|
Кубатбек Байболов, экс-баш прокурордун милдетин аткаруучу: «АЖЫДААРДЫН КУЙРУГУН БАСЫП, ЭМИ ТАПАНЧА МЕНЕН ЖҮРӨМ»№440 8-14-апрель, 2011-жыл
1-апрель күнү катылып жаткан компроматтар Жогорку Кеңеште ачыкка чыгып, аягы мушташ менен бүттү. Башкы каарманга айланган Кубатбек Байболов көптөгөн былыкты учкай айтып, кенен сөз кылууга үлгүрбөй калган. Андыктан биз Кубатбек мырзага кайрылып, мушташтын айынан айтылбай калып кеткен кепти уладык. БАЙБОЛОВ КУБАТБЕК КАЛБЕКОВИЧ
– Жума күнкү парламенттик жыйында бийликке каршы бир топ билдирүүлөрдү жасадыңыз. Жетекчилердин былык иштери сизге маалым болсо, аны эмне үчүн Баш прокурорлук кезде эмес, эми айта баштадыңыз? Буга кызматтан алынышыңыз себеп болдубу? – Кыргызстанда коркпогон жан жок. Анткени биз коркунучтуу өлкөгө айландык. Жан сакчылардын баары галстукчандарды ээрчип жүрүшөт. Жума күнү парламентте болгон жаңжалда 8-9 тапанча табылыптыр, аларды урнага таштап жиберишкен имиш. Ошондон улам мен да өз өмүрүмдү коргоо үчүн чара көрүүгө мажбурмун. Анткени космосто жашап жаткан жерим жок. Ошолордун арасында жүрөм. Бир-эки жан сакчым бар, өзүмдүн жанымда да курал алып жүрүүгө аргасызмын. Себеби ажыдаардын куйругун басып алдым. – “Мегаком” иштери боюнча тергөөдөн Баш прокурордун маалыматы болбой койбойт. “Сарамжал транс” “Мегакомдон” каражат алып чыгып кетүү максатында түзүлгөн фирма" деп шектелди. Жубайыңыздын ушундай фирма менен алака түзгөнүнө учурунда көңүл бурдуңуз беле? – “Баланча-түкүнчө сумма алып чыгып кетип жатат” дешти, чынында, ошондой болуп жаткандыр. Бирок анын мага кандай тиешеси бар? Биз өз мүлкүбүздү сатканыбыз үчүн гана ызы-чууга илээштик. Анын баарын мага үйүп салууга болбойт. Тиешелүү органдар иликтешсин, табышсын, жыйынтыгында жоопко тартышсын. Мен өзүм көп жылдан бери бизнес менен алектенбейм. Саясат менен алпурушуп жүрөм. Жубайым болсо 8-мартта Кыргызстанга келди. Биздин ишти менеджерлер тейлейт. Ошол эле Өмүрбек Бабановдун, Кеңешбек Дүйшөбаевдин деле бизнесин менеджерлер тейлеп келет. “Мегаком” бизге эч кандай каражат берген эмес. Ал “Сарамжал транс” деген фирма менен түзүлгөн келишим. Акча биздин фирманын эсебине дал ошол “Сарамжал транс” фирмасынын эсебинен түшкөн. Дүйшөбаев “мүлктү базар баасынан кыйла кымбатка сатыпсыңар” деп доомат коюп жатат. Мүлктөрдүн баасын көз карандысыз эксперттер баалап беришти, алардын жыйынтыгы боюнча мүлк реалдуу баасында сатылган. Болгону, бийликтеги айрым чиновниктердин көктөн издегени жерден табылды. “Былыктарыбыз билине баштады” деп кыйпычыктап жатышкан эле. “Мегакомдун” тегерегиндеги ызы-чуу бизнеске кызыкчылыгы бар саясатчыларга керек болду. Ал эми менин кызматым саясий сооданын предметине айланды. Түпкү себеби президенттик шайлоого байланыштуу экенин түшүнгөн адамдар байкап турушат. – “Максим Бакиев Лондондо отуруп алып, бул жактагы керектүү адамдардын телефондорун тыңшайт. Аны УКМК деле билет”,- дедиңиз. Муну менен эмне айткыңыз келди? – Бул жерде УКМКнын тыңшоолору жөнүндө кеп болуп жатат. Бул мыйзамсыз. Тыңшоо боюнча СОРМ (система обеспечения оперативных мероприятий) системасы төрт уюлдук компанияга орноштурулган. Президентке кат киргизип, тыңшоо мыйзамсыз деп айткам. Андан бери төрт ай өттү, жыйынтык болбоду. Демек, тыңшоолор президентке өтө жагып жаткандай сезим калтырат. Кимдин ким менен сүйлөшүп жатканы тууралуу кабар кыргыз бийлигине өтө ширин окшойт. Бул кылмыштуу мекемеге тескөө салсак болмок. Депутаттар жакшылап изилдесе, талпактары ташка жайылат. Эгерде президент өзү жетектеген мекеменин маалыматы дүйнөгө белгилүү болсо, аларды бул жагдай өтө таң калтырат. – Экс-президент Курманбек Бакиевдин тушунда тарттырып жиберген мүлкүңүздү кайтарып алганыңыз чынбы? – Бардыгын эмес, бир гана “Апельсин” ресторанын. Соттошуп отуруп, жыйынтыгында келишим жана жоготуулар менен тындым болдук. Чынында, бир топ эле аласам бар болчу. Алды жок болуп, арты качып кетпедиби... Эми алардан үмүт үзүлдү. – Кезектеги жаңжалдан улам Байболовдор кайрадан чет өлкөгө кетип калышы мүмкүнбү? – Эми намыс үчүн эч жакка кетпейм. Же алар, же мен. Кетип калса дегенде эки көзү төрт болгондор ар кандай сөздөрдү таратып жатышат, угуп жатабыз. Менин баамымда, элдин үмүтү чоң болуп турат. "Ушул иштин аягына чыгарып бериңиз" деп күткөндөр бар. Бул өлкөдө акыркы адам болбогондон кийин өнөктөштөрүм менен бирге жаңы заманды курууга аракет кылып көрөйүн деп жатам. Анткени элдин үмүтү акталбай калды. – Сизди оппозициянын лидери болот дешүүдө. – Ар кандай болушу мүмкүн. Кыргыздар лидерликти жакшы көрөт. Президенттикке ат салышайын деген оюм жок болчу, азыр деле бүдөмүк. Азырынча андай чечим жок. Себеби мында көп маселе бар. Мисалы, каражат. Бирок ушунчалык шымаланып алганга жараша партия ишеним көрсөтсө, аны да көрөлү. – Өнөктөштөрүңүз же саясий талаада жөлөк болчулар кимдер? – “Ата Мекен”, “Ак шумкар”, “Замандаш”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Акыйкат” партиялары. Алар мени жакшы билишет. Жыйырма жылдан бери тооккана да менчиктештирген эмесмин. Элдин баары заводдорду тартып алып, вагон-вагон бензинди жутуп алса деле жакшынакай жүрүшөт. Ак жерден эле айыптай беришсе күйөсүң да. – “Камчыбек Ташиев менен Алтынбек Сулаймановдун мушташын Байболовдун сөзүн үзгүлтүккө учуратуу үчүн “республикачылар” атайын уюштурду” дешти. Бабанов тууралуу айтууга үлгүрбөй калган маалыматтарыңыз бар беле? – Анысын билбейт экенмин. Жаңжал мен чыгып кеткен соң болду. Сөз бербегенге аракет кылгандарын эл даана көрдү. Мындан мен эмес, өздөрү чоң уятка калышты. Сөз дегенди өлтүрө албайсың да. Ал парламентте айтылбаса, башка жерде баары бир айтылат. Илгеркидей оозду баса албайсың. – Өлкө жетекчилигине бизнесмендин келишине кандай карайсыз? – Бизнесмендин да түрдүүсү болот. Уурусу, уятсызы, абийирдүүсү дегендей. Мен да бизнесмен болгом, бирок алып-жутуп же катып алган эмесмин. Бизнеске байланыштуу кептер көкөйүмө көк таштай тийип бүттү. Жөн эле жүрөгүм зыркырачу болду. – Өзүңүздү баймын деп эсептейсизби? – Кайдагы баймын? Мына бул үйдү ижарага алып жашап жатабыз. Былтыркы жылы чет жерге кетерде өз үйүмдү тууганыма таштагам. Ал мага беш жыл ичинде башка үй куруп бермек. Бирок бир жылдан кийин келип калдым. Аны “чык” демек белем, ошон үчүн ижарага үй алууга туура келди. – Үй-бүлөңүз Кыргызстандабы? – Аялым экөөбүз бул жактабыз. Балдарым чет өлкөдө, ошол жакта окушат. Улууларынан экөө университетте, калгандары мектепте. – Былтыркы жылы 7-апрель күнү кайда жана эмне менен алек болгон элеңиз? – Чет жерде болчумун. Кыргызстанга майда келдим. Дароо учуп келейин десем, бул жактагы кээ бир өнөктөштөрүм ичкүйдүлүк кылгандай мамиле жасашты. “Ашка жүк, башка жүк болот” дешти окшойт. Анан “мейли, өз ара устукандарды бөлүштүрүп бүткүлө” дедим. Бул аралыкта тополоң башталып кетти. “Жаман айтпай, жакшы жок” демекчи, балким, тополоң болбой калса, мен ушул күнгө дейре кереги жок болуп жүрө бермекмин. Ошентип, мени “комендант болуп бер” деп калышты. – Президент Роза Отунбаева “мен үчүн Байболовду кызматтан алуу чечими оор болду. Бирок кыйла эле сый-урмат көрсөттүк” деди. Сиздин жообуңуз кандай? – Эми президенттин устукан тараткандай мамиле кылганы туура эмес. Көчөдөн алып келип генералдыкты берип койсо, ошентип айтса жарашат. 30 жыл иштеп, полковник чини өз тармагыма кызматым сиңгени үчүн берилген. Кызылдай согушка бардым. Жалал-Абаддын эли бүгүнкүгө чейин ыраазычылыгын билдирип келишет. Президент менен болгон сүйлөшүүдө ошол жердеги ишиме да шек келтирүүгө аракет жасашты. – Өлкөдөгү кырдаалга кандай божомол бере аласыз? – Божомол жаман жана шаңдуу эмес. Баалар асмандайт. Жыйынтыгында чыдабаган эл бийликтегилерди алып түшөт. Бирок былтыркыдай кан төгүүгө жетпейт. Бүгүн бийликте отургандардын арасында ишке жараксыздары бар. Алардын көбү “темир матростор” менен Максимдин куйруктары. Куйруктарды эшиктен куусаң, терезеден кирип келишти. Ал эми “темир матростор” талкалап, өлтүрүп, тартып алганга чебер, бирок алардын бир нерсени түзүп, куруп, өнүктүргөнгө мүмкүнчүлүгү жок. Биздин тарыхыбыз чоң демократияга жете элек. Аң-сезим феодалдык деңгээлде турат. Ар жыл сайын ондогон жылдын арышын басып келе жатабыз. Муну прогресс десе болчудай. Жакынкы 50-60 жылда азыркы Европанын деңгээлине жетип калабыз деп ойлойм. Бирок мындай жетекчилик, шайлоо менен жетпей калышыбыз да мүмкүн. Шайлоого келгенде эл добушун шылуундарга сатып жиберүүдө. Акыркы шайлоо укмуштай таза өткөн жок, анда болуп көрбөгөндөй акча каражаты сарпталды. Эгерде мурун добушту 200-500 сомдон сатып алышса, мында шайлоочуларга 1000-5000 сомдон таркатышты. – Жакынкы пландарыңыз кандай же эс алууга чыгасызбы? – Албетте, эс алсам жакшы болмок, бирок ушундай абалда кайдагы эс алуу? Балдарды сагындым, өзүм да чарчадым. Жакында Жогорку Кеңештеги депутаттардын бирине кеңешчи болгону жатам. Ак үйгө күндө барып, катарга турам. Тилимди кесе алышпайт. Намысыма тийип алышты. Кызмат деген бир күн бар да, бир күн жок. Анын үстүнө элдин “дагы тайсалдап качты” деген сөзү балдарымдын бетине чиркөө болушун каалабайм. Өлкөбүздү өзгөртүүгө дале кеч эмес деген үмүт менен иш алып барам. Эльвира Караева Маек - Кубатбек Байболов"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:
|
Болбосо Бабанов менен Отунбаева мынчалык семирбейт эле.