ПАТТАЙЯДАГЫ КРОКОДИЛДЕР

№434 25-февраль - 3-март, 2011-ж.


Саякат. Кабарчынын күндөлүгүнөн

Гезитибиздин өткөн санында Таиландда болгон саякатыбыз тууралуу баяндаганбыз. Аны улай бул саам крокодилдерди баккан фермага болгон саякатыбыз жөнүндө кеп кылалы.

ТАШ ДООРУ
Крокодилдердин фермасына баш бакканда эле өзүмдү таш дооруна келип калгандай сездим. Көрсө, бул ферманын кире беришиндеги миллион жылдап жашаган таштардан турган бөлүм экен да. Айлананын кереметин айт! Жашыл шибердүү бактын ичинде түрдүү таштар бир укмуштуудай көрүнөт.

КҮНГӨ КАКТАНГАН КРОКОДИЛДЕР
Гид бизди крокодилдер багылуучу жайга алып жөнөдү. Тордун ичине камалган крокодилдер тасмалардагы коркунучтуу жандыктарга окшошпой турду. Биринин үстүнө бири чыгып быт-чыт болуп жаткан крокодилдерди карап, “булар тирүүбү же жаны жокпу?” деп таңыркап турдук. Көрсө, күнгө кактанып жатканда булар катырылгандай кыймылдабай калышат тура.

АЛМА БЫШ, ООЗУМА ТҮШ
Гид бизди чоң көлмөгө алып барды. Мен күткөн крокодилдер дал ушул жерде экен. Узундугу 2 метрден ашкан 200дөй крокодил жай гана сууда жүрүшөт. Мындай сүрдүү жаныбарларга тамак берүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп, 80 батка (100-120 сом) тооктун санын сатып алдым. Аны кайырмакка байлатып сууга салып коюп, темир тор менен курчалган көпүрөнүн үстүндө “олжо качан илинет?” дебей, тескерисинче, “олжосун качан алып кетет?” деп көпкө күттүм. Ошончо крокодилди бизге окшогон туристтер аябай тойгузуп коюшат көрүнөт, тамакты жегенге жан талашканын дегеле байкаган жокмун. Мына бакма жаныбар! Алма быш, оозума түш экен. Жапайысы тооктун этин эмес, адамды эки чайнап бир жутканга даяр эмеспи. Акыры бири тооктун санын илип кетти. Биз экскурсияны крокодилдер көрсөткөн шоу-программадан уладык.

КРОКОДИЛДИН ООЗУНА БАШЫН САЛЫП...
Темир торчонун ичинде ондон ашык түрдүү көлөмдөгү крокодилдер менен бирге тай жигити укмуштуудай шоу көрсөттү. Аны крокодилдер оңой эле түшүнүп, ар бир буйругун аткарып жатышты. Баарынан да крокодилдин араандай ачылган оозуна башын салып алып сүйлөгөнү абдан коркунучтуу болду. “Качан оозун жаап чайнап жиберет?” деп кыйналып турдум. Шоудон соң бул жандыктар менен сүрөткө түшүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. “Мындай мүмкүнчүлүк дайыма эле боло бербес” деп коркунучту артка таштап, сүрөткө түшүүгө да үлгүрдүк.
Аталган фермада крокодилден тышкары да түрдүү жаныбарлар, канаттуулар бар экен. Жолборс, аюу, төө, төө куш, тоос жана башкалар. Ошентип, Таиланддагы кызыктуу күндөрдүн бирин ушул укмуштуу фермада өткөрдүк.

(Уландысы келерки сандарда)

(Таиланддагы саякаттын видеоверсиясын жакынкы күндөрдө сайтыбыздан көрө аласыздар)

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg



"Супер сулуу" сынагынын жеңүүчүсү Таиландда. Крокодилдер фермасы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(8)
01.03.2011. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан кызыктуу экен. Кана эми биздеда туристерди тарта турган жерлерди онуктурсо экен.
01.03.2011. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде ЫССЫК-КОЛ турат го)))))
SUPER.KG видео
08.03.2011. 07:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Krakodildin eti emne "aram" emespi??????????????????????
SUPER.KG видео
08.03.2011. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чочко.жада калса иттин этин деле жеп жатышпайбы арам экенин билип туруп..,,,,,,
SUPER.KG видео
09.03.2011. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо сонун экен го,коруп алып барып келгендей эле болдум. Азаматсын Бакуля сонун жерлерди кыдырып келипсинер.
SUPER.KG видео
11.03.2011. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uha shunduktular bar negizi, adam adamdy dele jep jatyshbaiby.... kooz jer eken .......
14.03.2011. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец дайым алдыгы гана журо берсин биздин кыргыздын кыз жигиттери! Тайланд гана эмес башка олколорду дагы багындырсын!
SUPER.KG видео
20.03.2011. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барып келгендер Супер Инфого ырахмат, ыраазычылык билдиргиле. Супер инфого алкыш. Ошонтип окурман, куйорман, суйуучулорунорду кобойто бериниздер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: