КАЙДАСЫҢАР, КЛАССТАШТАР?

№446 20-26-май, 2011-жыл


Ар бир жылдын 25-майында улам бир муун өзүнүн балалыгын эстейт. Чоң турмушта эмне күтүп турганын аңдабай өткөргөн окуучулук күндөрүн эскерип, айыл жытын бирге искеген, мектеп күндөрүн чогуу өткөргөн классташтары менен 10 жылдык, 20 жылдык, 30, 40 жылдык кечелерге чогулушат эмеспи. Быйыл кайсы атактуулар, кайсы жылдыздар бул жөрөлгөнүн күбөсү болгону жатышты экен?

Бекчоро, ырчы:
“ОКУУЧУЛАРГА ОКУУ КИТЕПТЕРИН БЕЛЕК КЫЛАБЫЗ”
– Мен Казарман айылындагы Ленин орто мектебин аяктагам. Классташтарымдын 90 пайызын көрө элекмин. Келинчегимди, ширин кызымды алып барып келсем деп ойлогом. Бирок ошол күнү жакын досум үйлөнүп, бара албай калат экенмин. Бирок ар бир бүтүрүүчү сыяктуу эле мен да өз салымымды коштум. Азыр мектептерде китептер жетишпейт, ушул жагынан жардам берели деп жатабыз.

Динара Акулова, эстрада ырчысы:
“АР БИР ЖОЛУГУШУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ БАР”
– Мен Жети-Өгүздөгү Аң-Өстөн орто мектебин аяктагам. Чындыгында, ар бир жолугушуу өзүнчө баалуу. 10 жылдыкка классташты сагынуу сезими менен, 20 жылдыкка бала-чакалуу болуп барып жакшылыктарыңды бөлүшүү үчүн барат экенсиң. Ал эми 30 жылдыкта ким канчалык деңгээлде өзгөргөнүн байкайсың дегендей. Байкаганым, жыл өткөн сайын бири-бириңе болгон сый-урмат күч алат экен.
Быйыл 30 жылдыгым. Азырынча барар-барбасымды билбей турам. Анткени кечелерге, тойлорго чакыруулар көп. Буюрса, баарына жетишүүгө аракет кылам. Анткени мен элдин адамымын.

Сабырбек Жумабеков, Саламаттыкты сактоо министри:
“КЛАССТАШТАРГА БАЙМЫН”
– Мен классташтарга баймын. Анткени Таластагы төрт мектепте окугам. Министр же чиновник болсоң деле классташыңдын көз алдында баягы бала кездеги бойдон калат экенсиң. Шаардагы классташтар үй-бүлөбүз менен катышып, анда-санда чай ичишип турабыз.
Учурда Женевада БУУнун­ кеңсесинде болуп жаткан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын жыйынына катышып жүрөм. Кыргызстанга жардам, донорлорду тартуу максатында Кувейт, Сауд Арабиясы, Түркия жана башка мамлекеттердин министрлери жана Билл Гейтс менен жолугуштум. Буюрса, убакыт таап 30 жылдык мааракеге катышып келсем деген оюм бар.

Назира Жетигенова, куудул:
“АЗЫРЫНЧА МЕНИ “ГРУЗИТЬ” ЭТИШЕ ЭЛЕК”
– Кечээ эле ак бантик тагынган кыз болсом, бүгүн эки сулуу кыздын энеси, элге күлкү тартуулаган куудулмун. Турмуш-шартка байланыштуу 10 жылдыкка барбай калган элем. Буюрса, 20 жылдыкка барам деп стартта турам.
Баягы чачына ак бантик байлаган кыздардын эне болуп, жар болуп өзгөргөнүн, тентек балдардын ата, элдин жүгүн аркалаган жигиттерден болгонун көрүү, алар менен жолугушуу кубанарлык нерсе. Классташтарым мени "грузить" этише элек, "келип катышып кетсең эле болду" деп жатышат. Буюрса, концерт жагын өзүм уюштуруп берсем деген тилектемин.

Бактыбек Калмаматов, ЖКнын депутаты:
“ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИНЕ 2000 СОМДОН ЧОГУЛТМАЙ БОЛДУК”
– Кадамжай кыргыз лицейинин уясынан учканыма 10 жыл болуптур. Кээде достордон "тиги үйлөнүптүр, бул турмушка чыгыптыр, мынча балалуу болуптур" деп угуп калам. Мага ошол 17-18 жаштагы классташтарымдын турмуштан кандай орун тапкандыгы кызык.
Чынында, жумуштун көптүгүнөн уюштуруу иштерине катыша албадым. Өткөн жумадагы иш сапарым учурунда уюштуруучу-классташтарыма кезиктим. Алардын айтымында, жолугушуубуз дурус өтчүдөй. Акча каражаты ар жерде ар башкача экен, мен уккандан алды 500 доллардан. Кырк окуучу бүткөнбүз, баарыбыз 2000 сомдон чыгармай болдук. Жолугушууга ар кандай себептер менен катыша албагандар да кошумчасын кошууга тийиш деген шарт коюлуптур.

Айнура Салахидинова, ырчы:
“БОЙДОК БАРГАНДАН УЯЛЫП ЖАТАМ”
– 11-классты Жумгалдагы Таш-Төбө орто мектебинен аяктагам. Классташ балдарымдын алды төрт балалуу болуп калышты. Турмушка чыга элек эки кыз калдык. Негизинен, балдар кыздарга чакыруу кагазын жөнөтүшөт го. Бирок ал нерсе мага азырынча келе элек.
Чынын айтыш керек, бир чети бойдок баргандан уялып жатам. Жеке мен үчүн 10 жылдык анча деле кызык эмес. Себеби курбумдун кечесине катышып келгем. Келин балдар күйөөлөрүн бизден кызганышкан. Эртеси кыздар менен балдар эки бөлүнүп тосушкан эле. Ошондон улам 10 жылдыкта дагы деле жаш болот турбайбызбы деген ойго келгем.

Улан Барпиев, КВНчи:
“КЛАСС ЖЕТЕКЧИБИЗДИ ТАППАЙ УБАРАБЫЗ”
– Бишкектеги №36-мектепти аяктагам. Бир ай мурун эле классташтарымды чакырган элем. Жамгыр жаагангабы, эч кимиси келбей койду. "Он жылдык мага эле керек окшойт..." деп жиним келип кетип калгам. Таарынып Таласка кеткени жатсам бир классташым чалып калыптыр, "эмне болду?" деп. Анан экөөлөп классташтарды чогулттук. Буюрса, биздин 10 жылдык 24-майда башталып, уландысы 28-майда болот. Учурда класс жетекчибизди таппай жатабыз, иштебей калганына көп болуптур.

Булардан сырткары Калкты социалдык жактан коргоо министри Айгүл Рыскулова 30 жылдыкка, спортчулардан Турсунбек Асылгазиев, шоу-бизнес өкүлдөрүнөн Фархат Кеңешбек уулу, Эрмек Маматов, Алекс 10 жылдыкка кызуу даярданып жатышыптыр.
Мектепти, мугалимдерин көрүүгө ашыккан бардык 10 жылдык, 20 жылдык, 30 жылдык жолугушууга барчуларды кызуу куттуктайбыз!

Дамира Арстанова
star@super.kg



10 жылдык, 20 жылдык кечелерин өткөрүүнүн зарылчылыгы барбы?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
SUPER.KG видео
20.05.2011. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10-20 jyldyn paidasy dele bir az bar dep oiloim. Antkeni biz butup jatkanda 20 jyldykdar Mektepke arnap jany alipelerdi, bashka jany kitepterdi belek kylyshkan. Mugaldimderibizge abdan ele oor ushuncha balanyn munozun kotorush,tushunush anan kiyin baryp rahmatyn aityp,belek kylyp, konulun kotorup koiso jakshyle ish dep oiloim.
Akcha jok, akcha jok dep jurup omurubus otot. Akcha degen nerse omurubus otkoncho jetbeit. Oshol nerseni tababys dep ubara bolup jurup ele duinodon otobus........
23.05.2011. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откоргон жакшы 10 жылдык 20жылдык 30жылдык даже колдон келе 40жылдык деле откорсо болот. Мен уккам 40чалдар откоргонун Жалал-Абадда.
Бул жакшы нерсе бирок ошол мектепке жардам иретинде отсо озун жана оздорун даназалабай.
25.05.2011. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Учурдан пайдаланып баардык 10,20,30ж.бларды о.э Кочкор-Ата шаарынын Насирдин Исанов атындагы гимназиядан 2001-жылы аяктаган классташтарды кызуу куттуктайм.
29.05.2011. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче жакшы жоролго. Мектепке жардам берууну унутпаш керек да. Аксы районундагы Калмат. Алымкулов атындагы Мукур орто мектебин 2010 жылы буторгон классташтарга чоон салам.
31.05.2011. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убакыт учкан куш. Бутконубузго 2 жыл толуптур,классташтар менен сагынтып (кээлери менен) 6 айда аран жолугам, кээде телефон чалсам "эй барсынбы депутат боло элексинби"-деп калышат... Буйруса 10жылдыкка чейин турмуш куруп,4 баланын энеси болсом экен
SUPER.KG видео
19.08.2011. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hhh
22.09.2013. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жолугушуу бул жашоодогу эн кызык нерсе десем жанылышпайм,себеби классташтар,агай-эжекелер,балалык,окуучулук кундорду,эскеруу,баары керемет.сузак районуна караштуу,карадарыя а/о.чангырташ орто мектебини 2005-жылы бутургон1978-жылкы класстартарыма,чон салам жолдойм,классташтар буйруса жакында жолугушуу 2015.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) "Супер-Инфо" бөлүмүнө кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: