«СУПЕР-ИНФОНУН» ДОСТУК БАГЫ

№441 15-21-апрель, 2011-жыл


“Ататүрк” сейил багында шаарды жашылдандыруу максатында ишембилик уюштуруп, “Супер-Инфо” гезитинин жана www.super.kg сайтынын колдонуучулары биргеликте бак тигип, Достук багы деп атадык.

БИР БАК ТИКСЕҢ, МИҢ СООП АЛАСЫҢ
9-апрель күнү WWW.SUPER.KG сайтынын колдонуучуларынын демилгеси жана биздин редакциянын каржылоосу менен шаарыбыздын эртеңине кайдигер карабаган жарандардын катышуусунда ишембилик өткөрдүк. Анын алкагында “Ататүрк” сейил багынын түштүк тарабындагы мурда кыйылып жок болгон дарактардын ордуна 90 түп ясень, мүрөк дарак жана арчанын көчөттөрү отургузулуп, ал аймак “Супер-Инфо” гезитинин жана www.super.kg сайтынын колдонуучуларынын Достук багы” деп аталды.
Бул иш-чарага уюштуруучулардан тышкары Жаштар министри Алиясбек Алымкулов, алпаруучу Эрмек Нурбаев, ырчылардан Ильяз Абдыразаков, Гүлзинат Суранчиева, Каныкей жана "Тумардын" ди-джейлери Лейла менен Аслан да күрөк кармап жардамын аяшкан жок. Иштин жүрүшүндө катышуучулардын кээ бирлери созолонто ырдап, бири-бирин тамашага салып, шаңдуу иштеп, жагымдуу маанай тартуулаганга да үлгүрүштү. “Бир бак тиксең, миң сооп аласың” дегендей, арык чаап, тегерек-четтеги таштандыларды тазалап жатканыбызды көрүп, ары-бери өткөндөр: “Азаматтар! Силерди Кудай колдоп, өмүрүңөр арчадай узун болсун”,- деп жасап жаткан ишибизге ыраазычылыктарын билдирип жатышты.

ЖАКШЫ ТИЛЕК – ЖАРЫМ ЫРЫС
Көчөт тигүүнүн алдынан бата тилеп, ата-бабалардын салтын улай кой союп, казан астык. Эт бышканча редакциянын жамааты менен сайттын колдонуучулары дасторкон четинде таанышып, кызыктуу оюндарды ойноп, кеңири баарлаштык. Салттуу бешбармактан соң баарыбыз алакан жайып, “келечекте шаар тургундары коноктору, үй-бүлөсү, достору менен келип эс ала турган көлөкөлүү жайга айлансын. Мындан кийин биз дагы бирге болуп, достугубуз бекемделсин, Кыргызстанда тынчтык болсун!” деген тилектер айтылып, бата кылуу менен ишибизди жыйынтыктадык.

БИЗ ЖАШЫЛ ШААР ҮЧҮН!
Жол жээктери, сейил бактарынын ичи кызыл-тазыл гүлдөргө толуп, бак-дарактарда куштар сайрап турса кандай жагымдуу. “Тазаланган эмес, таштанды төгүлбөгөн жер таза” деген сөз бар. Андыктан көчөнү да өз корообуздай көрүп таза кармасак, Бишкегибиз “жашыл шаар” деген атагына кайрадан ээ болот деген ишеничтебиз.

КӨЧӨТ ОТУРГУЗУУНУН ЖОЛДОРУ:
1-кадам
Көчөттүн тамырына жараша тереңдиги 50-80 сантиметр кылып чуңкур казабыз.
2-кадам
Даяр болгон чуңкурга көчөттү салабыз. Көчөттүн тамыры жерге тийбей, ортодо бош болуусу кажет. Ал үчүн аны чуңкурга салганда, жерге тийгизбей кармап туруш керек. Андан кийин топурак менен көмөбүз.
3-кадам
Көмүп бүткөн соң үстүнөн нымдуулук жакшы сакталуусу үчүн бут менен таптап, казылган жерди тегерете кырдап чыгабыз.
4-кадам
Кырдап болгондон кийин үч-төрт чака суу куюп коёбуз.


«Супердин» сурак бурчу

БИШКЕКТИ “ЖАШЫЛ ШААР” ДЕГЕН АТАЛЫШЫНА
КАЙТАРУУ ҮЧҮН КАНДАЙ САЛЫМ КОШО АЛАСЫЗ?

Таабалды Эгембердиев,
ишкер:

– Ар бир уюм, компаниянын жана жеке турак жайдын ээлери өздөрүнө караштуу жайга бак тигишсе эле, шаарыбыз кооз болуп калат. Мен болсо “Супара” этникалык комплексинин тегерегине 100 түп карагай жана 500 ар кандай көчөттөрдү отургузуп жатам. Бирөөнө акча берип жасатпай, баарын өзүбүз жасашыбыз керек.

Алина Жетигенова,
ырчы:

– Сейил бактарды оңдоп- түзөөнү колго алсак, ошондо Бишкек "жашыл шаар" деген аталышына ээ болот. Өзүмдү айтсам, көчөдө баратканда таштандыларды алып урнага салмай адатым бар. Жалпы тургундар чогулуп шаарды жашылдандыруу боюнча иш аткарабыз десе, мен да даярмын.

Закир Коомбаев,
"Жашылдандыруу жана курулуш" ишканасынын директору:
– Биздин ишкана көчөттөрдү тигип, жашылдандыруу иштерин алга жылдыруу боюнча атайын акция өткөрүүдөбүз. Анын алкагында көчөттөрдү шаардык мекемелерге бекер таратып, аларды тигип, өстүрүүнүн жолдорун үйрөтүү менен алекпиз.

Мухтарбек Өмүракунов,
“Замандаш” партиясынын лидери:

– Бишкек башка чет жердеги шаарларга салыштырмалуу жашыл шаар. Ушуну сактап калышыбыз керек. Мэрия жашылдандыруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгып, ишканаларга, партияларга аймактарды бөлүп берип, өз каражатыңар менен көрктөндүрөсүңөр десе, биз колдойт элек.

Карганбек Самаков,
ЖКнын депутаты, "Ата Мекен" фракциясы:

– Бир кезде Бишкек Киевден кийинки эң жашыл шаар эле. Кийинчерээк көңүл бөлүнбөй, бак-дарактар куурап, шаардын кунары кетип калды. Кайра мурунку абалына келтириш үчүн ар бир шаардык бирден көчөт отургузса эле жетиштүү болмок. Мен өзүмө тиешелүү мекемелерге 500 түп көчөт тиктим.

Замира Молдошева,
стилист:

– Бактарды, гүлдөрдү көп-көп отургузсак, борборубуз көркүнө келет эле. Бул үчүн мэрия шаар ичинен бир аймак бөлүп берсе, биз, шоу-бизнес өкүлдөрү да ал жерди өз күчүбүз менен жашылдандырууга даярбыз.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg



Репортаж - "Супер-Инфонун" достук багы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(21)
15.04.2011. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыздар Супер Инфонун жамааты жана форумчу досторум!Багыбыз когоруп берсин эми оомийн!
15.04.2011. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизди деле чакырып койбойт беленииздер болгондо да менин уйумдун алдында эле болгон экенсиздер сиздерди коноко чакырмак экен элем барып 15 минут болсо деле жардам бермекмин же СУПЕР ИНФОго биздин жазган коментарийлар жакпайт окшойт ээ
15.04.2011. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу jua!
Башкасын айтпайм, бирок бул комментарийиңизди "жөн эле" асылмай катары бааласа болот. Бул акцияга СУПЕР-ИНФО эч кимди персоналдуу түрдө чакырган эмес. Андыктан 15 күндүк банды өзүңүз суранып алдыңыз.
SUPER.KG видео
15.04.2011. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай сонун, абдан активдуу иш-чара, азаматсынар "Супер Инфо" жана форумчулар! Негизи жаштар кай-жерде болбосун активдуубуз, алга кыргыз жаштары жана "Супер Инфо"! Мен да бармакмын, бирок мекенимден бир-топ алыстамын, алыста болсок да биз силер менен мекендештер!
SUPER.KG видео
15.04.2011. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай сонун эсте калаарлык кун
16.04.2011. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо,форумчулар азаматсынар!эн жакшы.дагы да ушундай кубантаарлык,ийгиликтуу иштерди жасай бергиле.бар болгула.
SUPER.KG видео
16.04.2011. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Репортаж кызыктуу болуптур! Бар болсун биздин бак!
16.04.2011. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsinar dostor,kolunar dert korbosun,japjashil bak bolup tursa Bishkek Bishkek uchun emes,KR uchun da bir suluuluk,antkeni al bizdin borbor shaarıbız!
Juaga ban emes eskertuu bersener bolmok,baykush jardamim tiybey kaldi dep okungon eken,mumkun kabari jok bolso kerek,ar kim chakırıldı dep oyloso kerek da,kantse da katuu ketipsiner.
16.04.2011. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына бул-башкак кеп!!!
16.04.2011. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар ФОРУМЧУЛАР!ЖАсаган колунар дарт корбосун!!!АЯбай кубанаарлык иш!!!
17.04.2011. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттин, силердин аранарда мен жокмун. Айткандай эле жер семирткич менден го. Мен учун дарак отургузган USSR чон рахматымды айтып откум келди.Козумо жаш тегеренип да кетти.
SUPER.KG видео
17.04.2011. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун! Супер инфонун Достук багы кылымдарга жашасын!
18.04.2011. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsinar...tikken baktar osup ketsin....
18.04.2011. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super infogo jana katuuwu4ularga 4oon alkyw ! abdan yraasy boldum!ar dayim bar bolgula!oorubagyla.
19.04.2011. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат.... жакшы жоролго!
SUPER.KG видео
19.04.2011. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барып келгендей эле болдум :)
Бак-дарактар гулдоп осуп, суперстандыктардын жолугушуу, эс алуу жайы болсун!
19.04.2011. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бак тигуу -сооп иш. Чырпык чынар болуп жетилсе, достук багында далай жаштар сейилдеп серуундоосо силердин кошкон салымынар, аткарган ишинердин онунан чыкканы эмей эмне!
SUPER.KG видео
20.04.2011. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар супер инфо....алга!!! форумчулар да азаматсынар..
23.04.2011. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жол алыс ай болсо кантейин дегендей барбаганыма өкүндүм да.Азаматсыңар Суперчилер!Багыбыз көгөрүп сейил жана достук багына айлансын!
SUPER.KG видео
24.04.2011. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы!!!!!
Модератор info түзөттү 25.04.2011 03:44
SUPER.KG видео
14.07.2011. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу форумчулар!Азаматсынар Достук багын суугарып жатасынарбы?+39 гр ысыкта куурап калбасын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: