ПРЕЗИДЕНТТИК ТАЙМАШ КИМДЕРДИН ОРТОСУНДА ЖҮРӨТ?

№442 22-28-апрель, 2011-жыл


Роза Отунбаеванын ажолук доору 2011-жылдын 31-декабрында бүтөт. Андыктан Ак үй менен Көк үйдүн кабинеттеринде, аймактарда президенттик шайлоого карата кызуу даярдык башталды. Баш прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболовдун кызматтан алынып, өлкө башында турган эки-үч инсанга карата оор айыптарды айтышы шайлоого даярдыкты бир топ жандандырып жиберди. Ким президент болот? Учурда жалпы Кыргызстан элинин көңүлүн ушул суроо кытыгылап турган кези. Саясий оюндарга кылдат баам салып турган тарыхчы, саясий серепчи Табылды Акеров менен баарлашып, алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу кызыктуу жоромолун эшиттик. Аны менен сиздерди да тааныштырмакчыбыз.

ШАЙЛОО КАНДАЙ НЕГИЗДЕ ӨТҮШҮ МҮМКҮН?
“Ким президент болушу мүм­күн?” деп баш катыруудан мурда шайлоонун өзү тууралуу кеп кылгым келет. Мына, революциядан кийин Конституция кабыл алдык, президентти, парламентти шайладык, демократиялык багытты бекемдедик. Эми алдыда турган президенттик шайлоону да татыктуу өткөрүп алууга аракет кылышыбыз шарт. Менимче, шайлоо 2 негизде өтүшү ыктымал:
Биринчи негиз, Кыргызстан коомчулугу баягы Акаев, Бакиев тушундагыдай эле чачыранды болуп, 40ка жакын талапкерди чыгарып, шайлоону уруу-уруу, жек-жаат болуп бөлүнүү жолунда өткөрүшү мүмкүн.
Экинчи негиз, тиги Европа, Американын тажрыйбасындагыдай күчтүү эки талапкер чыгып ат салышса, кимиси утса, ошонусу президент болушу мүмкүн. Азыр саясий чөйрөдө саясатчылардын Атамбаевдин тегерегине ыктай баштаганы байкалууда. Мына, “Ар-намыстын” 10 депутатынын мыйзамсыз болсо дагы коалицияга кошулуу ниетин ачык билдиргендери бул ойду бекемдейт.
Ушундай эле күчтүү экинчи фигура – Өмүрбек Текебаев. Бул кишинин тегерегине да бир топ саясатчылар чогула башташты. Албетте, күзгө чейин бир канча убакыт бар. Бирок мен ойлойм, саясаттагы негизги күчтөр, оюнчулар ушул экөөнүн тегерегине топтолушат. Кимиси утары багынан, анан буйруктан болот.
Эгер шайлоону ушундай негизде өткөрүүгө кудуретибиз жетсе, анда Кыргызстан үчүн өтө чоң жеңиш болор эле. Мындай таймаш көп нерсени өзгөртөт. Экөө тең революциянын негизинде бийликке келишти, элге демократияны беришти. Андыктан экөөнү тең эл жакшы кабыл алмак. Андайда эл “сен акаевчисиң, сен бакиевчисиң, сен революциячысың” деп бөлүнмөк эмес. Экөөнү кыргызбы, өзбекпи, тажикпи, дунганбы, баары бирдей кабыл алып, чыныгы атаандаштыкка негизделген нукура шайлоо өтмөк.
Кийинки президенттик шайлоолор да ушул нукка түшмөк. Анан айыл-айыл болуп шайлоодо чабышуулар, ага-ини болуп “тигини колдо, муну колдо” деп мушташуулар, “биздин бала” деген негизде кокту-колоттук бөлүнүү токтомок.

РОЗА ОТУНБАЕВА
– Кыргызда аялзатынан чыккан биринчи президент Роза Отунбаеваны “коалицияны уратып, ЖКны таратып, президенттик мөөнөтүн узартып алмакчы” деп айыптагандар да болду. Бирок ажо кийинки мөөнөткө барбай тургандыгын баса белгилеп айтып келе жатат. Ал “кийинки мөөнөткө барам” деген күндө да саясий абал мүмкүнчүлүк бербейт. Ошондуктан, менимче, Отунбаева өз сөзүнө туруп, президенттикке ат салышпайт болушу керек. Барбаганы кыргыз эли, келечеги үчүн да жакшы. Анткени ага ушундай негизде ыйгарым укук берилген, вазийпа жүктөлгөн, кийинки президенттерге үлгү болсун деген ниет коюлган.
“Ажолуктан кеткен соң Отунбаева БУУ сыяктуу үлкөн уюмдардын бирине жакшы кызматка барат” деген имиштер бар. Болушу мүмкүн. Анткени Роза айым эл аралык уюмдардагы ири кызматтарды аркалап келген. Иш тажрыйбасы да, аброю да жетиштүү.

ӨЗ КҮЧҮН СЫНАП КӨРМӨКЧҮ БОЛГОНДОР БАР
– Саясий чөйрөдө дагы бир топ саясатчылардын “өз күчүмдү сынап көрсөм” деп белсенип тургандары байкалат. Бирок алардын тегерегине Атамбаев же Текебаевдин деңгээлиндегидей топтордун үймөлөктөшкөнү байкалбайт.
Алсак, Адахан Мадумаровдун президенттикке ат салышары анык. Ооба, ал кишинин капчыгы жукараак. Бирок түштүк электоратына таянат. Камчыбек Ташиев болсо “президенттикке ат салышпайм” деп айтты. Бирок саясатчы катары учурдагы абалга баа берип, байкап турат. Шайлоо жакындаганда акыркы чечимин билдирет. Бул адам да түштүк электоратынын колдоосуна таянат. Ошондой эле Марат Султанов президенттикке ат салышмакчы. Темир Сариевде да ушундай ой бар деген пикирдемин. Феликс Кулов болсо талапкер катары эмес, кайсы бир талапкерге сүрөөнчү катары катышышы мүмкүн.
Эми Бабановго токтолсок. Менимче, бул мырза да саясий абалга карап иш кылат. Эгер негизги талапкерлердин, айталы, Атамбаев же Текебаевдин баркы түшүп, эл кабыл албай баратса, анда ат салышышы мүмкүн. Бирок андай болбойт деп ойлойм. Анын Атамбаевдин командасында болору анык.
Азимбек Бекназаров мамлекеттик кызматкер катары президенттикке ат салышпайт. Андыктан утуп чыгууга реалдуу мүмкүнчүлүгү бар топту колдойт. Менимче, Атамбаевге ыктайт.

"ОЮНДУН" СЦЕНАРИЙИ ӨЗГӨРҮП КЕТИШИ ЫКТЫМАЛ
– Бир нерсени эстен чыгарбашыбыз керек. Бакиевдер да, Акаевдер да Кыргызстанда өз таасирин жоготпой, балким, реабилитацияланып кайтып келүү үчүн шайлоого түздөн-түз аракет кылышы мүмкүн. Мына ушундай "оюндар" башталса, анда жогоруда айтылган формула – Атамбаев-Текебаев таймашы бузулат. Алар мурун өздөрү чогуу иштеген бир саясатчыга ставка коюп, акча берип, айланасына өз кадрларын чогултуп, жанагы формуланы бузуп жибериши мүмкүн. Андыктан Кыргызстандагы саясатчылар мындай амалдарга алданбай, негизги эки фигуранын айланасына топтолушса, Кыргызстан үчүн эң маанилүү этаптан өтмөкпүз. Мындайча айтканда, саясатчылардын баары ушул шайлоого акча менен эмес, күч менен эмес, акыл менен, түшүнүү менен мамиле кылса, коом да, мамлекет да утат деп ишенем.

ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ӨТҮШҮ ДА ТОЛУК МҮМКҮН
– Азыр коомчулукта “президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтүшү мүмкүн” деген жоромолдор көп айтылууда. Эгер ушундай болсо, анда башкалар шайлоого жетишерлик даярдык көрө албай калышат да, Атамбаевдин утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Негизи, саясат өтө опурталдуу. Ар кандай кызыкчылыктар кагылышат. Акыркы күндөрү парламентте болгон окуяларды, мушташтарды мисал кылууга болот. Ошондой эле башкы прокурор кызматтан алынган соң так фактылары берилбесе да, бир топ былыктардын айтылып кетиши айрым саясатчылардын аброюн төмөндөттү, элдин ишенимин солгундатты. Бийликтегилер бурчка такалып калышты десе болот. Андыктан Жогорку Кеңештеги баш аламандыкка шылтоолоп президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда жарыяланып кетиши мүмкүн. Парламенттик шайлоо көрсөтпөдүбү. Анда да революциячыл партиялар “эртерээк шайлоону өткөрүп, парламентти калыптандырып алалы” деп шашышкан. Ал кезде Отунбаева президенттикке келген болчу. Бирок президент жана анын аппарат жетекчиси негедир парламенттик шайлоону кечеңдетип туруп алды. Ал ортодо айрым партиялар өзүн жарнамалап, элге таанылып, коомго таасир берип алган соң шайлоо жарыяланды. Жашырганда эмне, ошол учурда абдан аброю артып турган “Ата Мекен” партиясынын рейтингин солгундатуу, башка партиялардын деңгээлин бир аз көтөрүп алуу аракеттери болду да. “Ата Мекендин” добуштарын берки партияга алып бериш үчүн ошондой ыкманы колдонушту деп ойлойм. Бул жолу деле бийлик өз күчүнө ишене албаса, кайрадан мындай ыкмаларды колдонушу мүмкүн.


Жылмайып коюңуз!

Президенттик шайлоо алдында талапкерлер эл менен жолугушуу өткөрүшүүдө. Талапкерлердин бири сүйлөп жатат:
– Буюрса, Кыргызстан өнүгөт. Биз жакшы жашайбыз! Мингенибиз Лексус, жашаганыбыз особняк болот!
Анда бирөө унчугат:
– Силердин жашоо жакшы болорун билебиз. А биз качан жакшы жашайбыз?

Шаиста Шатманова
koom@super.kg



Өнөктөш өлкөлөрдүн кайсы бири Кыргызстанды чын дилден колдойт?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(21)
25.04.2011. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men mina jazdim kat
25.04.2011. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суротордогу (эркектерге ммм????!!!) аттарын атаганга желание да жок...ПРЕЗИД...болгонго вообще татыктуусу жок...
25.04.2011. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул макала негедир бир жактуу жазылгандай сезим калтырды...Неге Мадумаровду эмитен эле жамандай баштады дейм да..."Түштүк электорат"-неге бөлүнүү, баштала электе эле???
25.04.2011. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kom сизге кошуламын. Чындыгында бир жактуу болуп жазылыптыр. Мадумаровго эмитен эле жамандоо башталды десек болот. Адахан мырзанын тили эле бар деп жамандагандар да бар. Кокурокту ойуп жатса тилге чыгат да. Супер инфонун оздорундо эле байкалып турбайбы Мадумаровдун эн алдынкы баскычта турганы. Эл менен жолугушса да жамандашат. Шайлоого жакын элге жолукса ушундайда гана келесинер дейбиз. Ушундай коро албастыкты, тундук-туштук болуп болунгонду токтотпойлубу мекендештер. Келечегибизди ойлонолу.
SUPER.KG видео
25.04.2011. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
echkim koldoboyt! KYRGYZDY KYZGYZ koldoshu kerek
26.04.2011. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да кошулам болунот дегенге кыргыздар качан болунгонду койобуз же кореядай экиге болунуп жашайлык анда туштук кыргызстан дароо эле онугуп кетет болуш керек биз ич ара болуно берсек бизди коргон башка улуттар кыргыздарды сыйлабай койушат биринчи депуттарыбыз болгонду койуш керек. конгон адат калабы демекчи кыргыздар ынтымактуу жашай албаса керек барибир каныбызда барда. бул учун президент катуу озунун козомолуно алуу керек болунгонду бору жейт
26.04.2011. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адахан аками менчелик жакшы билбеген адам жок болсо керек. Адахан акам убагында Озгон районунунан 15 жыл депутат болуп шайланып келди. Буудай кууруган тилинин кучу менен саясатта оз ордун тапты. Акаевди аччууу создор менен сындап, Бакиев премер болуп турганда жердин саткан Акаев экоонор эненерди саткан менен барабарсынар дегендей ачуу создорун айткан. Кийин Бакиев акаси Президент болгондо Вице-премер болуп эмнени кыйратты? Пенсия жашын жогорулатыш крек деп чыкты. Андан кийин Мам.Катчы болуп эмне
26.04.2011. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфонун негиздоочусу Ата-Мекен партиясында, конечно жамандайт азыртан, даана байкалууда, Адахан Кимсанбаевич президент болот, коркушуп жатат баары!Эн татыктуу талапкер, 100% отот кудаа каласа!
26.04.2011. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LIVER сиз эн эле туура айтасыз. Адахан Кимсанбаевичтен коркушат. Адахан мырза буйруса сиз айткандай эле 100% отуп кетсе келечеке болгон умутубуз жанданмак. Тили менен эле журот дегендер Адахан агабыздай элдин койгойлорун айта да албайт. Ошондуктан коро алышпайт. Анан дагы мендей жакшы билген адам жок дегендери куйдурот да. Адахан мырзаны Аллах колдосун!
26.04.2011. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мадумаров президент болбосо онукпойбуз,так что ойлонгула кыргыздар!
27.04.2011. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адахан Кимсанбаевич менимче президенттик мамлекет болушун каалайт. Демек кайра эле байагы таз кейпибизге келип калбас бекенбиз, эгер ал "100 %" отсо. Ким ойлоду эле Бакиев президент болгондо туугандары жайнап кетет деп. А ким кепилдик бере алат кайра президенттик мамлекет болсок ошондой болбойт деп? Балким парламеннтик олко болуп да 5 жыл жашап корбойлубу, онолуп кетээрбиз. Негизинен ойлонуп иш кылалы дейбиз дагы шайлоо жакындаганда эле баарын унутуп жек-жаат болуп болунуп баштайбыз кыргыздар.
27.04.2011. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карап турсам жакшынакай эле болунбойлу деп атасынар,анан башка бир форумдарда же беттерде биринердин бетинерди ит-мышык болуп каласынар!? Тушунбойм!?Кыргыздын таарыхынан деле коп окудунар, ушул нерсе биздин оору экенин.Адамдар бар ага турткон. Анча мынча биттерге тенелинп койногубузду орттобойлучу! Кыргызстандын мандайына жазган адам болот да.Баштагылар деле жакшы эле адамдар болчу бирок кыргыз болгондон кийин жумшактык кылып анын айынан бизди да озун да кыйнап койду! Эми кучтуу адамды шайлайлы!
28.04.2011. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мадумаров олкону ондосо мурун эле ондобойт беле, жок дегенде элге жардам берип элге эмгектери синсе, биз ал кишини кантип которо албайбыз. кыргыздар туура шайлагылач. кайдагы 1-2 сомго алданбай, же туугандык кычыкчылыгынар учун эмес.
SUPER.KG видео
29.04.2011. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Урматтуу тугандар, мындай да, бизди Америка (АКШ)колдойт. Себеби биз аларга бакыт кушубуз, аларга коз карандыбыз. Алар каалаган маалда биздин олко аркылуу каалаган мамлекети менен согушалат. Америкага баш ийишибиз керек. Биздин келечек - АМЕРИКА... Керек болсо Америка бут дуйнону башкарат.Мына мисалы, Иракты жок кылдыбы ооба, Ливияны талкалап жатат ко,мынаке туугандар Америка кучтуу. АКШ дайыма кыргыз эли менен...Мисал, Америкага ГАНСИ базасын бердик, что жалко что ли нам.
01.05.2011. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sporim Adahan AKA president bolboit...
SUPER.KG видео
06.05.2011. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Strong Man, СЕН Америкалык (США) кинолорду насмотрелся. СЕНИН айткан созун сенин БИЛИМИНДИ томон экенин корсотуп турат. СЕН айтканда
SUPER.KG видео
06.05.2011. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Strong Man, СЕН Америкалык (США) кинолорду насмотрелся. СЕНИН айткан созун сенин БИЛИМИНДИ томон экенин корсотуп турат. СЕН айткандай, США ИРАКты жок кылды, Ливияны бомбалап жатат, Афганистанды да ээлеп алды. Бул жок кылган олколордон США озу каалаган нерселерде кылып жатат. "Демократия" шылтоосу менен ал коп олколурду жок кылып жатат.
SUPER.KG видео
09.05.2011. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kgbalа, менин билимим сеникинден жогору десем жанылышпайм!Сен биринчиден мен жазганды конул коюп оку. Сен такыр маанисине тушунбоптурсун. Менимче сен кыргыз эмес, "КИРГИЗ" окшойсун...
SUPER.KG видео
06.07.2011. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте Орус олкосу колдойтАлбетте Орус олкосу колдойт
SUPER.KG видео
03.05.2013. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар ким оз очогуна кул тартмай,баарысы оз пайдасын ойлоп жардам берип жатат ......
SUPER.KG видео
03.05.2013. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай суроолор анча олуттуу эмес, биринчи орунда соода бизнес турат, достук постук экинчи орунда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: