ТАТТУУ ТҮГӨЙЛӨР

№432 11-17-февраль, 2011-жыл


Махабат айдыңында

Ойлосоң оюңдан, түш көрсөң түшүңдөн кетпей түйшөлткөн, жан дүйнөгө жылуулук берген, оо, улуу махабат. “14-Февраль – Сүйүшкөндөр күнүн майрам деп эсептебейбиз” деп жээрип, канчалык аракет кылбайлы, жаштар толкунун токтото албайбыз. Танбайбыз, ашыктык оту бар үчүн ааламда адамдар жашап келишет, жуп-жубу менен. Мейли, ал кайсы динди тутпасын, кайсы тилде сүйлөбөсүн, жүрөктө жашайт махабат. Мына ошол Сүйүү күнүнө карата ишенимдүү досуңузга айланган “Супер-Инфо” “Таттуу түгөйлөр” фотосынагын жарыялаган эле. 15 жуптун сүрөтү сайтыбызга жайгаштырылып, колдонуучулардын добушуна коюлуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

“БӨЛӨ, БӨЛӨ, БӨЛӨМ ДЕП, БӨЛӨМ ҮЧҮН ӨЛӨМ ДЕП...”

Бул сынактын жеңүүчүлөрү жердиги Нарындын Жумгалынан болгон 53 жаштагы Сайридинов Доктурбек менен жубайы 48 жаштагы Токтаналиева Гуля болду. Доктурбек мырза айдоочулук кесипти аркалап, азыр пенсияда. Гуля эже көп жыл китепканачы болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.

– Гуля эже, баш кошкон кү­нүңүздөр күнү бүгүнкүдөй эси­ңиздерде болсо керек?
– 1981-жылы июнь айында баш кошконбуз. Экөөбүз карын бөлөбүз. Жаш кезибизде ата-энебиз кудалап коюшкан эле. Кадимки кыргыз салты менен той берип баш кошконбуз. Быйыл бирге түтүн булатканыбызга 30 жыл болот. Жумгалда кайната, кайнененин колунда жүрүп, кийинчерээк балдарды окуталы деп борборго келип жашап калдык.
– Доктурбек байке, канча уул-кыздын ата-энеси болдуңуздар? Келин алып, кыз узаткансыздарбы?
– 5 балабыз бар. Улуусу Шербек. 1983-жылы төрөлгөн, азыр өз кесиби менен иштейт. Жакында эле сүйлөшүп жүргөн кызына сөйкө салып келдик. Буюрса, келиндүү болобуз. Анарбегим да жогорку билимдүү, ал да иштейт. Ортончум Айнагүл филолог, жакында бизди неберелүү кылат. Кичинекей уулум 7-класста, кенжетай, эркетай кызым 3-класста окуйт.
– Гуля эже, жолдошуңуздун бу­тун жууп отурган жери­ңизден сүрөткө түш­үп, бизге жөнөтүпсүздөр?..
Г.: – “Суперди” сүйүп окуйбуз, кээде бир эле чыккан санын үчөөбүз алып алган күндөр болот. Гезиттен сынакты окуп калып, “катышсак болот турбайбы” деп калганбыз. Аны уккан кенжетайыбыз сүрөткө тартып кирди. Жолдошум айдоочу болуп көп жыл иштеди. Машинасын өзү жууйт, бутун мен жууп көнүп калыптырмын. Муну эми сый деп түшүнөм. “Жууп бер эми, колум жетпейт да” деп калганынан жууйм.
Д.: – Жаш кезде совхоздо иштеп, канчалык кыйналбайын, жеңил болчумун. Кийин машина айдап, жумушум жеңил болуп толуп кетпедимби. 15 жылдан ашып кетти го дейм, Гуля бутума суу куюп бергенине.
– Доктурбек байке, өмүр шеригиңиздин таңдайда калчу тамагы кайсы?
– Өзгөчө манты, анан палоосун мактап жейм. Палоону анча-мынча мыкты басам деген өзбек туугандардан да ашыра жасайт.


“ГҮЛ СУНАМ, ГҮЛҮМӨ”

Кызгалдактуу талаада жанаша отурган түгөйлөр экинчи орунду ээледи. 32 жаштагы Равшанбек Оштун Араван районунун тургуну. Келинчеги 25 жаштагы Наргиза Баткендин Сүлүктүсүнөн. Ортолорунда 1 жаштагы Айзада аттуу кызы бар. Равшан мырза Араван райондук администрациясында иштесе, келинчеги кесиби боюнча англис тил мугалими.

– Равшанбек байке, Баткендин кызын Араванга кантип алып келип алгансыз?
– Жубайым Наргизанын курбусу биздин айылга келин болуп түшкөн эле. Ошол тойдо Наргизаны көрүп, жактырып калдым. 3 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, баш коштук.
– 14-Февраль – Сүйүшкөндөр күнү дегенге көз карашыңыз кандай?
– Бул майрамды студент кезден бери майрамдап, уюштуруп келгем. Сүйүшсүн, күлүшсүн, дал ушул күнү бири-бирине сезимин билдиришсин. Майрам жакындап калбадыбы, ошондуктан сүйүктүүмө кучак толо гүл сунуп куттуктайм.


“БИРИ-БИРИБИЗДИ КЫЗГАНАБЫЗ”

Үчүнчү орун ээлери ээрчише баскан кыз-жигиттер. Нурлан 27 жашта, Чинара 25 жашта, экөө тең жеке ишкерлер.

– Нурлан, Чинара “Супердин сулуусу-2008” сынагынын же­ңүүчүсү болгон эле, ошондон кийин эле көз артып калдыңыз­бы?
– Биздин таанышуу күтүүсүздөн болду. Чинаранын сынакка катышканынан кабарым жок болчу, бирок жүзү эмнегедир жылуу учурады. Ак шуба кийип, таажы тагынган кыз фотосалондон чыгып келатыптыр. Аны көрүп, артынан ээрчип алдым, тийишип сөз айтып. Ошондон кийин тааныш болуп калган элек.
– Кайсы мүнөзү­ңөр бири-бириңерге көп жага бербейт?
Ч.: – Нурлан ак көңүл, боорукер жан. Кээде ашыкча кызгана берет, ошонусу жакпайт.
Н.: – Чинара айтканды уккан жакшы кыз. Анан эле менден өтүп кызганып кеткени бар да.
– Кызганыч эмнеден чыгат?
– Нурлан өзү “повод” берет да кызганычка. Көп телефон чалуулар болот, ошондон чыгат.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө “Sun city” оюн-зоок борборунун муз майданына 1-орунга 1 айга, 2-орунга 3 жумага, 3-орунга 2 жумага эки кишилик жолдомо берилди. Эми эр ортону элүү жаштагы түгөйлөр өздөрү барбаса да, уул-кызы муз тээп көңүл ачканга эмнеге болбосун?! Учурдан пайдаланып “Sun city” оюн-зоок борборуна ыраазычылык билдиребиз.

CҮЙҮҮЛӨР СҮРӨТТӨН СЕЗИЛДИ

Бурул Исмаилова
star@super.kg



Таттуу түгөйлөр

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(20)
12.02.2011. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Доктурбек,Гуля айым музда коньки тээп жургонунун элестеткиле болгон да 1 ай....
12.02.2011. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshyken. Superinfo sizdergo choon rahmat, eldin konulun alyp,arkandai kyzyktuu konkursdardy uiushturup, elge jagymduu jashoo tartuulaganyzdar uchun.
Kyrgyzstanda suiushkondor,birin biri syilap,omurun chogu otkorgon insandar koboiyo bersin, ui-bulooloru menen baktyluu omur surushun tileim!!!
12.02.2011. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо биздин кыздар журотко суротто
14.02.2011. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
50 жаштагы жубайлар учун оригинальный приз. Бирок пейнтболго жиберсенер андан да жакшы болмок го дейм :)))
14.02.2011. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми, суйуу куну бир эле 14-февралл эмес та. Ошентсе да журогунордогу суйуу алооло берсин!
SUPER.KG видео
15.02.2011. 07:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сооннуунн.......суууйуууу....
15.02.2011. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Классно придумали, молодцы!!!
Победители тоже достойны, мне понравилось, что в таких конкурсах в основном участвуют молодые, а здесь и старшее наше поколение, которые не постеснявшийся приняли участие в таком конкурсе, да еще на фото сессию пришли. Зато в их памяти и в памяти их детей останется это знаменательная дата. А редакция "Супер-Инфо" скорее всего не не предусмотрела такой итог, но видно, что для пар было интересно очень. А наконьках покатаются их дети, не проблема же.
SUPER.KG видео
15.02.2011. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бал шириндер!!!
15.02.2011. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оператор менен фотографка данк! Видеого ыр коштолуп озунчо эле клип болуптур.
15.02.2011. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конул суйот мин сулуу,
Журок суйот бир сулуу! Журогунордо тунук суйуу жашай берсин.
15.02.2011. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун! Уландысы качан? Ушундан улам суйуунун жашын билуу кыйын экендигин чындап тушундум. уюштуруучуларга данк! дунк!
SUPER.KG видео
15.02.2011. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
загрузка качан нормальный корот экенмин билбединерби эл журт
SUPER.KG видео
16.02.2011. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga dagy jakty!!! Suyuu degen kanday raxat, bakyt,kuch kubat beret bizdin jan duynobuzgo ee! Raxmat super info jamaatyna! Ushunday sonun maanay tartuulap, uluu muunga da, jash muunga da, ozdorunun belekterin berip, unutulgus, estelike kalchu nerselerdi kylyp jatkanynyzdarga!!! Ar dayim iygiliktin ustundo juro bergile!!!
SUPER.KG видео
17.02.2011. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага суротчу жакты
SUPER.KG видео
18.02.2011. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdan jakshy boluptur, myndan kiyin buiursa jashy kaarysy debei birin biri suiuup syilap, ulgu bolup jashashsa kerek..........
SUPER.KG видео
20.02.2011. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле таттуу тугойлор экен
SUPER.KG видео
21.02.2011. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун
SUPER.KG видео
19.03.2011. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай бактылуу инсандар
SUPER.KG видео
17.09.2011. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tushungon jokmun
SUPER.KG видео
12.02.2012. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: