МЕН БААРЫ БИР БАКТЫЛУУМУН... №21910
Бишкектин так борборунда жайгашкан жер астындагы өткөөлдүн чыга беришинде майыптардын коляскасында отуруп алып майда-бараттарды сатып, өз оокатын өткөргөн бир инсанды көп байкачумун. Керээлден кечке жайдын ысык аптабына, кыштын ызгаар суук күндөрүнө да карабай ушул жерден карыш жылбайт эле. Ары-бери өткөн сайын, анын жарым жан экендигине муңайбай, кабагын да түйбөй иштеп отурганын көрүп мүнөзүнө баа берчүмүн. Акырында анын жашоосуна болгон кызыгуум аны менен болгон... толугу менен