– Эмне маанайың суз? Сенин кубана турган учуруң...
– Кайда барасың?
– Ишиң болбосун!
Насип кийимдерин чоң сумкага салып жатты...
– Силер эч жакка чыкпагыла! Азыр эле автобуска Сабинанын сүрөтүн чаптап кетишти. Кимдир бирөөдө маалымат бар окшойт,- Бекжан үнү калтырап чалып жатты.
– Алдырбайбыз го,- шыпылдаган орто бойлуу киши ордунан туруп кайдадыр жөнөп кетти...
Байэл жөнөп кеткен унааны карап бир топко далдайып туруп калды. Бул окуяга таң калып бүтпөй жатты...