p

28-июль, 1977-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы “Ата Мекен” фракциясынан депутат Ширин Айтматова төрөлгөн

Кыргызстан
Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Ширин Айтматова Москва шаарында төрөлгөн.
1997-1999-жылдары Брин Моур колледжинин бакалавр даражасын бүтүргөн. 1998-жылы Япониядагы Эл аралык КРС япон тили боюнча окуу жайынан билим алган. 2001-2003-жылдары Нью Скул университетин гуманитардык илимдер боюнча бүтүргөн. Ал эми 2004-2006-жылдары Сара Лоуренс колледжинен магистрлик даражасын (көркөм жазуу адистиги боюнча) алган. 
Эмгек жолун 1998-жылы Орусиянын парламентинин депутаттарына англис жана француз тилдеринин синхрондук котормочусу болуп иштөөдөн баштаган.
2001-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Жакырчылыкты жеңүү боюнча өнүктүрүү программасынын кенже консультанты, 2002-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты изилдөө фондунун ассистенти, 2003-жылы эл аралык Айтматов фондунун “Дебют” долбоорунун түптөөчүсү болгон. Ал эми 2005-жылы АКШдагы Марта Валле орто мектебинин мугалими, 2007-жылы Борбордук Азиядагы Америка университетинин көркөм адабият мугалими болуп эмгектенген. 
2010-жылдын ноябрь айынан тартып "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты жана Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон. 
  (49 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: