|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
№353 0 0
Окуучу кезде жыл сайын жайкы эс алуудан келгенде кыргыз адабиятынан сабак берген эжекебиз “эс алууну ким кайдан, кандай өткөрдү?” деген темада дилбаян жаздырчу. Анда классташтарымдын бири таене, таятасыныкына барып ысык нан менен каймак жеп, кымыз ичип күч топтоп келгенин жазса, дагы бирөөлөр жайкы лагерге барып жаңы курбу-курдаштуу болуп келгенин айтышчу. А азыркы балдарчы? Алар жайкы каникулду кандай өткөрүп жатышат? толугу менен №353 0 0
Бала кезимде “Ак кеме” фильмин көрүп алып, “бала кантип балык болуп сүзүп кетти? Мен да ушинтсемби?” деп көл жээгине барган сайын кыялданчумун. Көрсө, баланын балык болуу кыялы тасманын трагедиясы турбайбы. Баланын чоң атасы Момун чалдын жооштугу, аны кемпиринен баштап баары кагып-силкип кордошкондору көрөрмандын жан дүйнөсүн дүрбөлөңгө салат. толугу менен ![]() №353 0 0
Атактуу Шерлок Холмсту билесизби? Акырын басып, жай сүйлөгөн бул каарман канчалаган татаал кылмыштардын бетин ачкан детектив эмеспи. А биздин Кыргызстанда да ушундай “Шерлок Холмстор” барбы? Бул суроого жооп алмакчы болуп “Адъютант” коргоо-детективдик агенттигине бет алдык. толугу менен №353 3 0
Төбө чачты тик тургузган бул окуя Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айлында болуп өткөн. Өз канынан жаралган баласын бычак менен бырчалап өлтүрүп, сөөгүн туш-тарапка көмүп салган аял тууралуу айылдын тургундары коркуу менен эскеришет. толугу менен ![]() №352 1 0
Бильярд учурда жаш-кары дебей кызыгып ойногон оюндардын бири болуп саналат. Оюндун негизги максаты – кийдин жардамы менен столдун үстүндө чачылган шариктерди уячаларга киргизүү. Бул оюндун бир кызыгына кирип кетсең, баш тартуу кыйын экендиги анык... толугу менен №352 3 0
Алыкул акындын: Жаз да башка, жел тийбесин, абайла, Көпкө турбас мобул турган сур булут. Бүт дартыңды өз мойнума алайын, Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт,- деген төрт сап ырын көкүрөгүнө бекем түйүп, жүрөгүн эли үчүн арнап келе жаткан патриот мырза бар арабызда. Кенедей кезинен өз киндигин өзү кесип, тиричиликке эрте бышкан бул инсан – Темир Сариев. толугу менен ![]() №351 0 1
Кыргыз элин чынында боз үйсүз элестетүү кыйын. Боз үй учурда шаар жеринде эмес, жадакалса айылда да сейрек колдонула баштады. Ошондон улам биз бүгүн боз үйдүн жабуулары, тигилиши жөнүндө кийинки муунга маалымат берүүнү туура таптык. толугу менен №351 0 0
Акыркы учурда “Агым” гезитинин кабарчысы жана көз карандысыз журналист катары башка ММКлар менен иштешип жүргөн журналист Алмаз Ташиев милиция кызматкерлери тарабынан токмоктолгон. 4-июль күнү болгон ур-токмоктун айынан катуу жабыркаган журналист 12-июлда каза болду. толугу менен ![]() №350 0 0
6-июль күнү Ат-Башы районунун Кызыл-Туу, Кара-Булуң, Казыбек айылдарынын 100гө жакын тургуну Бишкек-Торугарт жолун 4 саатка жакын тосушту. Жол тосууга “Ак-Сай, Арпа жайлоолорунун бир тарабы 49 жылга Кытайга ижарага берилип жатыптыр” деген кеп себеп болгон. Мындай маалымат кайдан келип чыкты? Чындыкпы же шайлоо алдындагы саясый оюнбу? Ушул суроонун негизинде окуянын чоо-жайын иликтөөгө аракет кылдык. толугу менен №350 1 0
Бүгүн биз акыркы күндөрү оппозиция пенсияга чыгарын, Бакиев кур дүрмөттүү кошоматчыларга куштар эместигин көп айта баштаган, кечээги оппозициячы, бүгүн УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимкановду кепке тарттык. толугу менен ![]() №350 0 0
Буйрутма киши өлтүрүүлөр, дайынсыз жоголуулар Кыргызстанда көндүм көрүнүшкө айланып бараткандай. Экс-депутат Жусупжан Жээнбековдун он айдан бери дайынсыз келген уулу Бактияр Амражановдун жоголуусуна шектүү бир адам кармалып, анын көрсөтмөсү менен сөөк да табылды. Бул тууралуу Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев маалымат жыйынында билдирди. толугу менен №349 0 0
Таң супа салгандан баштап унаачанын да, жөөсүн да өзүнө чакырып, кучагына тарткан жай бар. Ал, албетте, базар. Миң түркүн товар менен миң түркүн адамдын башын кошкон да базар. Бул ирет “Ош” базарына сапар алып, анын абалына, дегеле, базардагы жашоого баам жүгүртмөк болдум. Анын үстүнө, “адамдардын кандай жашап жатканын билгиң келсе, базарга бар” деген кеп бар эмеспи. толугу менен ![]() №349 0 0
“Бушмен” – нидерланды сөзү, бизче которгондо “бадал адамдары” дегенди билдирет. Бушмендер өздөрүн тва, сарва, овакуруа деп аташат. Бойлору – 140-150 сантиметр. Териси шабдалы сымал сары өңдө. Мурундары жалпак жана таноолору кең. Аялдары дүйнөдөгү эң чоң жамбаштуулар болуп эсептелинишет. толугу менен №349 0 0
ИИМдин Баңгибизнес менен күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары полковник Анвар Алиевди атып кетишкени эсиңиздерде болсо керек. Анын кесиптештери кылмышкерлерди табууга сөз беришкен эле. Учурда минтип кылмыштын бети ачылып, кылмышкерлер сот алдында жазага тартылып отурушат. Кызыгы – күнөөкөрлөр милиция кызматкерлери болуп чыга келгендиги. толугу менен ![]() №349 1 2
Ак булутту аралап ай баратат, Ак куу болуп көлдөгү жай баратат... Ооба, ак булутту аралап бараткан ай сыяктуу толугу менен №348 0 0
Планетаны кара тумандай каптап бараткан илдеттердин бири – баңгилик. Баңгизатына кара куурайдан жасалган заттар да кирет. Дүйнөдө кара куурайдан жасалган баңгизаттарды 144 миллиондон ашык адам колдонот. толугу менен ![]() №347 0 0
Учурдун темасы такка талапкерлердин тегерегинде болуп жатканы кимге сыр? Кыргызстандын президенттигине талапкер болгон 6 атуулубуз: Курманбек Бакиев, Жеңишбек Назаралиев, Алмазбек Атамбаев, Нурлан Мотуев, Токтайым Үмөталиева, Темир Сариев. «Булардын кимисине насип буюруп, таажы тиер экен?» деген суроо менен төлгөчүлөргө төлгө тарттырып көрдүк. толугу менен №347 0 0
Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек өспүрүм кыз кылмыш дүйнөсүнө аралашып, жыйынтыгы темир торго камалуу менен аяктады.15 жашка гана толгон секелекке көзөмөл көбүрөөк болгондо кылмышка барбай, жашоосу кара таксыз уланат беле, ким билет?.. Эки үйдүн ортосунда жүрүп чоңоюп, өзүн эркин куш сезген кыз телефон уурулуктарынын айынан минтип капастагы кушка айланып отурат. толугу менен ![]() №347 0 0
Үстүбүздөгү жылдын 17-июнь күнү Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы пансионатта эки баланын катамаран менен дайынсыз жоголгону көпчүлүктү дүрбөлөңгө салды. Бирок алардын бир күндөн кийин табылышы сүйүнөрлүк кабар болду. Болуп өткөн окуянын каармандарынын бири Максат төмөнкүлөрдү билдирди: толугу менен №346 0 0
Биринчи казино 1765-жылы Франция падышасы Людовик ХIVтүн казынасын толтуруу максатында Парижде ачылган. Ошондон тарта дүйнөдө бул кумар оюн жайларынын саны арбып, өз катарына көптөгөн оюнчуларды тартып келет. Баңги сымал адамдын жан дүйнөсүнө кирип, акыл-эсин ээлеп ала турган бул кумар оюну адамдарга байлык гана эмес, ажал да тартуулайт. толугу менен ![]() |
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:
| |