p

22-октябрь, 1929-жылы Советтик чыгаан дарбазачы Лев Яшин туулган

Дүйнө
Советтик чыгаан дарбазачы, расмий эмес түрдө футбол тарыхындагы эң мыкты дарбазачы Лев Яшин Москвада жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Бала чагы согуш мезгилине туш келип, Москва шаарына жакын жердеги Тушинодо слесарь болуп эмгектенген. Жумуш күнү аяктаганда эле заводдун футбол талаасына шашчу. Алгач чабуулчу болгусу келген. Бирок биринчи машыктыруучусу Н.Лариончиков Лев Яшинди дарбазачы кылууна максат кылып, көп убакыттан кийин ынандырган. Кийин армия кызматын өтөп келгенден кийин "Динамо" спорт клубуна барган. Ал жерден А.Чернышев байкап, 1950-жылы чеберлер арасына кошкон. Ошондо эле Яшиндин мыкты дарбазачы болорун баамдаган. Кийин үч жыл катары хоккейде күчүн сынап көргөн. Бирок "футбол менин спортум, анын ичинде дарбазачы болуу мен үчүн чоң сыймык" деп чечим чыгаруу менен футболго биротоло келген. Лев үчүн 1963-жыл бактылуу жылдардан болуп, "Алтын топ" сыйлыгына дарбазачы катары ээ болгон. Ошол жылдары өзүнүн "Динамо" командасында 27 оюнда араң 6 гана топ киргизген. СССР курамында 75 жолу оюнда дарбазада турган. 1972-жылы 27-майда 43 жашында топ менен коштошкон.
Легендарлуу советтик дарбазачы Лев Яшин 1990-жылы 20-мартта 60 жаш курагында оорудан улам көз жумган.
  (97 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: