|
|
p
23-сентябрь, 1861-жылы немис инженери, ойлоп табуучу Роберт Бош туулган
Немис инженери, ойлоп табуучу, "Robert Bosch GmbH" компаниясынын негиздөөчүсү Роберт Бош 1861-жылы 23-сентябрда туулуп, 1942-жылы 12-мартта 80 жаш курагында көз жумган.
Роберт Бош үй-бүлөдө 12 баланын 11-си болгон. Ал Ульмс мектебинде билим алып, кийин устанын жардамчысы болуп жумушка орношкон. 1881-жылдан тартып өз ыктыяры менен аскер кызматын өтөгөн. Роберт Бош 1886-жылы 15-ноябрда Штутгартта өзүнүн ишканасын ачып, "Электротехника жана так механиканын устаканасы" деп атаган. Алгач ал электр жабдыктарын чыгарган.
(165 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |