«02.14» ТОБУ КЫЗ ИЗДЕЙТ
№44202
Жанат, Мирлан, Эрлан аттуу 3 жигиттен турган “02.14” тобу көрктүү бололу деппи, айтор, учурда сулуу ырчы кыз издеп жүрүшөт. Ошондой эле бул топ “Продажная любовь” аттуу ырына клип тартып бүтүштү. Бул клипти www.super.kg сайтыбыздагы медиа-порталдан көрсөңүздөр болот.
толугу менен
ЖАЗГЫ ФЕСТИВАЛЬ КҮЛКҮГӨ МАС КЫЛДЫ
№442166
9-10-апрель күндөрү Спорт Ордосунда белгиленген Жазгы фестиваль ийгиликтүү өттү. «Тамашоуго» Кыргызстандын 7 дубанынан тамашакөй жигиттер биригип, ынтымакта оюн көрсөтүштү. Адатта, жаз кез – махабатка мас кез дейбиз. Буга кошумча бул күндөрү «Тамашоуго» келгендер күлкүгө да мас болуп кайтышты.
толугу менен
Мирлан Абдулаев: «КЫЙЫНСЫНГАН КЫЗДАРДАН КАЧАМ»
№44287
Кийинки кезде тасма горизонтунда пайда болуп, активдүү эмгектенип келе жаткан актёр Мирлан Абдулаевди «Уурунун махабаты», «Стоп-трафик», «Чыңгызхандын ак булуту», «Аят» тасмаларынан көргөнсүз. Сырдуу жигит, жакшы актёр, апасынын мээримдүү баласы, кыскасы, «красавчик» Мирлан өзү тууралуу баяндайт.
толугу менен
ЭЛ ЭСИНДЕГИ ЭСКИ КЛИПТЕР
№44234
Жаштыгыбызды, балалыгыбызды эске салып, көргөн сайын жагымдуу маанай тартуулаган клиптер бар. Бул клиптерди кимдер тартканы, канча каражат кеткени баарыбызга эле кызык болсо керек.
толугу менен
ДАНИЯР ЭРМАТОВ
№44203
Учурда ким көп, ырчы көп. Ошолордун катарында “талантымды элиме арнасам” деген жакшы тилеги менен редакциябызга баш баккан Данияр Эрматов менен маек курдук.
толугу менен
САНДЫКТАГЫ БИЛИМДЕР
№44213
Учурда Жер шарындагы калктын 4 миллиардга жакыны сабаттуу деп эсептелинет экен. Алардын арасынан ар тармактан билим алып, бир эмес, бир нече диплом, сертификаттарга ээ болгон кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүн да кездештирүүгө болот...
толугу менен
МИРБЕККЕ ЖОЛ АЧЫЛДЫ
№44122
9-апрелде Мирбек Атабековду агасы жеңелүү кылып, учурда ырчыбыз “кезек мага келди” деп билек түрүп турган кези. “Жеңелүү болгон сонун турбайбы. Жеңемдин ысык чайын, даамдуу тамагын ичкенге ашыгып, үйгө кадимкидей шашып калдым”,- дейт Мирбек...
толугу менен
НАЗМИНИН НАРИСТЕСИ КЛИПТЕ
№44100
Ырчы Назми “Кызыма” деген ырынын клибине кызы Альбинаны жана апасын кошуп тартты. “Кызымдын актриса болчу түрү бар. Съёмка учурунда керектүү жерден ыйлап, керектүү жерден уктап да берди”,- деп сүйүнөт ырчы. Назминин бул клибин www.super.kg сайтындагы Медиа-порталдан көрүп, баа бериңиздер.
толугу менен
СТУДЕНТТЕРДЕН КАЙРЫМДУУЛУК КОНЦЕРТ
№44127
“Манас” университети 21-апрель күнү Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Жазгы шаң” аттуу кайрымдуулук концертин уюштурууда. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жаштардын демилгеси айкалышкан бул концерт Гүлнур Сатылганова, Омар, Каныкей сыяктуу эстрада ырчыларынын коштоосунда өтмөкчү...
толугу менен
ГҮЛНУР-ЭРНЕСТ ТАНДЕМИ «АСМАНДЫ» ЖАРАТАТ
№44110
Гүлнур Сатылганова эжекебиз илгери жеңил-желпи ырларды ырдаган чыгар. Бирок акыркы жылдары санга эмес, сапатка абдан маани берип, жалаң салмактуу ырларга басым жасап калганын билебиз. Уккан адамды кайдигер калтырбачу ошондой ырларынын катарын “Асман” аттуу жаңы ыры толуктады...
толугу менен
1-ОРУНДУ ӨҢӨРҮП КЕЛИШТИ
№44172
2-апрелде “Тамашоу” курама командасы Алматы шаарында өткөн Евразия суперлигасынын ачылышына катышып, 1-орунду өңөрүп келишти. Эгер бул команданын таланттары мын­дай күч менен кете беришсе, бат эле Масляковдун КВНинин жүзү болуп калышы алыс эместир. Ан­дыктан, жигиттер, чам­дагыла!
толугу менен
САНЖАР ТӨРӨГУЛОВДУН ҮНҮ ТАСМАДА
№44110
Жаңыдан шоу-бизнеске кадам таштаган Санжар режиссёр Ырыс Окенова тартып жаткан “Досумдун сүйгөн кызы” деген тасмага “Бакыт” аттуу ыр жаздырды. Ошондой эле бул тасмада “Мээримим” деген ыры да саундтрек болуп колдонулат экен. Балким, бул жигиттин багы ушул тасма аркылуу ачылып калар, ким билет...
толугу менен
НАЗИРА ЖЕТИГЕНОВА АКТРИСАЛЫКТЫ ТАНДАЙБЫ?
№44120
Назира “Жубайлар” деген тасмада Камчы Сарыбаевдин келинчеги болуп роль жараткан. Анда куудул айым ролун катыра аткарып салганбы, айтор, “Кыргызфильм” студиясындагы Шарип Нурматов аттуу режиссёрдун көзүнө илинип калыптыр...
толугу менен
АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА ООРУКАНАДА
№44130
“Дагы ким кол салыптыр?” деп сарсанаа болуп кеттиңизби? Көрсө, ырчы эжекебиз “чыгармачылык деп эле жүрө бербей, ден соолугумду да чыңдап алайын” деген максатта ооруканада дарыланып жатыптыр. “Буюрса, жакынкы күндөрү ооруканадан чыгам да, билек түрүнүп иштейм”,- деп билдирди КРнын Эмгек сиңирген артисти.
толугу менен
ЗАМИР КАЗАКБАЕВДИН БИЗНЕСИ...
№44110
Шоу-бизнес чөйрөсүндөгү инсандар башка тармактардан бизнес ачууну ойлошпойт го, кыязы. Дегеним, ди-джей мырза достору менен биргеликте шоу-бизнес тармагында иш алып баруучу медиа борбор ачып жатыптыр. Бул борбор “Байсал Арт Медиа” деп аталып, видеоклиптерден баштап тасмаларга чейин тартуу кызматын аткарат...
толугу менен
«Версус» тобунун бийчиси Айпери: «РЭКЕТ КЫЗДАРДЫ САБАЧУМУН»
№441173
Учурда кайсы гана ырчы сахнага чыкпасын, артында чимириле бийлеген бийчи кыздарды көрөсүң. Алардын катарында Айпери деген сулуу да бар. 15 жылдан бери бий дүйнөсүндө жашап, мындан сырткары окуучуларга өз өнөрүн үйрөтүп келе жаткан Айпери бизде конокто.
толугу менен
Бир бүркүм... КУМАР АСАНОВГО КИМ ЖОЛДОМО БЕЛЕК КЫЛДЫ?
№44100
КРнын Эмгек сиңирген артисти Бермет Байкелова быйыл 50 жашта. Буга удаа эле чыгармачылыгынын 25 жылдыгына арнап 21-апрелде филармонияда концерт берем деп жүргөн кези...
толугу менен
БЕКХЭМ КИМ МЕНЕН СОТТОШОТ?
№44100
2010-жылы күз айларында “In Touch Weekly” журналында “Атактуу футболист Девид Бекхэм сойкунун кызматынан пайдаланган” деген макала жарык көргөн. Ушул макаланын тегерегинде бир топ ызы- чуу болгон. Натыйжада Девид журналды сотко берген...
толугу менен
СВЕТЛАНА ЛОБОДА КӨЗ ЖАРДЫ
№44100
“ВИА Гра” тобунун экс-ырчысы Светлана Лобода 9-апрелде көз жарды. Ырчы акыркы күндөргө чейин кош бойлуулугун жашырып келген эле. Ай-күнүнө жетип калганда гана баланын атасы хореограф Андрей Царь экенин коомчулукка жар салган...
толугу менен
БИКБАЕВ МЕНЕН МЕЛАДЗЕ ЭМНЕНИ ТАЛАШЫШАТ?
№44100
Продюсер Константин Меладзе жана “БиС” тобунун экс-ырчысы Дмитрий Бикбаевдин ортосун кара мышык аралаган. Учурда Меладзе топто ырдалган ырларды Бикбаевдин аткарып чыгуусуна тыюу салды. Эгер аткара турган болсо, ал автордук укугунан пайдаланып сотко арыз менен кайрыларын жашырган жок...
толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: