|
|
p
2-август, 1981-жылы V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева төрөлгөн
V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 2003-жылы Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин кызыл диплом менен бүтүргөн. Эмгек жолун 2003-жылы А.Тангатаров атындагы интернат-гимназияда кыргыз тили мугалими болуп иштөөдөн баштаган. 2003-2006-жылдары - Ош мамлекеттик университетинин аспиранты. 2004-2007-жылдары Ош облустук билим берүү башкармалыгында алдыңкы адис болуп иштеген. 2009-жылы "Биз биргебиз" аттуу коомдук уюмду негиздеп, республиканын деңгээлинде жаштарды бириктирип, бир топ иш-чараларды жасап келген. 2010-жылы “Жаштар демократиялык партиясы” саясий партиясын негиздеп, анын төрайымы болуп, Кыргызстандагы коомдук, экономикалык, саясий жана маданий иштерге активдүү катыша баштаган. 2010-жылдын 10-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү.
(45 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |