Азимбек Бекназаров, экс-вице-премьер-министр: «КЫРГЫЗГА ДАГЫ РЕВОЛЮЦИЯ КЕРЕК»

№439 1-7-апрель, 2011-жыл


– Азимбек Анаркулович, кош келипсиз, суроолорго жооп берүүгө даярсызбы?
– Даярмын.
– 24-март, 7-апрелдеги революцияларга көз карашы­ңыз кандай?
– Максатыбыз бийликке келиш эмес, Кыргызстандагы үй-бүлөлүк башкаруу системасын жок кылып, мамлекетти демократиялык жолго салуу, элдин үнүн угуу болчу. Революциянын максаттарынын ишке ашыкканына ыраазы болом. Кызматтан четтедим деп өкүнбөйм. Кызмат, байлык – колдун кири.
– Сиз 24-март менен 7-апрелдин кайсынысын белгилейсиз?
– Тарыхый окуялардын кыймылдаткыч күчү – карапайым эл жана кыргыздын жаштары. Эки дата каалайбызбы, каалабайбызбы, тарыхый күн болуп кала берет. Бирок кыргыз улуту бул окуяны оң жагынан тарыхта калтырышыбыз керек. Баңгилердин же хулигандардын аркасы менен болгон окуя дегенге болбойт. Куттуу жерде айтып коёюн, эч ким акча берип, революция жасап элди көтөргөн жок. Окурманга айтарым, тарыхтын алдында баарыбыз бирдей туткунбуз. 7-апрелди майрамдашка али эрте. Анткени биз кайгынын, кургай элек кандын үстүндө отурабыз. Себеби аларды аткандар соттоло элек. Өкмөттүн иштегенине 2-3 ай болду, иштесин, үмүт үзө элекпиз. Албетте, өкүнүчтүү, кечээ күнкү эле аткаминерлер кайра келип, борттон сыртта калган адам катары бизге деле оор тийип жатат. 
-Азимбек мырза, азыркы коалиция жөнүндө эмне айта аласыз?
- Коалицияга оюм тескери. Өкмөттө бирдиктүү саясат жок, бир нерсе десе “кана, кол койбодуң беле, Алмазбек Шаршенович, биздин адамды бийликке кой” дейт. Ал адамы болсо аларга гана отчёт берип, Атамбаевди укпайт. Ырас, үч партия коалициялык өкмөт курдубу, мүмкүнчүлүк берели. Эгер иштей албаса, коалицияны таратып, алардын ордуна башка өкмөт түзүп коюуга болот.
– “Жубайым “биз качан элге окшоп жашайбыз?” деп капаланат” дедиңиз эле, эми кантип жатасыздар?
Швейцарияда качып жүр­гөн экинчи уулум балалуу болгон, тамашалап Качкынбек деп койдум. Эне да, кээде ошолорду эстеп сагынат, кейийт. Ошол уулум апасынан “атам баягыдай эле Чапай болуп жүрөбү, көчөдө революция кылып?” деп сурайт экен. Ооба, үйүбүздө ушундай сөздөр чыгат, бирок бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле кылабыз.
– Сырттан караган адамга абдан сүрдүү көрүнөсүз, мүнөзүңүз кандай?
– Ороймун, өзүмдүкүн бербейм, бетке чабармын, ошондуктан көп адамдарга жакпайм.
– Көп учурда оппозициячылардын өмүрү кыл учунда. Ошондой кайгылуу күндөн кеп салып берсеңиз?
– Үзөңгү-Кууштун айынан түрмөдө жатканда ойлогом, “өлүп калат турбаймынбы” деп. Бул сыяктуу коркунучтуу күндөр, ыйлай турган капалуу убактар өткөн.
– Азимбек Анаркулович, аман­дыкта көрүшөлү дейли да, жыйынтык сөзүңүздү угалы.
Чоң рахмат, түз байланышка чыгып, тартынбай жүрөк өйүткөн суроолорду бергениңиздер үчүн. Кыргызстанды жалаа, ушак-айың каптады. Ошолор менен убара болуп жүрүп өзүбүздүн руханий дүйнөбүзгө шек келтирип албайлы. Кыргыз эли эки революцияны баштан өткөрдү, эми бизге үчүнчү революция керек. Бул жан дүйнөбүздү тазалоо революциясы. Ар бирибиз өзүбүздүн ички туюмубузду тазалап, түзөлсөк, коом да оңолот.

 

Бурул Исмаилова
politika@super.kg



Атактуулар Супер-Форумда - экс-вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров, (3-бөлүк)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(38)
02.04.2011. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ar kaysisi ar kaysini suyloy,kaysinisina iwenerindi bilbeysin negizi,owonduktan bironuku 4in dep iwenip jasap alip,anan ayanip kalbayli!bizge revolyutsiya emes,akil es,kaydiger4ilik,adam ker4ilik kerek,anan kalp ele revolyutsiyaga 4igam dep koyup, biri biribizdi tonomoy emes..minday4a aytkanda,revolyutsiya bolso ozubuz ele kaalayim-kalkibiz ele kiynalip kalat,a bular emne,oz orduna oturat dagi,kayra ele bayaki pozitsiyaga tuwo bawtawat..biz revolyutsiyadan jenbeybiz,ak uygo oturgandar ele jenet!
03.04.2011. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azimbek mirza,bortton sirtta kalgandardin baari revolyutsiya chigarsa KRdin ar bir jili revolyutsiya menen otup ketbeybi?!Jashiniz kiyla ele bar,andan koro jashtarga nasiyat berseniz jakshi bolmok.
El el ezilip butot ortodo,birok el el ele deybiz,elibiz da akilduu bolushu kerek,'alakuch' degen jakka churkay berbey.
SUPER.KG видео
03.04.2011. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азимбектен коро Мадумаровду чакырсанар болмок
SUPER.KG видео
03.04.2011. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызды тоногунун мактанып отурганын красанар актанып
SUPER.KG видео
03.04.2011. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандагы мен сыйлаган 3 саясатчынын бири ушул инсан!
04.04.2011. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Азике бийликтен коту бошоп калганына эле ар-кайсыны суйлоп жатат го учунчу революцияны эл ккоторо албайт нени кыйраттын иштеп атканда
04.04.2011. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Risbek Akmatbaevga jolukpai kalganima okunom degen jeri kaykta super info????
04.04.2011. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рыспек акматбаевге жолукпай калганыма окуном дегени сайтта анан видеодо журот го карасан жакшылап
04.04.2011. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3ревалюцияны эл которо албайт,иштен четтегендер эле ревалюция жасай берсе оздорун ойлоп,бечара элге эле кыйын болдуго!
04.04.2011. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
угуп олтурсан эле бардыгыныкы туура, бирок ишке келгендечи
04.04.2011. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
учунчу революция керек дегендер азимбек байкеге кошулуп алып ачкачылык жарыялагыла! олтуруп алып тантырабербегилечи! 2революцияда мародерстводон планынар толбой калдыбы же? тынч жашоодон тажап калган окшойсунар! эл зорго турганда кошумча болбогулачы! В.В Путиндин сунушу боюнча Казакстан,Белорусияга кошулуп биз да Евробиримдике кошулганы турабыз! акылынарга келгиле жаштар!
05.04.2011. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"бийлик,байлык колдун кири", "уулум качып журот-тамашалап Качкынбек койдум"...эминеге качасынар?! качып кайда барасынар?! дебейби...деле тамашакойлугун кантесин, ары жок немекен да...
05.04.2011. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Эрнияз" акылына бали чындыгында.Кана корсотчу кайсыл жерде булак биздин Евробиримдикке кириш жонундогу.Бизге Евробиримдикке суутуп коюппу.Биз ОртоАзиянын чок ортосунда туруп алып каякта кирмек элек християн мамлекеттердин катарына.Европанын эн тез онугуп аткан олкосу-Туртция кире албайт,биз кайдан кирмек элек.Биз киришибиз мумкун,качан гана сен мактап,жактаган Текебайып Кыргызстанды Пранцияга сатып жибергенде.Ишенген путининден ургулдум.
06.04.2011. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
император, сен бул суроолорундун жообуна кызыксан "дело№" гезити же болбосо россиянын гезиттеринен издесен болот! сен оз мамлекетиндин негизи эмнеде экенин жакшы билбейт окшойсун! путин билген учун сунуштап жатат! озунду уят кылба
06.04.2011. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой ушу киши пенсияга чыгып уйундо эле отурбайбы жамандыктын эмблемасындай болбой...уят!!! карыганда берсин доолотту дейт...
06.04.2011. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу чаласабат бекназаров дегенге айла жок экенда. борттон сырт калып калганы ырас эле болду.
06.04.2011. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрнияз, Евро биримдикке путин акендин тиши откудой эмне Орто Азия дейсинби.Ал жерге Кыргызстандын кириши эч качан мумкун эмес. Орусия озу жок туруп,Кыргызстанды киргизип коймок беле. Издесен болот дебей конкреттуу шилтемесин таштап кой сайттын. Мен мамлекетимдин негизин сенден жакшы билем.Сага окшоп каяктагы орустун курамында кошоматчы эмесмин.Тушунбогондон кийин,эс уйротпо,ОК?
06.04.2011. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу кишиге тан бердим тии мен тааныгандан бери эле революция деп келатат, эмне аксыдагы элдердин олуму буга жетпейби дагы бир интервюсунда алар мен учун олгон эмес деп коет айылда эле суу сугарып журо берсен болмок экен элди дурботпой.
Бйилике келди акча чогулту Бакиев кетирип ийди эле мен аксыны текшерип атканда кетирип ийди деп чыкты бакиев кеткенде дагы келди анда да аксыны унутуп кайдагы озбектин кишисин томожняга койбой койдун деп журот биздин чондордо озу ар жок
07.04.2011. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тынчыраак эле жашайлы туугандар революция жок эле. Азимбек мырза сиз балким жакшы адамдырсыз сиз бирок мамлекеттик кызматка татыктуу эмессиз. кыргызстанга билимдуу адамдар керек буга азырынча эч ким татыктуу эмес го.
07.04.2011. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азимбек мырзанын толгочулорго барып ага каршы болгондордун жолун жаптырганын билем.
07.04.2011. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"император"мамлекетибиз эмне учун артта калган сен билесинби? билбесен мына мен билем! ушу сага окшогон, "аа ал нерсе такыр болушу мумкун эмес, бул да мумкун эмес" деп коюп олтура берген пассивдердин айынан артта калган! жок нерседен да умут кылып, ошол нерсеге аракет кылсан гана бар нерсеге жетишесин!
07.04.2011. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрнияз, чынында эле акылы тайыз адам экенсин. Биринчиден,пассив дебейт.Пессимист дейт.Экинчиден сага тушунуктуу кылып мисал менен айтайын.Сен Кыргызстанда пингвин,же ак аюу жашаганын уктунбу?Макул сен оптимистсин дейли.Омурун откончо жакшы ниет кылсан да жогорудагылар Кыргызстанда жашап калбайт.Евро биримдик дагы ошондой нерсе.Жалан Европадагылар кирет.Орто Азиядан,же башка жерден бир мамлекет кирип калбайт.Ушунчалыгын тушунсон керек?Анан Кыргызстанды картадан карап кор,кайсыл жерде турганын.
07.04.2011. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ну даа, ты внатуре хамеллеон!!!!!
07.04.2011. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
географикмин де? сен менен талашып, сага тушундургондун ордуна уйумдогу итим менен суйлошсом сага караганда ал тушунмок! оз оюндан кайтпаган "......."экенсин! эмне болоорун келечек корсотот! экообуз комп-н алдында олтуруп кыргызстандын келечегин чечип кое албайбыз! азырынча сенин оюн туура деп кое берели, себеби сен келечек эмес азыркы учурду элестетип жазып жатасын!
07.04.2011. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"акылы тайыз адам" деген созуно келсек, кимдин акылы жогору озу? сен акылдуу болсон акылынды иштетип акылсыздар менен соз талашкандын ордуна аракетинди кылбайсынбы? туура сенин оюн боюнча менин акылым тайыздыр, бирок мен азыр сен ойлогондон да жашмын, акылымды жогорулатууга убакыт коп алдыда! акыл ж-до суйлойсун азыр "мугалим бугун билген нерсени окуучу эртен билет" чыныгы акылы тайыз адамды коргун келсе кузгуну кара, ошол жерде сени карап турат ошол бала!
08.04.2011. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабатсыздар менен талашканда ар дайым женилгенмин.
08.04.2011. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
император" сен куюшканга кыпчылган жылкынын тезегине окшоп менин создорумо илине бербе! биринчиден кыргыз тилинин граматикасын окуп кор мага бир макалынды 10жолу кайталабай! пессимист-оптимист, актив-пассив экоо тен бир маанини тушундургон карама каршы создор болуп саналат! ушунчалык акылдуу экенсин ушул элементарный нерсени билбейт экенсин! экинчиден макалын б-ча алсак, мен сабаттуу адамдар менен эч качан талашкан эмесмин, алар бир гана фактылар менен тушундурушот сага окшоп тантыра бербей!
08.04.2011. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекназаровду мурун патриот киши деп ойлочумун анан кылыктарын уккандан кийин иренжип калдым. Корсо бийлик учун эле жанталашып жаткан окшойт.
SUPER.KG видео
08.01.2012. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ачык соз ... ак ниет ... ак ийилет , бирок сынбайт .Молодцы
SUPER.KG видео
12.01.2012. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iiiii ushuga okshogon jep jutarlar kirgizstandi jep buturdu .....
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: