска кылып жуктоп койгон, аябай сонун болгон окшойт, ммм..., эми концертине баргым келип кетти!
04.12.2010. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журоктору титиреп турган, сулуулар эртен сахна алдында!,,,кыргыздын айдай болгон ак куулары сиздерге ийгилик!!!
04.12.2010. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
syiloo maneralary jakkan jok
04.12.2010. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мдаа...бул кыздар кафеде ушинтип суйлоп атышат.Сахнага чыкканда емне болушат?
SUPER.KG видео
04.12.2010. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ценарийсы айабай начар
SUPER.KG видео
04.12.2010. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
voobshe ablom.chonoyup ele kalgan kizdar uyalbai tiniraak bolboisunarbi.
04.12.2010. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулууларды коро алган жокмун.Накта сулууларды тандап алышса болмок экен.
04.12.2010. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
я за бактыгуля ,она суперррр))
SUPER.KG видео
04.12.2010. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жапжашынакай эле! мага лично жакты.
SUPER.KG видео
05.12.2010. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
biri da tyn emes eken
SUPER.KG видео
05.12.2010. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бурул менен Айпери-экоо эле достояная экен. Гулзада сулуу болгону менен аябай боюн которгон кыз экен,даана эле байкалып турат
SUPER.KG видео
05.12.2010. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga AINURA jakty!!! uwul ele kyzybyz tatyktuu.Iigilik saga!!!
SUPER.KG видео
05.12.2010. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не знаю как этих девушек выбрали на конкурс
05.12.2010. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красканы чаптаган, пудраны шпатлевка кылып базтырган. Капа болбогула, сулуусунар, бирок жасалма!:(
06.12.2010. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn Azamat!!! :)
SUPER.KG видео
06.12.2010. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1. Супер-инфонун http://www.super.kg/article/?article=5645 жердеги билдиргенине караганда, калыстардын ысымдары сынак учурунда гана жаңырмакчы эле. Анан эмнеге мынтип калыстардын ысымдарын мурдатан эле угузуп койдуңар, билбейм?! Бул нерсе (менин оюмда) эки нерсеге жол ачат: бири терс, бири оң... Эмнеси болсо да, силердин бул аракетиңер принципиалсыздык катары кабыл алынып калды.
SUPER.KG видео
06.12.2010. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2. Коомчулукка кыздардын мына ушундай өңүттө сунушталып тандалып жатканы - жакшы жөрөлгө. Менин жеке баам:
1-орун: Назгүл
2-орун:Бурул
3-орун: Ажар
SUPER.KG видео
06.12.2010. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
critic, ал жерде калыстар тобунун айрым гана мүчөлөрү болгон. Ал эми мындай кеченин уюштуруудагы негизги максат кыздарды сахнага чыкканда калыстардан сүрдөбөсүн деген ой. Андан сырткары калыстар да сулууларды жакындан көрүшүп, жакындан таанышсын деген максат болчу.
SUPER.KG видео
07.12.2010. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бурул, Айпери, Айнура - ушул кыздар гана оздорун жоготпой суйлой алышат экен, келбеттери да жакшынакай экен...кээ бирлери жон эле чыгып алышыптыр
08.12.2010. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки балага кайсарлана беришпей жакшына аткарышпайбы!
08.12.2010. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде эч кайсы кыз сулуу эмес экен,жасалма экен баары эле!Сулуу кыз:Бою узун,бети тунук табиятынан,козу бакырайган,чачы узун боёлгон эмес,буттары туз,стройная болуш керек.мындай кыз бул жерде жок экен.мен буларды жон гана татынакай кыздар экенсинет дейм,сулуу эмес!
SUPER.KG видео
10.12.2010. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ваааааабшееее туфта ушул дагы сулуларбы?булардан караганда менин эшегим жакшы ырдайт деген экен шрек ошол куну
10.12.2010. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elmira кошулам сөзүңүзгө
SUPER.KG видео
11.12.2010. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubani arasina koiup koiush kerek kerek
SUPER.KG видео
11.12.2010. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiperi menen ainura tatiktuu
SUPER.KG видео
20.04.2011. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бурул
SUPER.KG видео
15.06.2011. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Overall, these girls are very good. They show the world the excellent quality of the Kyrgyz nation. Wish these girls continue to carry forward the best of the Kyrgyz national traditional culture and modern style.

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: