|
|
p
29-сентябрь, 1955-жылы Акын Бактыгүл Чотурова туулган
Акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыктын ээси Бактыгүл Чотурова Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Жыгач айылында туулган.
Бактыгүл Чотурова 1972-жылы ошол эле айылдагы "Кызыл-Жазы" орто мектебин бүтүргөн. 1979-жылы Кыргыз Улуттук университетинин филология факультетин аяктаган. Мугалимдик кесипте бир нече жылдар бою эмгектенип, 1990-1995-жылдары Токтогул райондук "Учкун" гезитинде кабарчы, бөлүм башчы болуп иштеген. 1996-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадио корпорациясынын "Манас" студиясында редактор, ал эми 1997-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Туусу" гезитинде кабарчы, бөлүм башчы болуп эмгектенген. Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |