|
Жаштарды жакындаткан ФЛЕШМОБ№433 18-24-февраль, 2011-жыл. 14-февраль ислам дининде майрам катары белгиленбесе да, жаштар арасында бул күндү кубаныч менен күткөндөр көп. “Супер-Инфо” гезити Супер-Форумдун активдүү колдонуучулары менен биригип Махабат күнүнө карата майрамдык акция өткөрдү. Алгачкы флешмобду Нургазы аттуу активдүү форумчубуз ишке ашырган эле. Бул ирет окурмандарыбыз да биздин катарга кошулушуп, “Ала-Тоо” аянтында жуп-жубунан жетелеше баскан жаштар биздин акцияга күбө болушту. Алгач жаш түгөйлөр менен сүйлөшүп, баары окшош бир кыймыл жасашмай болушту. 10 чакты кыз-жигиттер бири-бирине каршылаш тарапка туруп, баары бир учурда эки жактан басып келип, өз кызы же жигитине барып учурашып турган жеринен катып калышты. Ким кандай саламдашып, кайсы маалда туруп калат, аны жаштар өз ара чечишип алышкан. Колуна гезит жана “Супер-Инфонун” календарь-плакатын кармап 2 мүнөткө катып турган жаштарды айланадагылар кызыгуу менен карап өтүп жатышты. Аз гана убакытка созулган биздин акциябыз жаштарга да, аянттагы көрүүчүлөргө да жагымдуу маанай тартуулады деп ишенебиз.
Гүлжамал Бөрүкулова Махабат майрамына карата флешмоб"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Arstan meni jetelep almaksyn aa? :))))
Nachar jana eeeeeen nachar:(((
ip: 78.20.241.121
Men dagy Bishkekte bolsom barmakmyn,
Arstan meni jetelep almaksyn aa? :))))...
Ооба колундан кое бербей жетелеп алмакмын.