|
|
p
19-октябрь, 1966-жылы V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева туулган
V чакырылыштагы КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоева Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1989-жылы Ташкенттеги Текстиль жана жеңил өнөр жай институтун “трикотаж өндүрүшүнүн инженер-технологу” адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун орто мектепти аяктагандан кийин “1-Май” атындагы фабриканын тигүүчү-мотористтигинен баштаган. ЖОЖду аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы СССРдин 60 жылдыгы атындагы Трикотаж фабрикасынын №3-филиалынын сокмо цехинин технологу болуп иштеген. 1991-жылдан тартып фабриканын башкы өндүрүшүнүн стандартташтыруу боюнча инженери, 1992-жылы Кыргыз-Кытай бирикмесинин сокмо цехинин башчылыгына дайындалган. 2002-жылдан тартып “Карек” коомдук бирикмесинин директору болгон. 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн Идеологиялык иш жана коомчулук менен байланышуу боюнча бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. 2010-жылдын октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин мүчөсү.
(60 жыл мурун)
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:
| |