2008-ЖЫЛ КЫРГЫЗДЫН ТАРЫХ БАРАКТАРЫНДА...
№32000
«Оо, арман, арман, арман, арман,
Бул дүйнө кимден, өтүп кимден калган?
Ааламда эмне кыска? Өмүр кыска,
<Кызыгын бир көрсөтүп колдон алган»,
- деп Түгөлбай Казаковдун ыр саптарында айтылгандай, сапары карып бараткан 2008-жылы кыргызым бир эмес, бир нече дөө-шааларынан ажырады. Ушул жылы Чыңгыз Айтматов, Асанхан Жумахматов, Дооронбек Садырбаевдер баш болгон эмгеги опол тоодой инсандарыбыздан айрылдык. Анысы аз келгенсип, бортуна 90 адамды салган учак кырсыкка учураса, бир жагынан жер силкинип бүтүндөй бир айылды апаатка туш кылды. Какаганга муштаган болуп, суусу молдугу менен сыймыктанган мекенибизде суу жок, жарыксыз калдык. Ошентсе да, кирип келген жаңы жылыбыз «жакшылыктардын, ийгиликтердин жылы болсун» деп тилек кылалы.

толугу менен
«КҮКҮК» ЭНЕ АКЫРЫ БАЛАСЫНЫН КЕСИРИН ТАРТАТ
№23900

Бала – ааламдын падышасы. Ооба, окурман, аёо дегенди билбеген жырткыч жаныбардын да, каардуу падышанын да жүрөгүн элжиретип, заматта көңүлүн ийдирген кичинекей периштелер балдар эмеспи. Муунду-муунга улаган бул периштелер, алардын келечек бактысы үчүн баарына, атүгүл төбөбүз менен жер казып иштегенге даярбыз. Анан... Бакыракай көздөрүн жалдырата «тээтиги келе жаткан...

толугу менен
ТYНКY КЛУБДАРДАГЫ ТЫНЧЫ ЖОК ЖАШОО
№3450-1
Илгери кыргыздын жаштары түнкүсүн ай нурунда ак чөлмөк ойноп, селкинчек тээп, жаштыктын кызыгына батышса, азыр түнкү клубдарда көңүл ачышат. Аларга кошулуп биз дагы баш калаадагы «Platinum» түнкү клубуна барып көңүл ачып, аны менен катар бүгүнкү күндүн жаштарынын чыныгы жашоосуна байкоо жүргүздүк.
толугу менен
КАН КӨКСӨГӨН ЖЫРТКЫЧТАР
№34500
Дүйнө боюнча жырткыч-маньяктардын саны 45 (кээ бир маалыматтарда мындан көп). Алардын ичинде кытайлык Ян Синьхай (67 адамды өлтүргөн), орусиялык Андрей Чикатило (53 адам), АКШлык Жон Уэйн Гейси (33 адам) менен Гэри Риджуэй (62 адам), украиналык Анатолий Оноприенко (52 адам) жана башкалар бар.Бул ирет Николай Жумагалиев жана Андрей Чикатило тууралуу сөз кылабыз.
толугу менен
СТУДЕНТТИК КҮНДӨР...
№18400
Бул бет ачар рубрикабызды дал ушундай атадык. Мындан ары студенттин жашоосу, күнүмдүк турмушу, жаштык шаңы, актуалдуу маселелери, сүйүүсү, дагы далай көп нерселери сиздин сүйүктүү "Супер-Инфо" гезитиңиз аркылуу чагылдырылып турмакчы... Биз менен чогуу болуңуздар.
толугу менен
КУМАР ОЮНУНУН КЕСЕПЕТИ же ӨЗ ЭНЕСИН ӨЛТҮРГӨН КАНКОР
№24000

Жигит сунала жерде жаткан энесинин башын кучактап ыйлап жатты. Эненин чала ачылган көздөрү ушул учурда да уулуна боору ооругандай жалдырай тигилет. «Апаке, кечир мени, акылсыз акмак уулуңду кечир...» Ушинтип күбүрөй апасынын ажалына өзү кириптер болгон жигит жерден боорун көтөрө албай өксүй берди. Бирок, бардыгы кеч эле...

толугу менен
«ЗАМАН ЖАҢЫ – ЭЛ ЖАҢЫ»
№34500
Президенттик шайлоо жакындаган сайын жарышка түшкөндөрдүн штабдарында иш кызып турган кези. Бийлик тарап “биз жакшы иштеп жатабыз, элдин жашоо­су оңолуу жолунда, эл бизди шайлайт” десе, оппозиция тарап “биз жаңы идея, жаңы лидер менен келе жатабыз, эл бизди колдойт” деп күүлөнүүдө...
толугу менен
ДЕТЕКТИВ - БУЛ КЕСИП ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ БИЛЕСИЗ?
№35300
Атактуу Шерлок Холмсту билесизби? Акырын басып, жай сүйлөгөн бул каарман канчалаган татаал кылмыштардын бетин ачкан детектив эмеспи. А биздин Кыргызстанда да ушундай “Шерлок Холмстор” барбы? Бул суроого жооп алмакчы болуп “Адъютант” коргоо-детективдик агенттигине бет алдык.
толугу менен
ИЗДЕЙМ СЕНИ
№70405
– Ош облусундагы Кара-Суу районунун тургуну, 1990-жылы 25-июнда туулган Фархат Бахрамовду издейм...
толугу менен
АТА-ЭНЕНИН КӨЙГӨЙҮ БАЛА БАКЧАБЫ?
№34500
Учурда кичинекей баласы бар ата-эненин көйгөйү – баласын бакчага орноштуруу. Бирок бул медалдын бир эле жагы. Бир орунга үч баладан туура келген бакчалардын абалы да суктанарлык эмес.
толугу менен
АЛТЫМЫШ ЖАШЫНДА АКТЁРЛУКТУ БАГЫНДЫРГАН МОМУН ЧАЛ
№35300
Бала кезимде “Ак кеме” фильмин көрүп алып, “бала кантип балык болуп сүзүп кетти? Мен да ушинтсемби?” деп көл жээгине барган сайын кыялданчумун. Көрсө, баланын балык болуу кыялы тасманын трагедиясы турбайбы. Баланын чоң атасы Момун чалдын жооштугу, аны кемпиринен баштап баары кагып-силкип кордошкондору көрөрмандын жан дүйнөсүн дүрбөлөңгө салат.
толугу менен
КУТУРМА ТУУРАЛУУ ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ
№53900
«Акыркы жылдарда кутурма, эхинококкоз, бруцеллёз, сибирь жарасы, шарп ылаңдары көбөйүп баратат» дейт Баткен аймактык ветеринария башкармалыгынын башчысы Эркин Таштанов...
толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: