|
|
p
3-август, 1979-жылы Канадалык актриса Николь Эванжелин Лилли туулган
Канадалык актриса Николь Эванжелин Лилли Альберта провинциясында Форт-Саскачеванда туулган.
“Тирүү калуу” сериалына тартылардан мурун стюардесса, официант болуп иштеген. Окуусунун акчасын төлөө үчүн жарнамаларга тартылып, моделдик иш менен алектенген. 2003-жылы ал "Фредди Жейсонго каршы", "Смолвильдин сырлары", 2004-жылы "Падыша ооруканасы" тасмаларында эпизоддук ролдорду жараткан. Чыныгы актёрдук талантын "Тирүү калуу" сериалында көргөзө алган. Бул тасмадагы ролу үчүн 2004-жылы "Entertainment Weekly" журнал тарабынан "Breakout Stars 2004", 2006-жылы "Алтын глобус" номинацияларына талапкер болгон. 2009-жылы L’Oréal компаниясынын жүзү болгон. 2013-жылы Питер Жексондун "Хоббит: Смауг бош жери", 2014-жылы — "Хоббит: Беш аскердиктин согушу" тасмаларында Тауриэль аттуу эльфтин ролун жараткан. 2015-жылы "Кумурска-адам" аттуу тасмада башкы ролдордун бирин жараткан.
(47 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |