ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ КАНДАЙ ТОСТУҢУЗ?

№427 7-13-январь, 2011-жыл.


Жыл жаңырып, Коён жылы кирип келди. Дайыма жаңырар жылды дасторконду жайнатып, жакшы тилектер, айтып бүткүс шаң менен тосот эмеспизби. Ким кандай маанайда Жолборс жылын узатып, Коён жылын тосуп алды, сураштырып көрөлү.

АЗАМАТ АРЫКОВ,
актёр:
– Кичинемде Аяз атага кат жаза берчүмүн. Ошол адатым калбай, бир жолу режиссёр Айбек Дайырбеков жаңы жылдык кечеде Аяз атанын ролунда болорун угуп, ага кат жазгам. Ошентип, актёр болуу кыялым орундалган. 2-3 жылдан бери Жаңы жылды мен, Асема Токтобекова, Съездбек Искеналиев, Камчы Сарыбаев болуп белгилейбиз. Бул жолу Аяз ата Камчы Сарыбаев болуш керек эле, бирок колу бошобой калып, мен Аяз ата, Асема Аяз кыз болду.
Камчы байке баласына “мен Аяз ата болом” деп айткан болсо керек, айтор, баласы келип эле мени аталап кучактап калды. Антсе менин уулум “эй, бул менин атам, менин Аяз атам” деп талашат. Кыскасы, өзүбүзгө гана эмес, балдарыбызга да күлкү тартуулай алдык.

САЙКАЛ САДЫБАКАСОВА,
ырчы:
– Жылда топтогу кыздар менен бирге тосчу элек. Быйыл апам кыздардын баарын үйлөрүнө жөнөтүп, өзүбүз тостук. Жаңы жыл күнү иним, таенем, апам, таежем болуп үйдө эле телевизор көрүп отурдук. Ош шаарында быйыл эч кандай шаан-шөкөт болгон жок да. Ошон үчүн салют деле аткан жокпуз. Жөн гана каалоо-тилек айтышып, бири-бирибизге белек бердик. Мен апама алтын чынжыр, иниме "Жаңы жылың менен!" деген жазуусу бар чоң оюнчук машина, таенеме ооз комуз белек кылдым. Баарынан да таенем берген белегиме абдан кубанды, анткени ал киши ооз комузду укмуш чертет.
Күйөрмандардан жагымдуу СМСтер келди. Аларга жооп берип отуруп кийинки жылы кечке телефондон колум бошобой калбасын деп баарына бириктирип туруп “Рахмат!” деп жазып жибердим. Мен ырым-жырымдарды билбейт экем, бирок апам эшик-терезени ачып, кут кирсин деп ырымдады.

ЖЫЛДЫЗ ЖОЛДОШЕВА,
ЖКнын депутаты:
– Коён жылын үй-бүлөм менен тостум. Анткени Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам эмеспи. Жолдошум, эки балам, эки келиним, төрт неберем болуп дасторкон үстүндө жакшы тилектерди айттык. Келиндерим колунан келген тамак-аштарды жасап, биз алар жасаган дүйүм-тамакты мактап жедик.
Негизи эле коёндун өзгөчөлүгү, бөжөктөрүн жакшы багып, аяр мамиле кылып, ал гана эмес башка коёндун бөжөктөрүн да өзүнүкүндөй кылып багып, тойгузганында экен. Андыктан ушул Коён жылында кыргыз эли экиге бөлүнбөй, ынтымакта, ырыс-кешикте болсо экен деген ниеттемин. Эч качан апрель, Ош окуялары кайталанбасын, Кудайым тынчтык, бейпилдик берсин, ушул жыл жакшылыктын жылы болсун!

РАХМАН РАЗЫКОВ,
куудул:
– 2010-жылы 55 жашка чыктым. Мурда “55 жашымда куудулдардан турган беш топту сахнага алып чыгам” деп кыялданган элем. Аны ишке ашырайын десем эле Спорт Ордосу сот ордосуна айланып кетип жатпайбы. “Менин 55ке чыгышым кыйын болду” деп кейип жүрүп, “Беш тапан”, “Бешилик”, “Беш айры”, “Беш абышка”, “Беш кемпир” куудулдар тобум менен концертимди өткөрдүм.
Жыл жаңырарда мага эсте калчу белек болуп “Кыргыз Республикасынын маданиятына Эмгек сиңирген ишмер” деген наам алганым болду. Президент өзү куттуктап, сатира тууралуу абдан жакшы ой-пикир айтканына ыраазы боло Коён жылына кирип бардым. Жубайым дасторконун жайнатып, мен жакшы көргөн лагмандан чоюп берди.

РОЗА ШАКИРОВА,
ырчы:
– Жаңы жылды балам, атасы, досум болуп бирге тостук. Адатта салат жасабаган жаным досторумдан рецебин сурап отуруп салаттардын түрүн жасап, дасторкон жайнаттым.
Жылда эле шампан же башка ичимдиктерди койчу элем, бул жылы ырымдап бир да ичимдикти дасторконго жолоткон жокмун. Дасторконума шампан эмес, курут коюлду. Түнкү саат 12ни какканда эзме куруттан куюп тост айттык. Баарынан да кызыгы, эч кимге белек берген да, алган да жокмун. Болгону, дос-тааныштардан куттуктоо СМС алдым. СМС демекчи, бир белгисиз билдирүүнүн айынан жолдошум менен чукчуңдашып, таарыныша кеттик. Экөөбүздүн урушубуз Жаңы жылга саналуу мүнөттөр калганда болуп, кайра жарашканга жетишип калдык. Азыр деле “ий, бекер уруштук да” деп кыжалат болуп жүрөм.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ТОСУУДА ЫРЫМ-ЖЫРЫМ КОЛДОНДУҢУЗБУ?

Ильяз Иманалиев,
29 жашта, экспедитор:
– Кээ бирлер Жаңы жыл дешип, укмуш майрамдашат. Бирок биздин үй-бүлө, анын ичинде балдарым деле бул майрамга көңүл бурушпайт. Ырым-жырымды эстеген деле жокпуз, болгону, ал күнү дасторкон жайып коюу менен чектелдик.

Перизат Мукашева,
18 жашта, студент:
– Жыл жаңырарда ар кандай ырымдарды жасайбыз. Алсак, Коён жылында дасторконго жеңил тамак коюлуш керектигин угуп, капуста жана сабизден салаттарды жасадык. Эт кошулган тамак-тарды койбогонго аракет кылдык.

Мухаммад Сулайманов,
44 жашта, убактылуу иштебейт:
– Жеке мага Жаңы жыл майрам эмес. Анткени аны ашыкча ысырапкерчилик деп эсептейм. Мен аны кадимки эле күндөй өткөрдүм.

Назира Жаныбекова,
25 жашта, жеке ишкер:
– Мен Жаңы жылды мусулмандардын майрамы деп эсептебейм. Динге берилгенге чейин дасторкон жайып, түнкү 12де сөзсүз салют аттырмай ырымыбыз бар эле.

Абадан Усупов,
40 жашта, пенсионер:
– Ооба. Мисалы, балдарымдын өтүнүчү менен алдын ала жаңы жылдык балатынын алдына белек койдук. Ошентип, балдарым "Аяз атадан белек алдык" деп кубанып калышты.

Жаңыл Жумагулова,
47 жашта, ашпозчу:
– Айрымдар түнкү 12де эшик же терезени ачкан ырымдарды пайдаланышат. Бирок мен буга маани бербейм. Анда-санда куран окуп калмай жайыбыз гана бар. Коён мүчөл жылым болгонуна карабастан, андай “сыйкырларга” ишенбедим.

Сакратжан Курбанов,
30 жашта, куруучу:
– Ырымдарды кээде пайдаланып калабыз. Мисалы, жакшылык алып келсин деп жылдын белгиси болгон коёндун жумшак оюнчуктарын сатып алдым.

Эльвира Караева



Жаңы жылды тосууда ырым-жырым колдондуңузбу?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
SUPER.KG видео
07.01.2011. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечиресиздер,бирок жоолук салынып,2-чи болуп суйлогон кыздын создору аябай тан калтырды,ишенбесениздер угуп корсонуздор."Мусулман болгондон кийин жаны жылды тоспой калдым"-дейт.Мусулман болгуча тосчу экен,анан ушул жашына келип мусулман болуп тоспой калдым-деп койду го?Озу эмне дегенин тушунду бекен?
SUPER.KG видео
08.01.2011. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле эмне деп тантыраган. Мурун эмне христианка, атеистка, католичка жб беле? Мусмульман эмес беле? Таакыр тушунбодум.
SUPER.KG видео
08.01.2011. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emne ech kim Jani Jil tospoy kaldi bele? Bizdin jani jil "Nooruz" bolgon kundo dagi biz 31de "Jani jildi" toskongo konup kalganbiz da, Biz ekoonu ten mayramdaybiz. Emne jani jil mayramdasa musulman bolboy kalat ekenbi. Anda Kyrgyzstandin 80 protsenti musunman emes bolup kalat ko.
09.01.2011. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарынын оюна кошулам, биз да жон эле дасторкон жайып эле тосуп алдык,жакшы тилектердин коштоосунда!
SUPER.KG видео
09.01.2011. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshylap oylonup korsonor emne degenin tushunosunor. Al kyzdyn degeni ISLAMdyn kuraldayn tushungondon kiyin anday mayramdarga konul burbay kaldym deyt.
SUPER.KG видео
10.01.2011. 05:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз азыр ислам динине катуу берилген тура, ошондуктан азыр жаны жылды тоспойм деп жатпайбы.
А силер чала мусулман болуп жатпайсынарбы,негизи бул майрам кыргыздыкы эмес да.Эмнесин жактырбай жатасынар ал кыз оз оюн ачык эле айтты го.
SUPER.KG видео
10.01.2011. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Al kız islam dinin tuura tüşüngöngö çeyin dese bolmok musulman bolgongo çeyin debey
SUPER.KG видео
11.01.2011. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанылбаган жаак, мудурулбогон туяк болбойт дечу беле анысы сынары, чынында эле айтыптыр "мусулман болгондон кийин жаны жылды майрамдабай калдык"- деп бирок маанисине кичине болсо да конул буруп койсонор бардыгын эле туура айтып жатпайбы.
SUPER.KG видео
12.01.2011. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизнесменмин деп коюп бизнес кылбай же дыйканмын деп коюп эч кандай эгин экпей журсонуз сизди эч ким айтпайт бизнесмен же дыйкан деп,ошол сынары мусулманмын деп коюп эле биз деле исламдын парыздарын аткарбай жатабыз го.
ал кыз исламды тушунгондон кийин озун намаз окубай жургон убактагысын мусулман эмесмин деп айтса да жанылышпайт, "чала молдо дин бузар" болбогулачы жакшы тушунбой туруп.
SUPER.KG видео
12.01.2011. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында ислам дининде эки гана майрам бар. Эч кандай жаны жыл мусулмандардын майрамына кирбейт деп уккам.
SUPER.KG видео
31.01.2011. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Assalamu aleykum! Bır Aalymdan suragan eken adamdar :musulman adam namaz okubasa KAFIR bolup kalaby je jok pu degende al aytyptyr: Jok KAFIR bolup kalbayt! Bırok deptır KAFIRLER da namaz okubayt dep! oshonduktantan aytarym baardyk ınsan adashuuchu PAYGAMBARYBYZ s.a.v. gana adashkan emes! Kyzdarga aytarym v osobennostı MEERIMKAGA ashol kyzday bolup alynyz gıyın suılonuz Al gyz sızden ozup kettı:)
SUPER.KG видео
04.06.2011. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul kizdan allah razi bolsun,bunu emi ar kez tushuno berbeit.
SUPER.KG видео
29.12.2011. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vse ravno NOVYI GOOOOOOOOD URAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAA. dostor urushpagila, musulmandardy dagy bir jon ele kun menen, kalgandardy JANY JYLYNYZDAR MENEN
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: