ТОЙ БАТА АЛУУ ЭМЕС, БАЙЛЫКТЫ ДАҢАЗАЛООБУ?

№443 29-апрель - 5-май, 2011-жыл


“Тойго келгиле” деген сөздөр көп айтылып, кыргызбыз да, баштык-үштүктү даярдап жөнөп калабыз. Бирок той ченеминен ашып, чөнтөккө залал келтирип жаткан учурлар да аз эмес. Чындыгында эле акыркы акчасына той берип отуруп калуу туурабы? Бизге окшогон жарды өлкөгө ушул нерсенин кереги барбы? Кеп ушул тууралуу болсун.

(Биздин дебатка ЖКнын экс-депутаты Бегалы Наргозуев, Кыргызстан Мусулман дин башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Равшан Эрматов, актёр Азамат Арыков жана журналист Расул Усеналиев катышты)

– Саламатсыздарбы, коноктор, бүгүнкү темабыз тойго кеткен чыгымдар тууралуу болмокчу. Буга пикириңиздерди угууга даярбыз.
Бегалы Наргозуев: – Мен баары­ңардан улуу окшойм, ошон үчүн алгач сөздү мен алайын. Тойду кыргыздар бата алуу үчүн беришкен. Азыркы учурда атаандашуу үчүн той берип жаткандар көп. Илгертен келе жаткан салтты бурмалап, тойду жарышка айлантуу туура эмес деп ойлойм. Байлыкты башка жол менен деле демонстрацияласа болот го. Бери дегенде бир тойго 100 миң сом кетет экен. Ошол акчаны айыл жергелерине таза суу өткөрүүгө жумшасак, бул сооптуу иш болор эле. Той жарышын сооп жарышка жумшаганда пайдасы арбын болмок.
Расул Усеналиев: – Мен да сизге кошулам. Бирок кыргызда адамды акыркы сапарга узатууда деле ошончо акча кетет го. Ага караганда тойго кетип турганы жакшы эмеспи.
Равшан Эрматов: – Бул сурооңо мен жооп берейин. Негизи, каза болгондо той сыяктуу кылып мал союу таптакыр туура эмес. Эми тойго келсек, ислам дининде “ар бир нерсени өз кудуретиңе жараша жаса” делет. Жараткан мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча чыгымды мажбурлаган эмес. Болгон-тапкан, кээ бири өмүр бою чогултканын бир күнгө жетпей атаандашып тойго чачып салганы кантип туура болсун? Көрүп эле жүрөм, жаштар ата-энесине догун артып, урушуп-талашып жатып той уюштурганга мажбурлашат. Андан көрө ошол акчага “ата, мага жер тилкесин сатып бер” десе болот го.
Азамат Арыков: – Тойдо чыгым эле эмес, пайда да түшкөн учурлар болот. Ошондуктан бул жак тарабын да эске алсак кантет?
Равшан Эрматов: – Той аркылуу киреше жыйнагандар да жок эмес. Бирок ал байлардын арасында гана байкалат. Анткени алардын катышы чоң. Чоң акча менен бир жерге барса, ага да ошондой жооп бериши керек. Эми орто жашагандарга анчалык деле киреше түшпөйт. Анткени кафеге өткөрсө, анын жарымын жеп, жарымын салып кетишет. А бирок алып келген кошумчасы алып кеткен эмес, жеген тамагын да актабай калышы мүмкүн. Мындай учурда той ээсине эле зыян түшөт. Анткени тойду өткөргөнгө, артисттерге, тамадага акча кетирет.
– Демек, “тирүүчүлүктүн бейиши – той” деген сөзгө кошулбайсыздар...
Бегалы Наргозуев: – Илгертен­ бай-ма­наптар той берип, кембагалдар да ага катышып, тойдон ооз тийип, анан аларга жагынып ушул макалды ойлоп табышса керек. Ал эми азыр
21-кылым, башкача ой жүгүртүү керек. Акчаны желге кетиргендин ордуна ошол эле каражатты чет мамлекеттерге чыгууга жумшаса болот. Менимче, бул макал азыр актуалдуу эмес.
Равшан Эрматов: – Мен буга кошула албайм. Жер үстүндө тойдон деле башка жыргалчылык бар. Ысырапчылыкка жол бербей, үнөмдүү, акылдуу болсок, башка нерселерден да рахат алууга болот. Өмүр бою эзилип иштеп, анан бир күндө аны чачып салуу эч кандай бейиш эмес. Жердеги гана бейишти ойлобостон, акыретти да ойлоп, тиги жашоосундагы бейишти ойлошсо демекчимин.
Расул Усеналиев: – Жаштардын көз карашы менен айтканда, тойдун жакшы жактары бар экенин айта кетейин. Мисалы, мен да теңтуштарымдан калбай жакшы той өткөргүм, бата алгым келет. Бир гана жолу үйлөнөсүң, эмне үчүн ошону эсте каларлык кылып өткөргөнгө болбосун? Болгону, алына жараша иш кылса, ал адам эч качан кыйналбайт деп ойлойм. Байыртадан тойдун максаты жакындарын чогултуу, бата алуу болгон эмеспи.
Равшан Эрматов: – Эгерде чындап жакшы көрсөң, баш кошкон учуруң өзү деле эсиңде калат. Антип чыгым болуп эсте калгандан көрө ошол акчага кийинки пайдубалыңды түзөп алганың жакшы эмеспи. Үй-бүлөдөгү көп түшүнбөстүктөр жакырчылыктан келип чыгат. Аягы үй-бүлөнүн бузулушуна алып келет.
Бегалы Наргозуев: – Той таптакыр болбосун деп жаштардын үрөйүн учуралы дегенден алыспыз. Такыр эле той өткөрбөй коюу да туура эмес. Айтайын дегеним, ашыкча чыгым жумшабай деле элдин батасын алууга болот. Ал кеткен чыгымды жаштарга капитал катары бериш керек. Же үй сатып алууга жумшасын.
– “Кыргыз тою уруш менен башталып, сөгүш менен ортолоп, мушташ менен аяктайт” дегенге кошуласыздарбы?
Равшан Эрматов: – Мунун баарына арак, ичкилик күнөөлүү. Таң атпай ичкилик ичип алып, анан той башташат. Ичип алгандар сөзсүз түрдө урушушат, анан сөгүшөт, акыры мушташ менен аяктайт. Муну ким айтса да, туура баамдаптыр. Бирок менин айтарым, бардык эле той мындай эмес. Ичкиликсиз, уруш, сөгүш, мушташсыз деле өткөн тойлор аз эмес. Эгерде биз бири-бирибизди колдоп, шариат жолун жолдосок, эч бир жаман нерселерге учурабайбыз. Кечке тойлоп жүрө берип, түн бир убакытта молдо издеп калат. Баш кошуу салтанатында негизгиси – нике кыюу аземи. Ал эми түн ортосунда баласы да, кызы да мас болгондон кийин нике кыйылгандыгы – шариатка туура келбеген нерсе.
Азамат Арыков: – Жок, мен “тойлордун баары мушташ менен аяктайт” дегенге кошулбайм. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, бирөө-жарым болсо болгондур, бирок антип жалпылоого болбойт.

Той тууралуу ушундай бир канча пикирлер болду. Той берип, тойдун эртеси кырмычык кырып отуруп калган айрымдарга бул макала үлгү болсо деген пикир менен ойлорду жыйынтыктап, конокторубуз менен кош айтыштык.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg



Той бата алуу эмес, байлыкты даңазалообу?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(18)
02.05.2011. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Артында кыйналып калбагандай кылып, откорсо болот. Созсуз эле чачылыш милдет эмес, жаман уй жайытын бир кудо туготот болуп, бир кун эле жашабайсын да. Бир кунду эмес мин кунду ойлонуш керек.
03.05.2011. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushundai temany TV den,radiolordon bersenizder, karapaiym elge jetsin. Kuru namyska aldyrbai chyndygynda. Koshumcha, toi-topur bolup atyp ele baiybaibys biz.
Yras bolbodubu, men toiumda sabis salat ele kylam, samoor chai boldu :):):)
03.05.2011. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми карыз албай откорушсо ар кимдин оз эрки...
карыз шариятка туура келбеген иш...
03.05.2011. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Той да болот, тойдун эртеси да болот. Ошондуктан эртенки кунду ойлоп иш кылыш керек!
03.05.2011. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоо ушундай тойлор менен кызыкда....
03.05.2011. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менимче кыргыздар АШ,ТОЙ деп атып онукпойт болшубуз керек...куру намыстанып жыланач баатыр болуп атып...ойлонбой ой келди иш кыла беребиз...аягында чыгым болуп олтуруп калабыз...
03.05.2011. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин кыргыздын тойлору кобунчо арак шарап аягы разврат менен аяктайт...ал эмес киши олгонду да озунчо эле тойго айландырып алганбыз...
03.05.2011. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
A emnege Mirbek Imanbekovdun syrotyn algansynar titul kylyp?
03.05.2011. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунун баарын мыйзам менен чектеп койсо болот го,айып салыш керек,бирок салык эмес ,керексиз чыгымдарды кыскартсак байып кетмекпиз качаан эле,Тажиктер тиешелуу мыйзам кабыл мамлакеттик бюджетти толтурушкан
04.05.2011. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Той болот,тойдун эртеси да болот.
06.05.2011. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
той болуш керек, бирок ченеми менен болуш керек. мейли бугун жаштар дунгурогон той кылды дейли, анан эртенки жашоосу кандай болот. ошол каражатты бир пайдалуураак нерсеге коротушпайбы. Бул менин оздук оюм дечи, бирок мен биздин той беруу салтыбызга 90% каршымын, озгочо калым суроосуна келгенде...
07.05.2011. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы той беруу салтына жана калым берууго каршымын. Ал акчага андан коро баш кошушкандарга турмушта керектелген нерселерге коротсо.
09.05.2011. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы комментарийге мен каршымын,той бербей,калынг жебей кантип кыргыз болсун,муну жазган чонг кыз болушу керек,калынгсыз куйого кантип чыгат,куйого чыкса да кантип тойсуз уй було болот!Ар бир уй було оз алына жараша той берсе эле болду,той бул биздин илгерки урп адаттарынын бири,тойдо той откоргон деле коп чыгым болбойт,туугандары менен туура катышып, аларга саласазы болсо, кантип эле алар сиздин тоюнгузга кур келсин.Той бул кыргыздын уруусун бириктирип турган салттын бири,аны орду очпос керек
SUPER.KG видео
12.05.2011. 06:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
onugush uchun oyubuzdu almashtirgan on eken da.
SUPER.KG видео
23.05.2011. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ravshan damla alla yraazy bolsun !
SUPER.KG видео
02.06.2011. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым кыргыз элиме бактылуулук бер!
SUPER.KG видео
09.08.2011. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azyrky kyrdaalda Kyrgyzstanda ak4a tabuu aiabai kyiyn bolup kaldy. Birok aga karabastan kurulai namystyn aiynan koldo bar,4ogultkan kap4ykty ayabai 4a4abyz.Menin oium4a ushundai ishterge karshy zakonduu tyrdo ish 4aralardy koldonso bolot.Misaly: Toi-toropo, je olym-jitimderde bodo mal souilgan yi-byloolorgo kop summada ak4alai shtraftardy salysh kerek.Ar bir koz jumgan adamga 3 ton bodo mal souilsa Kyrgyzstandagy 1 jyldyk soiulgan maldyn summasyn eseptep koroly.Baarybyz ysyraptykka jol berbeili.
SUPER.KG видео
21.02.2012. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз 10 жыл иштеп тапканын 1 той берип жок кылат, баягы эле курулай намыс
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: