p

12-октябрь, 1933-жылы акын, сатирик Жапаркул Алыбаев туулган

 
Кыргызстан
Акын, сатирик Жапаркул Алыбаев Чүй районундагы Бириккен айылында туулган. 1947-жылы айылдык мектептин 7-классын бүтүргөндөн кийин, 1947-1950-жылдары Фрунзе шаарындагы педагогикалык окуу жайында окуган. Окуусун аяктаган соң 1951-жылга чейин мугалимдик кесипте иштеген. Ал эми 1951-1956-жылдары Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик университетинде окуп, филология факультетин ийгиликтүү бүтүрүп чыккан.
1956-1965-жылдары - “Чалкан” журналына адабий кызматкер, Ош областы боюнча кабарчы;
1965-1968-жылдары - Ош областтык “Ленин жолу” гезитинин адабий кызматкери;
1968-1969-жылдары - “Кыргызстан маданияты” жумалыгынын адабий кызматкери;
1969-1972-жылдары Кыргыз Совет энциклопедиясынын башкы редакциясында тил жана адабият боюнча ага редакторлук милдет өтөгөн.
Ж.Алыбаевдин чыгармалары 1954-жылдан тарта республикалык гезит-журналдарда үзгүлтүксүз жарыялана баштаган. Ал 7 ыр жыйнактын автору. Акындын ырлары орус, украин, беларусь тилдеринде жана Чехословакиянын Братислава шаарында чыгуучу “Рогач” журналында словак тилинде чыккан “Крокодил”, “Украина”, “Вожик” журналдарында басылган.
Жапаркул Алыбаев 1958-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1970-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
  (93 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: