|
УРМАТТУУ ЛИДЕРЛЕР, УБАДАНЫ УНУТКАН ЖОКСУЗДАРБЫ?№438 25-31-март, 2011-жыл Парламенттик шайлоодо жеңишке ээ болгон депутаттар Жогорку Кеңешке буту басып киргенден бери төрт айдан ашты. Азчылыгы оппозицияда болсо, көпчүлүгү өкмөттүк курамда отурат. Биз жарым жыл мурунку талапкерлердин берген убадаларын эске салууну туура көрдүк. УБАДАЛАР АКАЕВДЕН БЕРИ ӨЗГӨРБӨЙТ
КСДП КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев азыркы учурда өкмөт башчы. Башка партияларга салыштырмалуу КСДПда убадаларын ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрү чоң.
Албетте, эки жыл убакыт өтө элек. Бирок быйылкы жылдын бюджетинин олчойгон чыгымы кирешени көбөйтүүгө жол берери күмөн. Анын үстүнө өкмөт чыгымды кантип жабуу жолдорун таппай отурган кербези.
Алмазбек Атамбаевдин өкмөт башчы болгондон бери Гарвард университетиндеги адистерди чакырганын кулагыбыз чалбады. Же аларды жашыруун алдыртып жатабы? Кантсе да күтө туралычы, океандын ары жагынан жол карытып келүү оңой бекен?
Оп, бали! Күйүүчү майдын 8-10 сомго чейин арзандаганын көрдүк. Бирок оомал-төкмөл Орусия “аба ырайына” карап, ташуу салыгын киргизип салышы да ыктымал. Азырынча биринчи кадам аткарылды, эми кезек башка убадаларда.
«РЕСПУБЛИКА» “Бабановчулардын” опол тоодой убадаларына тажрыйбалуу экономисттер да таң калганын жашырган эмес.
Эмнегедир ай сайын колубузга тийген жарыктын эсеп кагазында электр энергиясынын арзандалганын көрө элекпиз. “Республиканын” атынан дайындалган Энергетика министри Аскарбек Шадиев быйылкы жылдын июнь айына чейин бул убада боюнча жооп айтарын билдирген.
Учурда “Республиканын” лидери өкмөттө экономикалык тармакты жетектейт. Демек, жумуш орундарын түзүү вице-премьердин колунан келчү иштердин бири. Азырынча кандайдыр бир ишкана же завод ачылып, 100 миң эмес, 1 миң кишиге жумуш оруну түзүлгөнү айтылбады.
Вице-премьер Өмүрбек Бабановдун коммерциялык банкы бар экендигинен калк кабардар. Жарыкты өз баасында сатып албасак дагы, дыйкандар ушул жаздан тарта кредитин ала башташты. Тилекке каршы, 7 пайыздан эмес, ал 9 пайызга жогорулап кетти.
«АТА ЖУРТ» “Реваншист” атка конгон талапкерлер үгүт кезинде убактысын программасын жарыялоого эмес, көбүрөөк өзүн актоого жумшашты.
Эске салсак, “Бакиевди кайтарабыз” деген видеожазуу интернетте жайылып кеткен. Аны “ата журтчулар” монтаж дешип, кийин “эч кандай аны кайтарып келүү оюбуз жок” деп билдиришкен.
ЖКнын депутаттары биринчи жыйынга топтолгондо “ата журтчулар” Ош жана Жалал-Абаддагы улуттар аралык кан төгүүнү иликтөөнү көтөрүп чыгышкан. Бирок же апрель окуясынын соту, же июнь окуясынын сот иштери аяктай элек.
Айлыктарга келсек, мугалимдер кычыраган кышта айлап митингге чыгып отуруп, өкмөттүн сөз берүүсүнөн улам токтошту. Күч органдарынын кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлгөн жок. Же алардын дагы митингге чыгышын күтүп отурабызбы?
Эльвира Караева
«Супердин» сурак бурчу САЯСАТЧЫЛАРДЫН КИМИСИ ЭЛДИ КЫЙЫН АЛДАЙТ? Күмөндөр Абылов,
Жолдубай Сүйүнов,
Эдил Байсалов,
Базаркул Маматкулов, Кубаныч Сыдыков Саясатчылардын кимиси элди кыйын алдайт?"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Бакиевтин убагында нанды сатып жей баштаганбыз
эми кайра тегирмендер иштейт окшойтя