БУТТАГЫ ЖЫЛДЫЗДАР ЖЕ ВАРИКОЗ ООРУСУ
№19920
Варикоз латындын “VARIX” – “ТҮЙҮН, КӨӨП ЧЫГУУ” деген сөзү­нөн алынган.
Бул вена кан тамырларынын оорусу. Буттун варикоз оорусу менен калктын 40 пайызы жабыр чегет. Булардын жарымынан көбү аялдар. Оорунун тереңдеп кетиши адамды узакка эмгек жөндөмдүүлүгүнөн айрыйт.
Төмөндөн жогору көздөй жүрөккө кан ташуучу венадагы клапандар...

толугу менен
ЧИФИР БЕЛ КУБАТТЫ ТӨМӨНДӨТПӨЙБҮ?
№19900
– Мен көп жылдан бери чифир ичем. Буга көнүп калгандыгымдан жакындарымдын кой дегенине да болбойм. Аялым болсо“чифир сени төшөктө алсыз кылып коёт болуш керек” деп корко берет. Аялымдын бейпайга түшүп жатканынын жөнү барбы? Самарбек, Кант.

– Негизи, көп жылдап чифир ичүү гормондордун иштөөсүнө таасирин тийгизээри чын. Бул болсо төшөк кумарына болгон талаптын азайышына...

толугу менен
ТАР ИЧ-КИЙИМ-ООРУНУН СЕБЕПКЕРИ
№19931
Тар трусалар варикоз оорусу барлар үчүн коркунучтуу. Анткени, мындай труса жамбашты бекем кысат. Ошондуктан, ал жерде кан көп топтолуп, варикоз оорусунун күчөшүнө алып келет.
Синтетикалык тар ич кийим жука чурай, жамбаштагы температураны жогорулатат. Бул бактериялык инфекциялардын топтолуусуна алып келип, натыйжасында сезгенүүнү жаратат.
Мындан тышкары тар ич кийимдин мырзаларга жана айымдарга тийгизген зыяндары...

толугу менен
ҮЙДӨН ЭЛЕ ЖАСАЛМА ЖОЛ МЕНЕН БОЙГО БҮТҮРҮҮГӨ БОЛОБУ?
№20000
– Жубайым экөөбүз балалуу болууну каалайбыз. Бирок, кошулуу аялыма оорутууну жаратып келе жаткандыктан, бизде калыптагыдай секс жок. Ошондуктан, биз үй шартында жасалма жол менен бойго бүтүрүүгө болобу деп сурайлы дедик эле. Айдемир, Кант.
– Үйдө жасалма уруктандыруу ыкмасын жүргүзүү­гө болбойт. Ал эми аялыңыз төшөктө оорутууга кабылса, анда гинекологго, болбосо сексологго кайрылуусу зарыл. Эгер оорутуу жыныс мүчөлөр­дүн...

толугу менен
ЖАТЫН МОЮНЧАСЫНЫН ЭРОЗИЯСЫНА УУ КОРГОШУН ДАРЫБЫ?
№2010-1
– Менин аялым алиги жагынан ооруксунуп жүр­гөнүнөн дарыгер гинекологго көрүн­гөн эле. Ал “жатын моюнчасынын эрозиясы” деген диагноз коюп, “айыкканча келип “тампон” койдуруп турушуң керек” дептир. Биз райондон алыс жашагандыктан, аялыма райондун борборуна барып-келип туруусуна шарт жок. Ошондуктан, айылдагы эмчи-домчу кемпирлерге көрүнсө, алар “уу коргошун, ак кодол, көк таш алып келсең, биз дары жасап беребиз” дептир. Ушундан улам аялым экөөбүз эмчи-домчулардын айтканы менен дарылануунун зыяны жокпу...
толугу менен
СӨӨЛ ЖУГУШТУУ ООРУ
№20210
Сөөлдү негизинен папиллома вирусу пайда кылат. Сөөлдүн тамыры болбойт жана бутактанып өспөйт. Оору жуккандан тартып анын биринчи белгиси пайда болгонго чейин (инкубациялык мезгил) 7 аптадан 5 айга чейин убакыт өтөт. Вирус коомдук жайлардан: мончодон, бассейнден, спортзалдан; буюмдардан: би­рөө­нүн сакал алгычынан, сүл­гү­сүнөн, бут кийиминен жана башкалардан жугушу мүмкүн. Мындан тышкары иммунитет төмөндөгөндө организм вируска туруштук бере албай, сөөл өсүп кетет. Ал эми...
толугу менен
ПРЕЗЕРВАТИВДИ САРЫ МАЙ МЕНЕН МАЙЛАСА БОЛОБУ?
№20200
– Презервативди кошумча түрдө сары май же крем менен майласа болобу? Жана презерватив менен кошулгандан кийин жыныстык органды сөзсүз жууш керекпи? Салия, Кочкор.
– Презервативди кошумча майлоо үчүн секс-шопто, дарыканаларда сатылган май дарыларды пайдаланса болот. Ал эми сары май, крем, вазелин сыяктууларды эч качан колдонууга болбойт. Себеби, булар презервативдин түзүлүшүн бузат. Кошулгандан кийин...

толугу менен
РИНОПЛАСТИКА ЖЕ МУРУНГА ОПЕРАЦИЯ
№20310
Адамдар ар түрдүү себептерден мурдуларына пластикалык операция жасатууга барышат. Бирине тубаса жаралган мурду жакпаса, бири автокырсыктан, дагы бирөөлөрү мушташтан улам формасы бузулган мурдуларын оңдоткулары келишет. Эмесе, сөз ринопластика тууралуу болмокчу.

Пластикалык операциялардын ичинен эң оору мурунга операция жасоо болуп эсептелет. Мисалы, 300 пластикалык хирургдун...

толугу менен
БАЛА ЭМИЗИП ЖҮРГӨН АЯЛ МУЗДАК БОЛУП КАЛАБЫ?
№20300
– Балабыз бир жарым жашка чыкканына карабай дале эмчекте. Ушундан уламбы, айтор, аялым төшөккө маани бербей, муздак болуп калды. Мурун төшөктөн аябай ырахат алып, демилгени өзү баштоочу эле. Ушуга байланыштуу бала эмизген аялдар муздак болуп калабы жана кандай чара колдонсок болот деп сурайын дегем. Алишер, Ош.

– Бала эмизип жүргөн аялдардын организминде пролактин гормонунун деңгээли жогорулайт. Аталган гормондун көбөйүшү болсо сексуалдук каалоону...

толугу менен
КАН ГРУППАЛАРЫНЫН ДАЛ КЕЛБЕСТИГИ, БОЙДОН ТҮШҮҮ
№20422
Ар адамдын каны жеке өзгөчө­лүккө ээ. Кан группасы өмүр бою өзгөрүлбөйт жана укумдан тукумга берилет. Кан группасы расадан, жыныстык айырмачылыктан жана жаш курактан көз каранды эмес. КАН ГРУППАСЫ
Кандын курамындагы эритроциттерде атайын белок – антиген бар. Антигендер ар адамда ар башкача болот жана А, В
деп...

толугу менен
ДАРЫЛАР ТҮЙҮЛДҮККӨ ЗЫЯН КЕЛТИРБЕЙБИ?
№20510
– Мен бойго бүтүрбөөчү дары ичип жү­рүп, эрежени так сактабай койгондугумданбы, айтор, боюмда болуп калыптыр. Муну жакында билдим. Эми сиздерден ал дарылар түйүлдүккө зыянын тийгизбейби деп сурайын дегем. Эля, Ош. – Коркунучтуу эч нерсе деле жок. Антсе да мындай учурда гинекологго көрү­нүп, генетикалык текшерилүүдөн өтүү керектелет. Түйүлдүккө 10-12 апта болгондо РАРР-тест жана УЗИ жасалат. Булар түйүлдүктөгү генетикалык жана башка кемчиликтерди...
толугу менен
ИНФАРКТ ТААРЫНЧТАН, ЖАРА ИЧИ ТАРДЫКТАН ПАЙДА БОЛОБУ?
№20612
ФАКТ. Биздин эмоциябыз жана кайгырып-капалануубуз ар түрдүү оорулардын өөр­чүүсүнө жеткирет. Башкача айтканда, өнөкөт оорулардын 60 пайызы жандүй­нөнүн жапа чегүүсүнөн, стресстердин жыйынтыгынан келип чыгат. ЖҮРӨК СҮЙҮҮНҮН ЖЕТИШСИЗДИГИНЕН ЖАНА ИШТИН КӨПТҮГҮНӨН ЖАПА ЧЕГЕТ
Медиктердин далилдөөсүнө таянсак, жүрөк ооруга бири-бирине...

толугу менен
КОЛУМ ЭМНЕ ҮЧҮН ЧЫМЫРАЙТ?
№20722
Окурман, сиз денсоолук жаатындагы маалыматка муктажсызбы? Анда, биздин «Дарыгердин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сизге медицина жаатындагы мыкты адистер жооп берет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз!
– Көптөн бери менин сол колум уюп, чымырай турган болду. Мындай абал көбүнчө эртең менен болот. Ошондуктан, жүрөгүм дартка кабылган го чочулап жатам. Же мен туура эмес деп ойлоп...

толугу менен
КЫЗДАР КАНЧА ЖАШЫНДА ӨСҮП ЖЕТИЛЕТ?
№20800
– Биз, 9-класста окуган курбулар кыздардын жыныстык өсүп жетилүү мезгили тууралуу билгибиз келет. Бул кезде организмде кандай өзгөрүүлөр жү­рөт? Кандай кеңештерди эске алуубуз зарыл?

Альбина, Гүлира, Мадина, Зуля, Талас. – Жыныстык жактан өсүп жетилүү кыздарда эркек балдарга караганда эрте жүрөт. Кыздарда бул 10-15, балдарда 12-19 жашка туура...

толугу менен
АЯЛ АЛСАМ СҮННӨТКӨ ОТУРБАГАНЫМДЫН ЗАЛАЛЫ ТИЙБЕЙБИ?
№20900
– Мен 20 жаштамын. Кичинекей кезимде «алигим» кесилген эмес, башкача айтканда, сүннөткө отургузулбай калганмын. Сурайын дегеним, кийин аял алсам сүн­нөткө отурбаганымдын залалы тийбейби? Жыныс мүчөм оорубайбы? Асылбек, Бишкек.

– Алгач сүннөткө отурууга эч качан кеч болбостугун эскерте кетели. Эгер сүн­нөткө оту­рууну пландап калсаңыз, жеке клиникалардын бирине хирургдарга кайрылганыңыз оң. Ал эми сурооңузга келсек...

толугу менен
ЖУКА ЧУРАЙЫМДА АК ТАК ПАЙДА БОЛДУ...
№21010
– Жашым 18де. Менин жука чурайымда ак тактын пайда болгонуна 2 жыл болду. Улам чоңоюп баратат. Сураштырсам «ала» деген оору экен. Өзүбүз-дөгү доктурларга көрүнүп, дары ичип, витаминдерди колдонуп көрдүм. Бирок, булар эч жардам берген жок. Элден уксам бул жугуштуу экен. Кийин турмушка чыксам күйөөмө жукпайбы? Эмне кылып дарылансам болот? Дарика, Кочкор.
«Ала» оорусу илимде «витилиго» деп аталат. «Витилиго» оорутпайт жана жугуштуу ооруга кирбейт. Ошондуктан...

толугу менен
ЖҮЗДӨГҮ КАЛ МҮНӨЗДҮ АЙТЫП ТУРАБЫ?
№21020
Атайын адистер адамдардын жүзүндөгү калдары ээсинин мүнөзүнөн кабар берип тураары жөнүндө далилдешкен.

  1. Бул табият тарабынан сизге берилген “үчүнчү көз”, башкача айтканда, Шиванын көзү. Мындай калдуу кишинин ички туюму, ой жүгүртүүсү абдан өнүккөн.
  2. Кумарпоз, кызганчаак, тез ачууланган адам.
  3. Интеллектуалдык жактан өнүккөн, кыялкеч...

толугу менен
УКСУС ИЧИП, БИРОК, ӨЛБӨЙ КАЛГАН АДАМ КАНДАЙ АЗАП ТАРТАТ?
№21100
– Өзүн-өзү өлтүрүү максатында уксус ичип, бирок, өлбөй калса адам кандай азап тартышы мүмкүн. Адам толук дарыланса организми мурунку абалына келе алабы? Дегеле өзүн-өзү өлтүрүүгө кайсы себептер жеткирет?
Медер, Бакы, Кант.
Эмне үчүн өзүн-өзү өлтүрүүгө барышат?
Өзүн-өзү өлтүрүү илимде суицид деп аталат. Суицидге баруунун себептери...

толугу менен
ЖЫНЫСТЫК МҮЧӨМ КИЧИРЕЙИП КЕТТИ...
№21203
– Мен простатит болуп дарыланып чыккам. Ошондонбу же баш-каданбы, менин жыныстык мүчөм абдан кичирейип кетти. Суукта жү-рүп калсам таза бүрүшүп калат. Ошондуктан, сиздерден эми алигим-ди кантип чоңойто алам, чоңойтуунун жөнөкөй жолдору барбы деп сурайын дегем. Нураалы, Жетиөгүз.

– Жыныстык мүчөнүн кичирейип кетүүсү ар нерсени ойлоонун кесепети. Башкача айтканда, эркек: «меники элдикинен кичине, анан да...

толугу менен
АДАМДЫН ЖҮЗҮ МЕНЕН ТИШИ -ДЕНСООЛУГУНУН КҮЗГҮСҮ
№21210
Адамдын жүзү ээсинин жаш курагын жана мүнөзүн айтып тураары жалпыга маалым. Бирок, ошол эле кезде жүз ээсинин кай жери ооруй турганынан да кабар берээрин көпчүлүк биле беришпейт. Негизи, адамдын жүзүнө, бетиндеги бырыштарына карап, анын кайсы оору-дан жапа чегээрин аныктаса болот.
  • Чекедеги көптөгөн туурасынан кеткен сызыктар жана кашты бир...

  • толугу менен
    Бөлүмдүн статистикасы
    соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:

    Макалалардын саны:
    27439;
     
    Маалымат-маанайшат порталы
    2006-2025 © SUPER.KG
    Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
    Турусбеков 109/1
    "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
    Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
    p
    Рейтинг@Mail.ru
    Биз социалдык тармактарда: