p

23-сентябрь, 1923-жылы акын жана котормочу Түмөнбай Байзаков туулган

Кыргызстан
Акын жана котормочу Түмөнбай Байзаков Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Бөкөй айылында туулган. Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайында окуп жаткан жеринен Грозный шаарындагы аскердик окуу жайына жөнөтүлгөн. Андан согушка кетип, оор жарадар болуп өз жерине кайтып келген. Айылдарда мугалим болуп иштеген. Кийин КМУнун филология факультетин бүтүргөн. Сузактагы райондук гезитте редактор, Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиялык мектепте окутуучу, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи, кыргыз адабияты боюнча Москвада адабий кеңешчи, "Кыргызмамбас" системинде түркүн кызматтарда иштеген. 
1946-жылдан баштап ырлары чыга баштаган. Анын "Паризат" аттуу ырлар жыйнагы 1958-жылы жарык көргөн. Кийин анын көптөгөн ырлар жыйнагы кыргыз жана орус тилдеринде, котормолору өзүнчө китеп болуп чыккан. Барпы Алыкуловдун ырларын жыйноодо анын чоң салымы бар. 
А.А.Фадеев атындагы адабий сыйлыкка ээ болгон. Ата Мекендик согуштун I даражадагы ордени, көптөгөн медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
1993-жылы 70 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.
  (103 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: