ҮЗҮЛГӨН КАНАТ, ӨЧПӨГӨН ҮМҮТ

№445 13-19-май, 2011-жыл


Токко урунуп эки колунан ажыраган Самат жөнүндө гезитибизге өткөн жылы жазганбыз. Ошол убакыттан бери кандай өзгөрүүлөр болду, майып болгон бала түндү кандай сүрүп, таңды кандай тосуп жатты экен деген суроолорго жооп издеп, Саматтын үйүнө сапар алдык.

Жал айылын аралай жүрүп отуруп, тоонун боорундагы үйгө токтодук. Төркү үйдө диванда көзүн бакырайтып Самат отуруптур. Ал бизди муңдуу да, үмүттүү да көз караш менен тосуп алды. Көз жашын аарчыган Саматтын энеси Курманбүбү эже баласынын абалы тууралуу айтып отурду.

– Ал күнү 30-сентябрь эле, күндө­гүдөй уулумду мектептен күтүп отургам. Саат 5-6 болуп калган. Бир маалда коңшубуз “балаңыз токко урунуп калды” деген жаман кабар менен кирип келди. Көрсө, Самат менен классташы Адилет жолду кыскарталы деп трансформатор жактан өтүп баратып жанындагы цемент тепкичке отура калышат. Адилет ордунан туруп бир кадам таштаган учурда Самат трансформаторго жабышып калат. Кандай болуп жабышканын бүгүнкү күнгө чейин түшүндүрө албайт.
Мен ооруканага барганда Саматтын эки колу капкара болуп күйүп калган экен. Алгач доктурлар колун чыканагына чейин кесишти. Башы аман калды деп ошондо да кайратыма келгем. Кийин токко урулган колдун сөөктөрү чирип, майдаланып түшө бергендиктен, колду улам кыскартып кесип отурууга туура келди. Азыр Саматтын ийининен ылдый 15 сантиметр булчуң гана калды. Жолдошум да кырсыктан улам каза болуп калган. Өзүм жалгыз бой 6 баланы өстүрүп жатканда мындай каргашага туш болдук. Мен го мейли, уулумдун кийинки турмушу кандай болот деп жаным кыйналат.
– Учурда Саматтын акыбалы кандай?
– Аны жалгыз калтыргандан корком. Менсиз тамак да жей албайт. Дааратканага да өзүм алып барам. Тамагын иче албаса же шымын шыпырып дааратканага бара албаса... Азыр го мен жанындамын. Бирок өмүр бою жанында боло албайм да. Кийинки жашоосу мен үчүн туңгуюк. Улуу сөздө уят жок, психологиялык жактан жабыркап, кийин эркектик милдетин аткара албай калабы деп да чочуйм. Айта берсе арман көп.

АКЫЙКАТ БАРБЫ, БОЛСО КАЙДА?

Мына окурман, бул окуядан бери 1 жыл 7 ай өттү. Бирок соо баланы майып кылган адамдар ушул кезге чейин өз жазасын алыша элек. Самат токко урунган трансформатор Сокулук РЭСине караштуу. Каргашалуу окуя болгон жердеги трансформаторго барсак, анын ээлеген орду гана калыптыр. Курманбүбү эженин айтымында, сот процесси башталганда эле аны оңдойбуз деп жүктөтүп алып кетишкен. Кырсык трансформатордун эшиги эзели жабылбагандан улам болгон. Эшиги шамалга ыргалып ачылып-жабылып тургандан улам “мал-жан кирип кетпесе экен” деп ал жердин тургундары сак-сактап турушчу.

– Бул ишке тийиштүүлөр жазасын алыштыбы?
– Самат ооруканага түшкөндөн 15 күндөн кийин Сокулук РЭСинин башчысы Медер Сартказиев дагы бир инженери болуп келип кеткен. Дары-дармекке жардамыбыз болсун деп 18 миң сом беришкен. Кийин 2-февралда биринчи сот процессинде келди, андан кийин көргөн жокмун. Сот үч жолу болду, бирок жыйынтык чыга элек. Күнөөлүү деп ал трансформатордун жоопкерчилигин Асанбек уулу Нурбек аттуу мастерге ыйгарышты. Ал адамды темир торго отургузайын деген ниетим жок. Мен аларды 1 жыл 7 айдан бери кеткен чыгымдын ордун тургузса, баламдын колуна протез салдырганга көмөктөшсө эле деп ойлойм. Жакында интернет аркылуу Саматка чет өлкөдөн жасалма кол издедик. Ал колдордун баасы 65 миң доллар экен. 4-шаардык ооруканадан берилген жасалма кол куурчактын колундай болуп, эч бир пайдасы тийбейт экен.
– Келечекти көп ойлонсоңуз керек...
– Азыр Самат мектепке барбайт. Мектептин директору “мектепте ар кандай балдар окуйт, бири түшүнсө, экинчиси мазакташы да мүмкүн” деп бир жумада үч жолу мугалим жиберип турат. Самат келечекте адвокат болуп, укугу тебеленген адамдарга жардам берсем деп ниеттенет. Андан сырткары англис тил китебин тынбай окуп жүрөт. Тагдыр башка салса баарына көнөт экен, эми Самат бардык нерсени буту менен жасаганга өттү.

Саматтын тагдырына кайдигер карабаган, көмөктөшкүсү келгендер үчүн банктагы эсептин реквизиттери:

Улуттук валютада каражат которуу үчүн реквизиттер КGS:
Банк : ААК «ЭкоИсламикБанк» Бишкек шаары, Кыргызстан,  Геологический  17
ИНН 00710199610114, БИК 117001
Транзиттик эсеп: № 1170120001000519
Алуучу : Жумагулова Мээрим Асылбековна
Өздүк  эсеп: 4170121711469400
Каражат котороордо сөзсүз кандай максатта которуп жатканыңызды  өтүнөбүз, материалдык жардам, белек же кайрымдуулук экенин белгилеп коюңуздар.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg



Репортаж - Үзүлгөн канат, өчпөгөн үмүт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(54)
17.05.2011. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсынарбы! Чындыгында эн кейиштуу окуя. 2010 жылы жазында Украинага Киевге Таластан кичинекей кыз келген,анын дагы Авто кырсыгынан кийин 2 колун кесип салышыптыр. ага Германиядан спонсор табылган. кудайым кааласа Саматты дагы кудайым бир куну суйунтоор.
17.05.2011. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Германиядагы спонсору колуна протез салдырып берген. Менин билишимче Киевде протез салдырууга болот. а канча акча кеткенин айтылган эмес. спонсору озу тейлеген.
17.05.2011. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bankdyn nomerlerine tushungon jokmun, IBAN degen jokbu bizde? myncha uzun sandar :( Routing-Code degender jokko, kandaicha kotorso bolot, bilbei jatam?
17.05.2011. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озу сабыр берсин берген дартына албетте шыпаа да кошо берет буйруса.
SUPER.KG видео
17.05.2011. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul jigit jash eken ayabai.booru oorugan kirgiz azamattary bolso akcha chogultup protez alip berish kerek eken.mumkunchuluk bolso uyushturalik.koldon kelishinche jardam beret elek.
17.05.2011. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛАХ озу сактасынго бирок, эгерде бир чондун баласы ошондой болсо айыл окмот мындай турсун областтан бери жумушунан кетирмек.
Самат бир аз чыда, баары жакшы болот. Жакшы окуп, жакшылыктан умут узбо!!!!
17.05.2011. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samat sabyrduu bol,kyiyn bolushu mumkun birok sen kuchtuu bolushun kerek
17.05.2011. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samat,mende ech aitar sozum jok!kaalarym apan aman bolsun
17.05.2011. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээээээх кудай.....байкуш бала,колумда бар болсо кана((((((((((((((бут жардамымды бермекмин(((((
19.05.2011. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
о Кудай эмнеге жаш балдар ушинтип кыйналышат? Эмнеге, Самат ийгилик калаймын, эми келечекте жакшылыктын устундо эле журо бер.
19.05.2011. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

kop tukurso kol bolot degendei, kichine bolso dagy esebine akcha kotorup koisok, akcha chogulup kalat bir ubakyttyn ichinde.Urmattuu, super-info!
Samattyn daregin ushul jerge jazyp koyuunguzdar mumkunbu? Kolubuzdan kelgen jardamybyzdy korsotot elek, misaly til uironup, kotormochu bolom deit, ar kandai kitep, disk jana bashka jabduular kerek.
20.05.2011. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх...жашоодо кагдай гана сыноолор болбойт. Журогун ооруйт экен(((
20.05.2011. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул да болсо тагдырдын бир сыноосу.Мен жакында бир клип кордум.Эки колу жок кыз турмушка чыгып,балалуу болуп,машина да айдайт экен.Баласын да озу карайт экен.Бутун менен сурот тартып,телефон тергенди уйронгонун абдан жакшы.Аракетке берекет дейт.Кудай сага сабыр берсин.Эч качан чокпо ар дайым алдыга evnekeg жаша!
21.05.2011. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
IBAN degen barby?
chet mamleketten kanday kotorulat tyshynbodym bul usun sandardy ((
SUPER.KG видео
23.05.2011. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саматтын тагдырына кайдигер карабаган, көмөктөшкүсү келгендер үчүн банктагы эсептин реквизиттери төмөндөгүлөр:
SUPER.KG видео
23.05.2011. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реквизиты для перечисления в национальной валюте КGS
Банк получателя: ОАО «ЭкоИсламикБанк» г. Бишкек, Кыргызстан, пер. Геологический 17
ИНН 00710199610114, БИК 117001
Транзитный счет: № 1170120001000519
ПОЛУЧАТЕЛЬ: Жумагулова Мээрим Асылбековна
Лицевой счет: 4170121711469400
Указывать в назначении платежа Отправителю материальная помощь, дарение, частный перевод.
В случае перечислений от юридических лиц на частное лицо необходимо указывать
SUPER.KG видео
23.05.2011. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реквизита для перечисления в USD
INTERMEDIARY BANK : DEUTSCHE BANK TRUST COMPANY AMERIKAS, NEW YORK, USA, SWIFT: BKTRUS33
BANK OF BENEFICIARY: ECOISLAMICBANK, BISHKEK, KYRGYZSTAN
Corr.account: 04415860
SWIFT: ECBIKG22
BENEFICIARY ACCOUNT: Jumagulova Meerim Asylbecovna 8400121711059700
DETAILS OF PAYMENT PERSONAL TRANSFER (darenie, financial aid)
SUPER.KG видео
23.05.2011. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реквизиты для перечисления в российских рублях
БАНК КОРРЕСПОНДЕНТ: СБЕРБАНК РОССИИ, г. Москва
корсчет 30101810400000000225
БИК 044525225 ИНН 7707083893
БАНК ПОЛУЧАТЕЛЬ: ОАО “ЭКОИСЛАМИКБАНК”
Счет № 3011810500000000250
КИО/ КПП 06453/774487001
SUPER.KG видео
24.05.2011. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidanek...ketsin,,,silerge koshulam,,antse bolmok mintse bolmok debesten,,,Jardam bereli,,men dele karapayim uybuloodon bolom,,minday ish ar kimdin bashina tushup kalishi mumkun,,kichineden bolso dagi chogulat,,jakinda KG baram,,den soolugundu surap baram,,aman bol,,
24.05.2011. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы бул Саматтын уйуно баргам. Оз козум менен коруп, зейним кейиген. Байкуш баласы мындай болуп, энеси баласы менен журсо, сот иши бутпой кыйнаганычы. Сот адамы баланы коруп эле, чечимин чыгарып койсо болмок. Канча акча ондуруп берсе дагы, бала жашоодон сынган да. Бир чыпалагыбьызды кесип алсак канча оорутуп, сыздатат. Бул жерде баланын бутундой эки колу жок... Бирок арабызда ичи бузулбаган инсандар бар, баарыбыз топтолсок мындай койголуу маселени которуп, жардам бере алабыз деп ойлойм
SUPER.KG видео
26.05.2011. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chyyn e jardam bereli kyrgyzdar, chondorgo ishnbey ozybyz ele koldon kelishinche jardam bereli
29.05.2011. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
О,КУДАЙ ушундай кырсыктан сактай кор,Саматка жардам бере кор! кордунорбу достор, биз кандай бактылуу адамдарбыз алдты саныбыз аман.Саматтын келечеги эмне болот?
09.06.2011. 04:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
самат буюрса коп ийгиликтер кутот сени алдыда мунайба досум баары жакшы болот сен учун да тиленем
SUPER.KG видео
30.06.2011. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай кырсыктан кудайым озу сактасы бул роликти коруп алып аябай ыйладым Самат кудайым сана омур берсин денсоолук берсин орубай жур демекчимин жана элге айтаарым кимдин колунан келсе колунан келген жардамынарды бергиле акыретте кудайым селерге берет!
SUPER.KG видео
16.07.2011. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да урматуу окурман,абдан кайгылуу экен,мен дагы ыйладым,кудай сактаса экен кырсыктан.Саматка эмне дейм,кудай мындан ары узун омцр,чын ден соолук берсин.Колубуздан келген жардамыбызды аябайбыз,КР дагы сага берчи адам коп,андыктан баары жакшы болот!!
SUPER.KG видео
19.07.2011. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өтө эле кейитерлүү окуя болуптур.
SUPER.KG видео
05.08.2011. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дааа.РЭСтин жоопкерсиздиги бир адамды мунжу кылды. аябай окунучтуу.
SUPER.KG видео
26.08.2011. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым эрк бере кор бул жигитке,биздин жан дуйнобуз ыйлап жатат а жигиттики сыздап жатат.
SUPER.KG видео
08.09.2011. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жалко. жаш-балакен.пайдасы жок депутаттар ушуларга жардам бербей бок жеп журобу а
SUPER.KG видео
11.09.2011. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аяабай окнучтуу жаны осуп келе жаткан Саматы коруп ыйлап жибердим
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: