7-АПРЕЛДЕГИ БААТЫРЛАРДЫН БИРИ ТИРҮҮБҮ?

№440 8-14-апрель, 2011-жыл


Үй-бүлөлүк бийликти тактыдан кулатуу учурунда мекендин келечеги үчүн эр-азаматтарыбыз жанын курмандыкка байлаганына баарыбыз күбөбүз. 7-апрелде каза болгон азаматтар ар бир мекендештин жүрөгүндө, тарых барактарында сакталып кала берет. Ал эми өткөн аптада ошол баатырлардын бирөө тирүү экени тууралуу кеп тарап, көпчүлүктүн оозун араандай ачырды.

КОШУМЧА МААЛЫМАТ

  • 7-апрелде курман болгондордун жалпы саны 91. Эки жигит ИИМдин курсанттары жана бирөө аскер кызматкери.Жалал-Абадда каза болгон эки жигит да кошулган.
  • Каза болгон 91 жигиттин 83үнө «Баатыр» наамы берилген. Арасында тирүү делген Маралбек да бар.
  • Ушул жылдын 6-апрелинде апрель окуясында жабыр тарткандарга жана каза болгондордун жакындарына көп кабаттуу үйлөрдөн бир бөлмөлүү 144 батир берилди.
  • Комиссия жогоруда айтылган Маралбектин иши боюнча жыйынтык чыгарганга чейин анын жакындарына бөлүнгөн батир берилбейт.

«АРБАК МЕНЕН ЧОГУУ ЧАЙ ИЧИП ОТУРАМ»
Ак үйдүн жанынан ары-бери өткөн сайын жүрөк титиреткен каргашалуу апрель окуясы көз алдыга тартылат. Ажалдан коркпой, көкүрөгүн окко тоскон баатырларыбыздын ашы жакындап, эскерүү иш-чараларына даярдык жүрүп жатканда чагылгандын огундай тездик менен бир каңшаар тарады.
«2010-жылдын 7-апрелинде каза болуп, «Ата-Бейит» көрүстөнүнө сөөгү коюлду» деген 86 баатырдын бири тирүү деген. Маалыматка ылайык, каза болгондордун катарындагы тизмеде 71-болуп жазылган Максымбеков Маралбек Сатылганович 1963-жылы Ала-Бука районунун Ызар айылында туулган. Бирок ал баатырлардын катарында Аксы районунда туулган деп жазылып калган.
«Максымбековду тааныган-билген­дердин айтуусунда, ал бир жыл мурда Орусияга жумуш издеп кеткен. Эмнегедир апрель айында кайра Кыргызстанга келген. Учурда «маркумдун» айылдаштары «Маралбек тирүү экен» деп ызы-чуу түшүп жатышат. Себеби ошол айылдык бир жигит Орусиянын Екатеринбург шаарына барып, Маралбек менен жолугуп калат. Алтургай чогуу чай ичип отуруп, «арбак менен чогуу чай ичип жатам» деп тамашалайт. Бул сөзгө Маралбек ыңгайсыз болуп, «койсоңчу, эмне, өз көзүңө өзүң ишенбейсиңби? Мен өлбөй эле маңдайыңда отурбаймынбы» деп жооп берген» деп жазат «Азат» гезити.
Ошентип, парламенттин имаратына жеткен бул сөз депутаттардын төбө чачын тик тургузду. Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов 31-марттагы парламент жыйынында Максымбековдун Орусиянын Екатеринбург шаарында айдоочу болуп иштеп жүргөндүгүн тактаганын билдирди. Жагдайдын чын-төгүнүн билүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына тапшырма берип, эгер Максымбеков тирүү болсо, анын коопсуздугун камсыз кылууну Жогорку Кеңештин төрагасы сунуш кылды.

«ТАК МААЛЫМАТ АЙТА АЛБАЙБЫЗ»
Маалыматтын чын-төгүнүн би­лүү үчүн 7-апрелде курман бол­гондордун жакындары тарабынан түзүлгөн «Мекен шейиттери» коомунун жетекчиси Осунбек Жамансариевге (сүрөттө) кайрылдык. Ал: «2010-жылдын 7-апрелинде саат 23:00 чамасында Республикалык оорукананын сотмедэкспертизалык өлүкканасына «Ала-Тоо» аянтынан ок тийип каза болгон азиат улутундагы 50-55 жаштар чамасындагы белгисиз адамдын сөөгү келип түшкөн. Сөөк туугандары тарабынан таанылган» деген экспертизанын жыйынтыгы турат. Биздеги маалыматтарга токтолсок, Маралбектин жанында эч кандай өздүк документтер жана денесинде өзгөчө белгилери болгон эмес. Болгону, «баласымын, менин атама окшош» деген Эрлан аттуу жигиттин көрсөтмөсү, тактоосу менен тизмеге кирип, «Ата-Бейитке» коюлган 26 баланын катарынан орун алган. Андан башка жакындары болгон эмес. Учурдагы «тирүү жүрөт» деген сөздөрдүн чын же жалган экенин так билбейбиз, балким, тирүүдүр же башка бирөөнө окшоштуруп жатышкандыр... Бул боюнча так маалымат айта албайбыз. Аныгын билсек бизге деле жакшы болмок. Ал эми 7-апрелде курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн ар бирине бөлүнгөн 1 миллион сом өлчөмүндөгү жөлөк пул Маралбектин баласы Эрландын колуна берилген»,- деп билдирди.

«АТАМДЫ ИЗДЕП ОРУСИЯГА АТТАНАМ»

«Мекен шейиттери» коомунан «Маралбектин баласымын» деген 25 жаштагы Эрландын телефон номерин таап, байланышка чыктык.

– Эрлан, сиздин атаңыз тирүү экен деген сөз уктук. Ал Орусияда иштеп жүрөт деген кабарды уктуңузбу?
– Ооба, уктум. Атам апрель окуясына чейин Орусияда иштеп жүргөнү чын. 2008-жылы Кыргызстанга келгенде жолукканбыз. Бирок андан кийин кайда кеткени белгисиз болуп, издеп жүргөм. Тирүү болсо сүйүнөт элем.
– 7-апрелден кийин сөөктү сиз таанып, «менин атам болчу» деп күбө болгон турбайсызбы...
– Атам деп тааныганым чын, себеби окшош экен.
– Ал кишини сизден башка да таанып-билгендер барбы?
– Жакындарынан атамдын бир тууган иниси Жумабек азыр Таласта жашайт. Иним бар. Апамдын көзү өтүп кеткенине 15 жылдай болуп калды.
– Курман болгон баатырлардын ичинде атаңыздын сүрөтү жок экен. Сизде сүрөттөрү болсо керек...
– Чынында, менде атамдын бир да сүрөтү жок.
– Апаңыздын жакындары менен катышасызбы? Ошол кишилерде сүрөттөрү бардыр...
– Жок, катышпай калганыма көп болду. Мен азыр алардын кайда жашап жатканын билбейм. Кабарым жок.

Эрлан жакын арада Орусияга атасын издегени бара турганын билдирди. “Чын эле ошол адам менин атам болуп калса жакшы болот эле”,- дейт ал.

СӨЗ СОҢУНДА
Учурда бул иштерди териштирүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, такталмай болду. «Бул маалыматты мен өз каналдарым аркылуу тактадым» деп парламент жыйынында сөз кылган эл өкүлү Алтынбек Сулайманов менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Биз 7-апрелде курман болгондорго шек келтирели деген оюбуз жок экенин баса белгилеп, маалымат каражаты катары бизде эле эмес, көпчүлүктө төмөнкүдөй суроолор жаралышы толук ыктымал деген пикирдебиз. Орусияда иштеп жүргөн жигит чын эле ошолбу же башкабы? Эгер ал адам чын эле өлдү аталган киши болуп чыкса, анда «Ата-Бейитке» коюлган адам ким? Аны издеп таппай жүргөн туугандары үмүт менен күтүп жүрүшкөндүр... Бул кимдин катасы же акча алуу максатында атайылап жасалган ишпи?

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg



Эки экс-президенттин Кыргызстанга кайтып келишине кандай пикирдесиз?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(29)
08.04.2011. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аянычтуу жана таң калычтуу окуя экен, тирүү болсо жакшы, өмүр деген 1млн сомго сатылбайт-кедей өтСөң да жашаган кандай сонун,жан деген жан.
08.04.2011. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынбы калпбы билбей калдым...акча учун баарын жасап жатышпайбы азыр.
08.04.2011. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Себеби, окшош экен, апрель окуясынан кийин кайда кеткени белгисиз дегени кандай?
Апрель окуясына чейин иштеп жургон болсо, ошол окуядан кийин билет алып кеткендир да, аны балдары кандай билбей калды? Белгисиз тарапка кеткен болсо, милицияда заявлениеси болуш керек балдарынын атасынын кабары жок кеткени, же уйдон чыгып кетиши.Эх, биздин милиция артта калган,бала бакчадагылар и то баарын сезип, билип турушат.
SUPER.KG видео
08.04.2011. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар бир адамды жамандап экинчисин соссуз мактайбыз эмне учун билбейм
менин досум депутаттарга шафер алардын кайф кылганын айтып берсе ыйлагын келет
09.04.2011. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча учун жасалган деп ойлойм. Аялы олгон, баласы 2008 жылдан бери издеп журсо,иниси да Таласта болсо катташпаса анда акча жасады дегенден башка соз жок.
SUPER.KG видео
09.04.2011. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akaev kelebi kelbeybi,al uje pensionerda))),a vot Bakiev keliw kerek oz gunosunun baarin moyununa aliw u4un,birok al albette kelbeyt antkeni al korkok,baarinan dagi ozun jakwi kororun ozunor dele bilesiner,tak 4to ani karmay albagandan kiyin,lu4we voobwe ele soz kilbay ele koyuw kerek..nervin tin4iraak bolot zato! owondoi adam emes kafir u4un jindenip nerfti korotku4akti,oiloboi ele,aldiga jilganibiz on,jamandikti artka salip!
09.04.2011. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тиги 25 жаштагы бала баарын алдап кетиптир..кантип ушундайга барды..мумкун баласы да эмес чыгаар...мунун баарын эми такташ керек гоо...
09.04.2011. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай тан калычтуу окуя экен , акча учун адамды да олду деп чыгышабы тобо адамдарга тан каласын,эмне дешти деле билбей калдым.
SUPER.KG видео
10.04.2011. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bakievdin kelishin, buturboi kalgan ishterin buturushun kaalaim. Al emi Bakievdin 87 adamdyn olumuno joop beruusun kaalaim.
11.04.2011. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тууй ата ушуну даагы эле билбейсинерби? КЕТСИНстанда өлгөн адамды тирүү кылып коюшат,тирүү адамды өлүкда кылып коюшат проблемасы жок эле.Бийлик курал эле болсо болду баары боловерет.Мындай ыкманы Кашкыр Акаеп,Шакал Бакиеп андан кийин Матамбаев,Тезекбаева,Феликс Хуыйлоф,Хуыймчы Ташка,Мөмүрвек Баваноф,Мөөмүрвек ЭчкибаеФтердин ачык пайдаланган.Шайлоодо кордүк кантип ууру-кескиндердин келгендерин.Өлгөн ад
11.04.2011. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу zulya, комментарий жазууда атайы эрежелер бар. Жалаң баш тамга менен жазылган сөздөрдү жазууга болбойт. Комментарий жазып жатканда оң тарабыңыздагы эрежелерге көз жүгүртүп коюңуз. Рахмат.
11.04.2011. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир Сакен мынтип жазып коюптур:"Кыргызстанда эл баатыры деген наам алуу 200 сом. Митинг болгон күнү тамактан жеп,арактан ичесин. Анан ошол митингде өлбөй калсаң 200 сомдуу болосун.Эгер,өлүп кетсең Эл баатыры болуп каласын". Муну окуганда жүлүнүң сыздап,күйбөгөн жериң күл болот.
11.04.2011. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А.Акаевдин келишине каршы эмесмин (ал киши куноосу деле жок деп эсептейм) (олум житим болгон жок деп ойлойм)
Бакиевдин камалышына 100 % кошулам.
М.Эшимкановдун оюн сурабай эле койсонор болмок (Бакиевдин кишиси болуп журбоду беле кошоматтанып)
11.04.2011. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи, элдин "күңк-мыңкы" туура чыгат. Жетисинде каза болгондордун айрымдары жол кырсыгынан же башкадан каза тапкандар да кошулуп кеткен" деген сөздүн учу эми чыгып бараткандай. Тирүү турбайбы, бул киши. Азыр башпрокуратура баласы менен байланыша албай жатыптыр. Миллионду давно иштешип койгон неме качты да коркконунан. Дагы ким билет, суроту жок "баатырлардын" канчосу тирүү экенин
11.04.2011. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаевди жонокой адам катары айайм.Ал байкуш киши илимпоз болуп эле жашай берсе болот,ал киши таптакыр саясатчы эмес.анын атарабындагылардын гана жасаганы го деп ойлойм.Бул менин журогумдогу гана соз.
11.04.2011. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апрел окуясына келсек.Бир кудай гана таразалайт,ар кимибиздин журогубуздо кичине болсо да адилеттуулук болгон болсо туура же туура эмес жасагандарын билебиз.Мен уялам бардыгын баатыр деп айтуудан,кылган кызматынар акталса экен келечекте.бардыгыбыз ой токтотуп ойлонсок эмне болгонун жана эмне болуп жатканын,ушул азыркы жашоонор татыктуубу...менин жашоом эч кандай озгоргон жок,тескерисинче кыйындап жатат го,моюнга алсанар
12.04.2011. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх адамзаты ушул кыска омурдо кандай гана жоруктарды жасашат.Кийин Алланын алдына барганда жооп беришти ойлошот бекен.Акча,дунуйо бул шайтандын азгырыктарын сезишет бекен.Атин дейишпесе экен!
13.04.2011. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай окуялар толтура экен:
1)шейит кеткендкердин так санын азыркыга чейин такташа элек(ММКтар кээ бирлери 87адам, 86,84, эми 91 адам деп журушот,ушундай кантип болсун!!!!)Бул деген тарыхка кирчу нерсе го!!
2)Шейит кеткендердин баарына эле батир бериле бербептир. Окмот бир нерсени жасаса тен жасабайбы, же "вообще" жасабай койбойбу.
3)Мээсине ок жеген баланын "заключение"сине "УШИБ" деп жазыптыр!!!эми айта берсен чыга берет. Баарыбызга Алла Таала ыйман берсин!!!
13.04.2011. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
26-катардагы олгон бомждун ордуна ким комулгон ,,,эгер башка бироо комулгон болсо ал чыныгы бомж экенда тууган-уругу жок ,эч ким издебеген охоооо эми ачыкка чыгат окшойбуз,,,тушунуксуз,,
13.04.2011. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстанда паспорт алыш оной, учурдан пайдаланып кеткендерди эч ким аныктай албайт. так что бары кунолуу и бары куносуз. жашоо .... жашоооо. и жашоо..........
14.04.2011. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр шейт "шахид" деген соз мода болуп калган окшойт ыя?
Шахид деген соз озу Алла Таалам учун деп согушта олгон чыныгы мусулман адамдарды айтышкан. Бул куранда жазылган.
Жаткан жерлери жайлуу болсун, бирок мен апрель окуясында курман болгондорду баатыр деп эсептебейм. Эсептей турган болсом, анда оштогу окуяда курман болгон эр азаматтарды да эсептеш керек! Бирок баатырлыкты беришкен жок да, себеби Ошто согуш болду, революция эмес!
SUPER.KG видео
14.04.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис агабызга, калп эле создор менен ойноп мен айткам, мен билгем деп калбасаныз.
Жанындагылар сатат дегениниз туура болду, ага даана озунуздун кылган ишиниз мисал. 87 адам омурун (буюртма олумдорду кошсон андан коп) алып коюп кайра келгенге кандай укугу бар.
Кечиримдуу болуш керек дейсиз, кыргыздан кечиримдуу калк жок го, бирок алардын кандай укугу бар кайтып келгенге.
14.04.2011. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунуздор жыйынтык чыгара бериниздер: Бийлик талашуу революциясына катышып кайтыш болгондор баатырдык наамды алса, эки улуттун согушунда курман болгондор албаса, Демек, бул Кыргызстандын келечеги, байлык жана бийлик чечет дегенди билдирет! Иши кылып, бийликте турган биздин саясатчыларыбыз аман болушсун! Алла Таалам озу гана чечет ким ак жана бейкуноо!
Алла Таалам Кыргызстандыктарды озу колдосун!
14.04.2011. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле тиги бала жон эле акча жазап кеткен сыяктуу энем жок туугандарым менен да катышпайм суроту да жок деп атканына караганда, эгер чын эле тируу болсо иликтеп таап териштиришпейби ушунча эле кыйынбы эмне, адамдар кудайдан коркпой калышты го
SUPER.KG видео
14.04.2011. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаев бул саясатка аралашпаганда дуйного таанымал окумуштуу болмок,биз качып кетсе эле жаман жерин эстей беребиз,канчалаган жакшы иштерди кылган.Мунун жооштугунан жана уй-булоосу начар болгондуктан ишине тоскоол болду деп ойлойм.Акаев келсе мен колдойм...
SUPER.KG видео
27.04.2011. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россия берген 30000000$ акчаны Отунбаева эмнеге иштетти,Путин м-н Медведев Ош менен ДЖты столица кылып коюшат еле,мына 1жыл болду дагы еле ОШ мн ДЖ ошол бойдон.элдер дагы еле палаткада и школдо жашап журушот, азыр КРдын эли билбейт журушот что Отунбаева тоже готовиться учунчу экс-президент болушуна!!!!
SUPER.KG видео
10.09.2011. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаев илимдуу адам анын Кыргызстанга кылган эмгегин дa баaлаш керeк
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: